Предыдущая публикация
АЯЛДЫ СҮЙ
Бирөө мурун дем алган деп абадан,
Сен дем албай кое албайсын эч качан.
Менден мурун бирөө муну өпкөн деп,
Өппөй басып кете албайсын аялдан.
Көпкө узабай көз жумасың абасыз,
Так ошондой тагдыр күтөт аялсыз.
Аргасыздан моюнуңду сунасың,
Моюн толгоп кетүүгө али жан алсыз.
Абадан жут! Каалаганча канганча,
Аялды сүй акыл-эстен танганча!
Акмакчылык келбей коюу өмүргө,
Менден мурун жашаган деп жан канча...
Аба азайбайт көбөйөт дем алгандан,
Өпкөн сайын өң өзгөрөт адамдан.
Келесоолук келберсиген аялды,
Өбүшкөн деп беттен өөп калбаган.
Дагы дем ал! Абадан жут канганча,
Дагы аял сүй! Акыл-эстен танганча!
Сенден мурун аны эч ким өппөгөн
Сенден мурун дем албаган бир жан да!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 26
Асмандагы ай, жылдыздар да,
Аялдын ордун баса албас.
Ааламда аял калбай калса да.
Асылзат билсен баарынан.
Апакен, эжен, карындаш.
Ал гана эмес суйкумдуу.
Алган жарын ардактап.
Айта албат эч бир жан соз менен.
Асылдыгын аялдын ардактап.
Аял деп гана айтканда, маныздуу.
Артында создун негиздуу.
Жакшы аял,дудук болсон соз болот.
Жакшы аял турмуштагы бакытын..
Жакшы аялдар бактылууга туш болот.
Жаман аял,тууганынды кас кылат.
Алдындагы жайнап турган даамынды,
Жаман аял,жарым саатта таш кылат.