- Оо Жараткан, эртең мени жалган дүйнөгө жиберээриңди уктум, бирок мен ал жакка барууга даяр эмесмин, алсызмын, ал жерде кантип жашайм?
- Сен эч кабатыр болбо. Сени ал жакта периште сыяктуу бирөө күтүп алат, сени бардык кырсыктардан коргойт. Кечкисин ыр ырдап, күндүзү мээримин төгүп, көзүнүн карегиндей сактайт. Ошентип ал аркылуу бактылуулуктун жолуна түшөсүң.
- А мен мага сүйлөп жаткан адамдын тилин кантип түшүнөм?
- Ал сага дүйнө жүзүндөгү эң сүйкүмдүү, жагымдуу сөздөрдү айтып берип, сага сүйлөшүүнү жана пикир алышууну үйрөтөт.
- Оо кудуреттуу Кудай, сени менен сүйлөшкүм келгенде эмне кылам?
- Ал колунду ачып дуба кылууну да үйрөтөт.
- Жер жүзүндө жаман адамдар болгонун да уктум. Алардан мени ким коргойт?
- Албетте ал жакта сени коргоочу бар. Ал өз турмушу канчалык кыйынчылыкта болбосун, сени коргоого ардайым даяр болот.
- Оо боорукер Кудай, ал периште сыяктуу адамдын аты ким, ошону айтчы?
- Ага сен "АПА" деп, кайрыласың. Ал сени төрөгөн ЭНЕҢ
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 114