1. Эрте тур (5-6да)
2. Кайсыл убакта жатпагын, бир убакта турганды үйрөн
3. Башка суусундуктардын ордуна жөн гана суу ич, көбүрөөк (1,5 -3 л)
4.Күнүңдүн шүгүр менен башта
5. Ар күнүңө план кой
6. Ачык абада көбүрөөк сейилде 30-60 мүнөт
7. Тамактан кийин 5-10 мүнөт өтүп суу ич(чай)
8.Арзууларыңа ишенимдүү бол
9. Дене-тарбия менен машык
10. Иштеп кумар алганды үйрөн
11. Өзүңө ишен
12. Көбүрөөк Терең терең эс ал
13. Мактап койсо сүзүп кетпе, айрыкча досторуңдун жанында
14. Эсте тут; кандай гана жакшы нерсе(сооп) кылбагын, жаман көргөн адам табылат.
15. Кээде өзүңдү баладай тут, азыраак тентектик кыл.
16. Ададар менен эң биринчи учураш жана күл. Бир гана ийгиликке жеткен адамдар гана башка адамдар менен мээрим бөлүшөт
17. Эч бир адамды өзгөртүүгө мажбур кылба. Айланаңдагы адамдарды өзгөртүрүүгө аракет кылуу -туура эле кайгы жана муңга жетектейт.
18. Сенин аткарып жаткан ишиңе, көргөн адамдар жамандап баштаса, ага көңүл бурба
19. Ачууң(жиниң)келип турган учурда -чечкиндүү болбо.
20. Жалгызсыңбы?. жалгыздыктан кумар ал
21. Ийгилигиң жана бактылуу убактарың тууралуу күндөлүк ач.
22. Башканын ийгиликке жетпей калганы тууралуу ушакташпа
23. Жашоо сеники -башкалар эмес өзүң каалагандай жашоо өткөр.
24. Түшкү тамакта(түнкү же танкы да) телевизор өчүк болуусу абзел. Тамак учурунда телефондун экранынан баш көтөрбөй олтурган адамдын ата-энеси туура тарбия бербегенге жатат.
25.Бухгалтерден жана адвокаттан бизнес тууралуу кеңеш сураба. Алар көйгөйдү көрүп, ошонун үстүндө иштеген адамдар. Алар башкаларга 70-80% туура эмес жол көргөзүшү мүмкүн.
26. Жакын адамыңа ар-дайым экинчи мүмкүнчүлүктү бер, бирок үчүнчүсүн эч качан бербе.
27. Кайсыл кагазга (документ)кол койбогун, таза окуп чыгып ал. Андагы чоң тамгалар менен жазылган сөздөр сага керектүү, а майда тамга менен жазылган сөздөр аларга сенден алуучу керектүү сөздөр.
28. Сага иш берип, айлык төлөгөн адамды ушактаба. Эгер кемчиликтерди көзүнө айталбасаң, анда жумушуңду өзгөрт.
29. Тирүү жана өтө маанилүү маек учурунда, телефонго конгуроо келгенде өчүрүп коюу абзел.
30. Тааныбаган адамдардын жанында досуң же тууганың менен бизнесиң тууралуу угузуп сүйлөбө. Билбейсиң сени кандай адамдар угуп жатканын...
31. Акчалай көйгөйүңдү бай адамдын жанында же өзүңдөн кедей адамдын жанында сүйлөбө.
32. Эгер досуңдан карызга акча алсаң - акчаңды да, досуңду да жоготуп алыш коркунучу бар.
Ватсапп группабызга кошулуу учун 0220162036 номерине жазыныз
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев