Предыдущая публикация
Көктөмүмсүң,бүт аалам төгүн десин,
Көөнөрбөгөн,өчпөгөн жаштыгымдай
Көк чалкыган шооламсың,төгүлбөсүм.
Жер,асмандай беттешкен бирикпесим,
Желмаяндай,жер жарган дүбүрттөшүм
Жедеп танып дүйнө-өмүр кетсе дагы,
Жеке өзүңдөн жүзүмдү үйүртпөсүм.
Желдей учкан дулдулга жеткирбесим,
Жер титиреп,сел жүрсө,серпилбесим.
Жерип турган бөлөктү сезимдерге,
Жетимиш жыл бороондо жел тийбесин.
Жаңдап туяр көөдөндүн көнөктөшүн,
Жай саратан аптапка өңү өчпөсүм.
Жалмай каптап жел-куюн келсе дагы,
Жалын сымал сезимдин деми өчпөсүн.
Жамгыр сымал жаа огун өткөрбөсүм,
Жалган дүйнө, чын дүйнө бөскөрбөсүм.
Жандап учкан канатташ ак куудайым,
Жаманыңды жаңылып,көз көрбөсүн.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 78
Талаалаган ойлорго агылбасым.
Омур отуп, кун бутуп, суум тугонуп
Откучокту озумдун жанымдасын...
Озун менин озгого кыйбасымсын
Откучокту омурум бир сени деп
Жашап отом жолумдан жанылбасым.