Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Кайын атам мени жаман көрөт деп ойлоп жүрсөм, кеп башкада экен
Кайын атам ар дайым бакырып сүйлөйт. Аны жакындан тааныбагандар корс деп ойлошу мүмкүн. Андай эмес, алтындан кем эмес сонун киши, болгону мүнөзү ошондой.
Мен ортончу баласынын аялымын. Кайын агам болсо үйлөнө элек. Кайним али жаш. Андыктанбир үйдүн эрке келинимин.
Биздин үй-бүлө тууралуу кино тартса болчудай. Ызы-чуу болуп жатып эле күнүбүз кантип өткөнүн билбей калабыз. Мисалы, кайын атам этти аябай жакшы көрөт. Кокус жилигин таппай калса, «Менин жилигимди ким жеди?» деп, таң эрте бакырып баарыбызды тургузат.
Кайын энемди, уулдарын аябай жакшы көрөрүн көздөрү айтып турат. Ошентсе дагы билгизбегенге аракет кылат. Эмнегедир, ба