Бугун бир азыраак мусулман адамдын адеп ахлагы тууралуу кеп козгосок. Келиниздер таарынбай,тултуйбай,мени жаман корбой ар бирибиз оз ичибизден кандай адам экенибизге, кимге кандай мамиле кылып жатканыбызга ой жугуртуп королу. Албетте мен сиздерди орой же дагы бир жаман кулк муноз ээси деп каралай албайм. Бирок рахматы Чубак ажы Жалилов устазыбыз айтмакчы соз ээсин табат. Жоолук салынса эле болду касиеттуу болуп кеткенсип, башкаларды озунон томон коруп чардайып басып жургондор жокпу арабызда? Бар! Коп! Сакал койсо эки уч хадис жаттаса болду тим эле Кудайга кол бергенсип, марчайып, озунон башканыкын кабыл албай дардайгандар жокпу арабызда? Бар! Коп! Уят! Пайгамбарыбыз эмне деди эле? Пвйгамбарыбыз айткан: Унчукпаган дааватчы болгула! Бул эмне деген соз!? Бул деген инсандын баскан турганында, жашоо образында улгулуу журум турум ээси болуусу керек деген бир теория ! Демек сен жоолук салын, намаз оку деп какшап айтып озун окубасан, айтканын ушак айын, жургон турганын исламга каршы келсе жоолугундан, айткан созундон эмне пайда? Унчукпаган дааватчы болгула! Сизди коруп адамдар атаганат Ислам деген чыныгы маданияттын туу чокусу турбайбы, канакей эми ушул инсандай болсок дебесе анда сиздин журум турумунузда, адеп ахлагынызда катакерлик бар! Асмандан тушкондой болбой жакшыраак суйлонуз. Назигиреек болунуз! Канчалык Ислам журоко кирген сайын адам озгоруусу керек! Жумшак, ийилгич,туура суйлогон адамдарга жалан гана жакшылык каалаган, дайым жылмайып жургон такыба Адам болууну Ислам бизге жуктойт. Кээ бироону карасан жон эле аалым, оолуя( аулия) болуп кеткен десениз. Жон эле илебине нан бышат. Озунон башкалардын баары бузук бир жолдо ,адашкандар.... Бул нерсени Пайгамбарыбыз текеберчилик деген! Бул сыфатты жойгула дебеди беле! А бизде ото онугуп кеткен сыфаттардын бири текеберчилик,риякорлук, Эл корсун деп жашап ,Эл корсун деп амал кылабыз! Тим эле ыйык болуп кеткенбиз. Озубузду ондосок аалам онолот! Демек озубуз онололук! Сылык бололу! Дегинкиси унчукпаган дааватчы бололу! Адамдар бизди коруп Исламды суйсун! Бизди коруп онолгонго аракет кылсын!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 11