Илгери илгери бир айылда өтө ынтымактуу жашаган абышка кемпир болуптур. Ал экөө канча жылдан бери турмуштун оош-кыйышын бирге көтөрүп келетса да бири-бирине катуу айтпай, ороңдоп сүйлөбөй жашашкан имиш. Катуу айткан мындай турсун, алар бири-бирин ушул жашка чейин аяп, кадырлап турушчу экен. Ашынган бай да болушпаптыр, жалдыраган жакыр да болушпаптыр. Күнүмдүк оокаты өткүдөй бир эки жандыгы, кичинекей жери болуптур. Ошону менен алар «ашыбыз да, кайгыбыз да аз» деп жыргап жашай беришчү экен.
Кыскасы ушундай бактылуу күнөрдүн биринде эртең мененки нанүштөдөн кийин чалы туруп бир жакка даярданып калат.
- Э абышкам, - дейт кемпири. – Жасанып алып кайда баратасың?
- Байбиче, базарга барып келейин, - дейт абышкасы.
- Базарга дейсиңби? Базарга эмнеге барасың?
- Бу биздин атты сатып келейин. Эми бизге кереги деле жок го, - деди абышка.
«Аа туура айтат. Эми атты кимибиз минет элек. Жоо чаппаса, жылкы качпаса» деп ойлонот кемпири. Анан абышкасына карап,
- Туура айтасың байым. Деги сен баарын туура ойлоносуң, - деп жылмайып койду. Абышкасы да жаркылдап жылмайып жооп берди. Ичинен «Атты сатсам байкуш кемпириме бир сонун көйнөк ала келбесем. Көңүлү күндөй жаркылдап, кабак-башын ачсын. Эли-журтка көрүнүп, жарк-журк этип бассын. Ичи күйгөн кемпирлер, туздан жалап жатсын» деп ойлонду. Анан үнүн шайдоот чыгарып,
- Сен дагы оңой эмессиң байбичем. Тамактардын сонунун жасайсың го чиркин. Азыркы тамагың да өтө даамдуу болуптур, - деп ыраазычылыгын билдирди.
Байбичеси абышкасынын бул кебине жаш баладай кудуңдап, жыргап калды.
- Аш болсун абышкам. Андан көрө айтчы, кечкиге эмне жасап койойун? Эмне тамак каалайсың? – деп сурады ал.
- Билбейм, ай кемпирим. Жаңы эле курсакты кампайттык, эми кайра кечки тамакты ойлой аламбы?
- Макул анда. Сен ойлой албасаң мен ойлойун. Кечкиге сонун кылып оромо жасап койойун ээ?
Абышка оромо дегенде кубанып кетти.
- Оо, көк пияздан буркурата кошуп туруп ээ. Баракелде кемпирим. Оромодон кийин бир аяк сүзмөнүн чалабы болсо, охх-оой!.. деп баркылдады ал.
Анан ордунан туруп кийине баштады. Кемпири өтүгүн даярдап, чапанын үстүнө жапты. «Жолдо шашпай басып, кыйналбай жет» деп кеңешин берди. Абышка кийимин кийип, атын жетелеп короодон чыгып баратып,
- Жакшы тур кемпирим! – деп заңкылдады.
Эшик алдында узата карап турган кемпири абышканын артынан кол булгалаганча ичинен «Байкушум адамдардын эң асылы. Ар дайым жүрөгүмө эң жакыны. Эч качан капа кылып, катуу айтпады. Билейин мен да анын баа, баркыны» деп ойлонгончо колун булгап кала берди.
Абышка ошону менен атын жетелеп базарды көздөй жөнөдү. Базарга жете берээринде кой жетелеп бараткан бирөөнү көрдү. Шашылып базарга баратканына караганда анын да коюн сатаары белгилүү. Абышка аны карап ойлоно баштады. «Карачы кандай жүндүү, семиз кой. Турган турпатына караганда сүттү да жакшы берсе керек. Эгер бул койду үйгө алып барсам кемпирим экөөбүз жуурат ичип жыргап калат элек. Байкушум жүнүн ийрип, байкап түйүп кийет эле. Андан ашса мага чепкен тигет эле.» Ушуларды ойлоду да койду атка алмашып алууну туура көрдү..
- Балам мени карачы, - деди ал кой жетелеп бараткан кишиге.
Берки абышканы карап токтолуп калды.
- Мага айтып атасызбы?
- Ооба, балам. Байкашымча сен бул койду сатканы баратат окшойсуң. А мен болсо мобул атты сатканы баратам. Эми экөөбүз тең сата турган болгон соң бир жакшы иш кылбайлыбы? Ал жакка барып убара болбой эле ат менен койду алмаштырып албайлыбы, кандай дейсиң?
Берки жигит таң калып калды.
- Ат менен койду дейсизби? Бул атыңыз менин коюман кымбат да, - деди ал оозун ачкан бойдон.
- Ой мага анын баасы деле маанилүү эмес. Мага эми анын кереги деле жок. Ансыз деле сатканы баратам. А бул кой болсо мага пайдалуу болчудай.
Жигит бир аз ойлонуп калды. Чын айтып атабы дегенсип абышканы бир саам суроолуу карады. Анан «Алмашса алмашып ийейин. Өзү ошону каалап аткан соң. Атты кааласам минем. Кааласам сатып ийем» деп ойлоду. Койду жиби менен карматып, атты жетелеп кетти. Абышка койун жетелеп кудуңдаган бойдон үйүнө жол алды. Бирок ал көп деле жүргөн жок. Алдынан барпайган семиз каз көтөргөн бир киши чыга келди. Абышка казды көрүп дагы ойго батты. «Оо, карачы кандай сонун каз. Мындай семиз каз чанда чыгат го чиркин. Үйгө алып барып, чоктун табына кызарта кактап жесең атаганат. Шилекейди куюлткан тамак болот дейсиң. Айрыкча кемпирим каздын какталган эти дегенде жантыгынан жата калат эмеспи. Кой муну алайын да ага кызарта кактап берейин. Деги бу канчага сатат болду экен?» деп ойлонду. Анан үнүн бир аз бийигирээк чыгарып, тигини чакырды.
- Ээ тууганым токтой турчу.
Каз көтөргөн киши токтоло калды.
- Мени чакырдыңызбы ата?
- Ооба, ооба, сени чакырдым. Э балам, алдагы казыңды менин коюма алмашасыңбы?
Тиги киши делдирей түштү бир саам.
- Койду казга дейсизби? Кантип алмашаманы? Же үстүнө кошуп бергидей акчам жок да.
- Ой акчаңдын кереги жок. Мен башма-баш эле алмашам. Мага казың жагып турат, - деди абышка жакындай келип.
Каздын ээси дагы эле эсине келе албай турду. Бирок жок да дей алган жок. Акырын колтугундагы казды берип, койдун мойнундагы жибин кармады. Бирок көзүн алайткан бойдон абышкадан алган жок. Ал тургай абышка макулдашып колун кыса кармаганда да көзүн албай, оозун кыбыратып тура берди. А абышкага эмне. Каалаган казына жетсең соң үйүнө тезирээк жетип кемпирин кубанткысы келип жолго чыкты. Казын колтуктаган бойдон бир көчө өтө бергенде алдынан бир себет кыпкызыл алма көтөргөн бала чыга келди. Байкуш абышканын көзү баланын алмасына кадалды.
«Карачы атаңгөрү, кыпкызыл болуп эзиле бышкан алмалар экен! Бахх... жыты да буркурап турсат го чиркин! Кап, ушул алманы кемпириме алып барып берсем, байкушум тим эле көктөн кут түшкөндөй кубанбайт беле. Я, казды алмаш десем алмашаар бекен?» Абышка ушунтип ойлоду да, казын бир карап, алмаларды бир карап алды. Анан балага үн салып бери чакырды. Ийрелеңдеп себет көтөрүп бараткан жаш бала тепеңдеп чуркап абышканын алдына келди.
- Мени чакырдыңызбы ата?
- Ооба, балам сени чакырдым. Балам айтчы, бул алмаңды кайда алып барасың?
- Базарга.
- Сатасыңбы?
- Ооба.
- Базарга сатпай эле менин казыма алмашпайсыңбы?
Бала эмне дээрин билбей ойлоно түштү. «Каз алмадан кымбат турат. Үйдө ансыз деле алма көп. Кой, алмашайын» деди ал.
- Алмашам, - деди ал дароо. Ошентип абышка менен бала алманы казга алмашты да, экөө тең кудуңдаган бойдон өз жолдоруна түшүштү. Абышка бир себет алмасын көтөргөн бойдон үйүнө жөнөдү. Бир аз баскан соң шаардын чайканасына туш болду. Бир чыны чай ичип, суусунун басып алмакка кирип жайланышып отурду. Күн түшкө маал болуп ысып тургандыктан, чайканага киши толуп калган экен. Аңгыча сырттан келишкен мырза жигит келип орун таппай абышканын жанына жайланышты. Экөө ортого бир чөөгүн чай алдырып коюп кобурашып отуруп калышты.
- Базарга баратасызбы? – деди мырза жигит.
- Жок базардан келетам, - деди абышка.
- Алма сатып алдыңызбы?
- Жок казга алмашып алдым.
- Казга дейсизби?
Аз жерден чайга какап кала жаздады жигит. Абышка борсулдай күлүп болгон окуяны баштан аяк айтып берди. Жигит улам башын чайкап ишене албай угуп отурду. Анан абышкага боору ачыгансып,
- Э ата, эми үйгө кантип барасыз? Бир килейген атка бир себет алма алат деген эмне? Кемпириңиз жер-жебериңизге жетип кууруйт го сизди. Байкушуңуз толгон токой оокат алам деп күтүп отурса керек да - деди.
- Эмнеге кууруйт эле. Сүйүнүп эле тосуп алат. Алманы аябай жакшы көрөт ал, - деп жооп берди абышка шашпай.
- Ой коюңузчу. Ошончо атка бир себет алма алып баратсаңыз кантип урушпасын? Урушмак тургай бышырып жебейби.
- Ой эмнеге урушмак эле. Карачы кандай сонун алмалар? Байкушум тим эле жыргап жейт да буларды.
Ошентип отуруп экөө талашып кетти. Мырза жигит абышканын кой дегенине болбой бир капчык алтынга мелдешем деп чыкты. Абышка анын утулаарын билип, кой деп койдура албады. Акыры,
- Айланайын балам менде алтын жок сени менен мелдешкидей, - деп да көрдү. Бирок өзүнө ушунчалык ишенген мырза анын жок дегенине да караган жок.
- Мейли. Алтыныңыз жок болсо, алдагы бир себет алмаңызды сайыңыз. Мен болсо бир капчык алтын сайдым, - деди ал. Абышка дагы эле жигитти аяды
- Кой айланайын. Алмамды кемпириме алып баратам. Анан калса алмага кантип алтынды баалап мелдешсин. Өзүңө эле убал болбойбу балам, - деп көшөрдү ал. Бирок жигит андан өтүп көгөрүп отуруп алды.
- Ата, сиз такыр кам санабаңыз. Менде алтын көп. Болгоун ушул мелдешти бир кабыл кылып коюңузчу, - деди ал.
Акыры абышка макулдугун билдирип, жигит менен кол алышты. Эми ыраазы болгон мырза абышканы шылдыңдай карап,
- Ии ата, сизди кемпириңиз кантип урушаарын кайдан көрсөм болот? – деп сурады.
- Жүрү үйгө, - деди абышка.
- Бара берейинби? – деп ого бетер жылмаңдады жигит.
- Ой бара бер. Кемпирим конокту аябай жакшы көрөт. Үйүбүзгө киши келсе тим эле кудуңдап калабыз. Анан калса бүгүн көк пияз кошуп сонун оромо даярдайм деген. Тим эле шилекейиң куюлат.
Ошентип экөө ээрчишкен бойдон абышканын үйүн карай жөнөштү. Жолду катар мырза жигит таң калып баратты. «Булар эмне деген адамдар? Ушунчалык кең пейил немелерби же акылынан айнып калышканбы? Же мен бир нерсени байкабай калдымбы?» деп мээси катты анын.
Бат эле үйгө жетип келишти. Кемпир экөөнү көрүп аябай сүйүндү.
- Келгиле, келгиле, - деп кудуңдап төргө өткөрдү.
- Бул жигит менен чайканада таанышып калдым. Аябай жакшы мырза экен, үйгө ээрчите келдим, - деди чал сыр бербей коногун тааныштырып.
- Ии, ырас кылган турбайсыңбы, - деп жайдары жылмайды кемпир.
- Ушинтип, чакыртпай келип калдым. Кечирип койуңуз, - деп сыпайыланды жигит дагы.
- Ой, койчу балам. Конок деген кут деп койот. Сонун тамак да даярдап койгом. Эч кыжалат болбо, - деди байбиче. Ушул убакта абышка көтөрө келген алмаларын кемпирине сунду,
- Карачы байбиче, сага эмне алып келдим?
- Ой-иий! Сонун алмалар го! Канчадан бери алма эле жегим келип атты эле, жыргатпадыңбы. Ырахмат, сага абышкам, чооң рахмат! - деди да жигитке карап, - Деги бул байкушум дайыма мени ойлойт да. Мен эмнени каалап турганымды айттырбай билет, - деп мактай кетти. Мырза жигит абышканы аягансып карап алып,
- Анысы жакшы деңизчи. Бирок, алманы кантип алганын сурабайсызбы? – деп койду. Байбиче «анын эмнесин сурайын эми?» дегенсип суроолуу карады да,
- Айтаар өзү деле. Кой, андан көрө мен тамак бышкыча чай бере турайын, - деп ашканага чуркап кетти.
Бир заматта булоолоно кайнаган чайдоосту көтөрүп кайра кирди. Ушул маалда конок абышканы «ии баштаңыз эми дегенсип» кабагын серпти. Абышка анын эмне дегиси келгенин байкап, кемпирине суроо салды.
- Э байбиче, тигил алмаларды кайдан, кантип алганымды сурабайсыңбы?
Байбичеси ошондо гана «ии мейли айтсынчы» дегенсип,
- Макул, айтчы абышкам, алмаларды кайдан алдың? – деп сурады.
- Анда шашпай угуп тур байбичем. Сага башынан айтып берейинчи. Эртең менен атты алып кетпедим беле. Ошондо жолдо баратып базарга жетпей эле бир кой жетелеген кишиге жолугуп калдым. Карасам жүндүү десең жүндүү, сүттүү десең сүттүү сонун кой экен.
- Ии, - деп коштоду кемпири ысык чайдан конокко сунганча.
- Анан мен анын коюна кызыгып, атка алмашалы деп сунуш кылдым.
- Алмаштыбы анан?
- Ооба да. Экөөбүз бат эле тил табышып алмашып алдык.
Кемпири аны угуп кайгырмак тургай сүйүнүп кетти.
- Оо, кандай сонун абышкам. Койдун сүтү кандай сонун. Майлуу дагы болот.
- Ии, мен да ошону ойлодум да. Жүнү да бар эмеспи. Жүнүнөн экөөбүзгө кийим токуйт элең.
- Токубай анан. Тим эле жып-жылуу кийимдерди токуйм да, абышкам.
Ушул жерден конок аралаша кетти.
- Токуганды койо туруп, ал кой кайда дебейсизби? – деди ал кудум оттун жалындап чыгышын күтүп жаткансып.
Кемпир аны элейе карап койду. «Анын эмнесин сурайм?» деген көз караш турду анын көзүндө. Анан күйөөсүнө карап,
- А кой эмне болду эле? – деди.
- Эми угуп тур байбиче. Мен аны жетелеп бери чыкканымда алдыман каз көтөргөн бир киши чыга келди.
Аялы беймарал гана коштоп отурду.
- Ии, анан?
- Тим эле балпайган семиз каз экен. Аны көрүп эле мага «бул казды чокко кызарта кактасам. Анан аны кемпирим экөөбүз бажакташа отуруп жесек» деген ой келди.
Аялы бул жолу да кубанып кетти.
- Ай-иий, абышкам. Ошону айтсаң ээ! Кандай сонун куйкалап жейт элек. Ортого көк пияз менен муздак чалап даярдап койсом, тим эле жыргап тойобуз го. Рахмат сага абышкам. Деги сен мени жыргатасың да дайыма, - деп кудуңдады ал.
Ушул убакта конок жигит дагы кепке кошулду.
- Угуп туруңуз апа. Аягына чейин уксаңыз. Тигине каз да келген жок. Сурабайсызбы каз кайда деп, - деди ал чыдамы кете.
- А каз кайда калды эле? – деп таңыркай сурады кемпир.
- Казбы? Казды жаңы эле колтугума кысып бери басканда колуна кып-кызыл алма көтөргөн бир бала алдыман чыкты. Тим эле сонун алмалар экен. Мен кургур алманы көрүп эле сени эстедим, байбичем. Ошондо «байкуш кемпирим алманы жеринен жакшы көрчү эле. Ошонун бир моокумун кандырайынчы» дедим да казды алмага алмашып жибердим. Мына ушундай болду алманын жайы, - деди абышка бейкапар.
- Ой рахмат байым. Дайыма мени ойлоп турганыңа рахмат. Дүйнөдө сендей алтын күйөө табылбайт го, - деп ыраазы болду кемпир. Аңгыча абышка конокту бир жылмая карап алып,
- Э кемпирим, айтчы, сен менин ушул кылганыма жиниң келген жокпу? – деп сурады.
Кемпир чочугансып,
- Кайдагыны айтасың да байым. Мага алма алып келгениңе да жинденмек белем, - деп жооп кайтарды.
- Бирок ойлонсоң, бир ат менен кетип, бир себет алма менен келдим.
- Эми ал ат ансыз деле бизге кереги жок болуп калбады беле.
- Кыскасы, мен туура эле кылдымбы байбиче.
- Туура эмей анан. Анан калса алма да жегим келип турду эле. Тим эле кызара бышканынан алып келген турбайсыңбы. Деги менин чалымдай күйөө эч кимде болбосо керек, ээ абышкам, - деп кубаттады байбичеси.
Ошентип экөө жыргап-куунап кобурашып отурушту. Мырза жигит болсо бир кызарып, бир бозоруп жаман болду. Абышка аны карап мурутунун астынан күлүп койду да, кептин нугун бургусу келгендей кемпирине суроо салды.
- Ии кемпир. Өзүңөн кеп салчы, кечке эмне кылдың?
Кемпири эми өзүнүн кечке эмне иш кылганын бежиреп сүйлөй баштады.
- Менби? Мени да ойлоп жүргөнүңө рахмат абышкам. Ушу кемпирим эмне кылып атат болду экен деп сен эле ойлойсуң да мени. Анда эмесе башынан айтып берейинчи. Сен кеткенден кийин үй-жайды жыйнап коюп, тоокканадан жумурткаларды чогултуп келдим. Анан камыр жууруп оромого жасаганга кам урдум эле, карасам үйдө көк пияз калбай калыптыр.
- Я де? – деп чочугансыды абышка. Кебетесинен кичине нааразылык пайда боло түшкөнсүдү анын. Мырза жигит муну байкай калып дароо кулак түрдү. «Ии, эми эмне болушар экен?» деп кымыңдады ал ичинен.
- Угуп тур абышкам. Шашпай угуп тур. Көк пияз жок жасалган оромо сага жакпасын билген жаным, «эми эмне кылсам?» деп алаканымды шак коюп эле тегеренип калдым. Аңгыча болбой сыртка тигил жылкычы Муса келип калыптыр антаңдап.
- Ал эмнеге келиптир?
- Сенин эртең менен ат жетелеп кеткениңди көрүп, ошону сурайын деп келиптир. «Сатканы алып кетти» десем «ээрин эмне кылдыңар?» дейт. Ансыз деле көк пияз таппай шашып жүргөн жаным, «айланайын ээри менен менин ишим эмне? Тамакка кошконго көк пияз таппай шашып жүрөм, кармаба мени» деп ылдый карай жөнөйүн деп баратып «Эми ат жок болгон соң ээрди эмне кылат элек?» деп ойлонуп кеттим. Анан карасам Муса кете турган болуп калган экен, «Ай Муса, мага бир тутам көк пияз таап бер, мен сага ээрди берейин» дедим.
Ушул жерден конок жигит ордунан тура калчудай козголду.
- Кандай дейсиз? «Бир тутам көк пиязга ээр берейин дедим», дейсизби?
Аял аны таң кала карап,
- Э ботом анан атты сатып ийгенден кийин ээрди эмне кылат элек? – деп сурады.
- Ии анан Муса таап келдиби көк пияз? – деп жыра сурады абышка.
- Ооба. Бир тутам көк пияз көтөрүп келген экен. Ээрди колуна карматсам сүйүнгөн бойдон кетти. Көк пиязды болсо буркурата туурап, оромого коштум.
Абышка кемпирине ыраазы боло,
- Баракелде кемпирим. Сен мени гана ойлоп, кам көрүп турасың да, - деп мактоого алды. Аңгыча кемпири ордунан күйпөлөктөп тура калып,
- Аа катыгүн менин оромом бышып калды го. Чыгарып келе калайын, силер кобурашып отура тургула, - деп кемпир ашканага кирип кетти. Ал кетээри менен конок абышкадан,
- Атаке, сиз эмне ачууланган жоксузбу? – деп шыбырай сурады.
- Эмнеге ачууланат элем, балам? Ачуулангыдай туура эмес бирдеме болдубу? – деп таң кала сурады кайра абышка.
- Ой тиги байбичеңиз килейген ээрди бир тутам көк пиязга айрыбаштап салыптыр го.
- Аа, аны туура кылыптыр. Көк пиязсыз оромо да болмок беле?
Конок эмне дээрин билбей далдырап отуруп калды. Ушул убакта бир табак оромону булоолонто көтөрүп кемпири кирип келди.
- Кана жеп көрчү абышка. Сен ойлогондой болуптурбу? Коногубузга дагы уят болбойбуз го буюрса, - деп божураганча табагын ортого койду ал. Абышка тамшана колун ушалап,
- Оох-х, карачы буркураган жытын. Мындай тамак жаман болбойт. Негизи эле сен жасаган тамак жаман болбойт, байбичем. Колуңа береке, - деп кубаттады.
- А бул тамактан кийин эмне жейбиз абышка, кана айтчы? – деди кемпири.
Абышкасы калп эле билбемиш болуп сурап койду.
- Ии, эмне жейбиз?
- Алма жейбиз абышкам, алма. Кып-кызыл алмаларды жейбиз...
Экөө ушунтип кожурашканча тамактана башташты. Конок болсо тамак желип бүткөнгө чейин унчукпай ой басып отурду. Бир маалда кемпир чалап эзгени ашканага кеткенде жигит чөнтөгүнөн бир капчык алтын сууруп чыгып абышкага сунду.
- Алыңыз ата, муну.
Абышка жылан көргөндөй чочуп артка кетенчиктеди.
- Кой айланайын балам. Мен жөн эле тамашалап койгом. Натыйжасы белгилүү нерсеге да мелдешчү беле?
Бирок конок көшөрүп туруп алды.
- Алыңыз ата, суранам, алып коюңуз!
Абышка эмне дээрин билбей калды. Алайын дейт бечераны аяйт, албайын десе тиги жалдырап турат. Ушунчалык жалдырады дейсиң, акыры чыдабай алууга аргасыз болду. Байкуштун көңүлү үчүн гана алды. Ошондо мырза жигит анын колунан кармап,
- Бүгүн силер мага үйрөткөн нерсе үчүн бергим келди муну. Мага бүгүн ушунчалык баалуу нерсе үйрөттүңөр, - деди ал көзүнө жаш алып.
- Кой айланайын антпе. Биз маданияттан алыс жашаган айылдыктарбыз. Сага окшогон шаардык мырзага биз эмнени үйрөтөт элек?
Конок дагы эле абышканын колун койо бербей бекем кармап отуруп,
- Мага бакыттын сырын үйрөттүңүз, атаке! Бакыттын сырын... – деди.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2