Жаратканга егер укса кылаар елем кайрылуу
Не себебтен адамдарга берди екен кайгыруу
Кайгыруунун эн азабы кагылайын адамзат
Ата-Ененин жер кучактап баласынан айрылуу.
Балекетин алсам болмок садагам
Еркелетип мен козунду карагам
Кудайымдан сурар елем мин ирет
Ата-енени айрыбасын баладан.
Кээде озумду куноолоймун тилдеймин
Ойлономун куноом кайсы билбеймин
Сени узаткан кундон бери азаптуу
Айсыз калган капкарангы тундоймун.
Кыздарымда журсок дагы кубанып
Еске тушсон онум калат кубарып
Ежелерин Ека менен Елнуга
Кудайымдан бакыт тилейм суранып.
Ежелерин жетсе деймин ойлоруна самаган
Аман болсун Илиясым ел ишине жараган
Жараткандан жалынып мен таазим кылып суранам
Ата- енени айрыбасын еч убакта баладан
Турция 16.08.2016.саат 15.13.
Р.Kуруч.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 34