Мирзиеев: " Ар бир адам жаңылышат. Аларга дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берип көрөлү, балким коом м-н аралашып, жашоого болгон көз караштары өзгөрүп, максат коюп келечекке умтулушса, ажеб эмес!"- деп, элинин алдында оор кылмыш м-н камалган жарандарын мунапыс м-н бошотту. Президент, бийлик түбөлүк эместигин билип, ар дайым алдыга умтулуу боюнча чиновниктерди артка кылчайбай, алдыга гана кадам таштоону айтып келет. Анткени артты карап өткөөл бийликтин катачылыгын издесе , өлкөнүн тагдыры, экономикасы таштай катып калуусун жакшы билчү. Ш.Мирзиеев алты жылда жасалган реформаны, алты айда гана жасап койду. Ал, эң биринчи экономика м-н саламаттыкты сактоо багытына көп көңүл бурду. Бир эле мисал: мамлекеттеги болуп жаткан кымбат опперацияларды арзандатып, чет өлкөого барып опперация жасагандарга тыйуу салды.
Ал сөзүндө " Эмне үчүн биз элди какшатып, оор опперациялар үчүн элди кыйнап, чет өлкөлөргө чыгарышыбыз керек? Эмне үчүн ошондой күчтүү врачтарды биз өстүрө албайбыз эмне үчүн? Тур! Министр сага бир ай мөөнөт мындан кийин биздин эл, чет жака барып акчаларын коротпой, өзүбүздүн өлкөдө жасасын оор опперацияларды. Башкалардан эмнебиз кем? Эмне сага акча жокпу? Айт таап берейин! Эгерде тапшырмам ишке ашпаса, кызматтан жон эле кетпей камаласын. Мурунку доорлор кетти. Алар кайталанбайт эми"- деп эл менен бийликтин ортосуна ишеним көпүрөсүн тургузду. Биз, Кыргызстан мындай реформа ары турсун, аңдышкан авысындардан колубуз бошобой, өч алуу менен гана убара болуп жүрөбүз. Мен бул сөзүм м-н айтаарым туугандар, өлкөбүздө экономика, экологиябыз кыскасы баары артка кетип, чоң катастрофага учарадык. Бийликтин жарымы "Бажарики" болуп калды. Өзбекстандын бир жылдык жасаган иштерин биз, 10 жылда жасай албайбыз. Жасай турган азаматтар түрмөдө. Анын бири С.Жапаров болчу. Аныда коркуп турмодо мыйзамсыз кармап олтурушат. Эгерде Ш.Мирзиеев биздин президент болгондо, мыйзам бузган сот, прокуратура, УКМК кызматкерлерин "арамсынар" деп түрмөгө тыкмак. С.Жапаровдун артынан жок эле дегенде 4-5 адамды камап салмак. Кумтөрдогу Канадалыктарды кууп чыкмак, Д-Суу боюнча кандуу окуянын бетин ачып, баарын жайына коймок. Азыр көпчүлүгү жердешчилик оору м-н оруп "Жээнбековдор азамат, мыкты иштеп жатышат"- деп өздөрүн гана алдап келишет. Ш.Мирзиеевдей иштин көзүн билген бул- С.Жапаров. Ошондуктан Жээнбековдордун былыктары, абийирлери айрандай төгүлөбоштугу үчүн, күч менен мыйзамды аттап С.Жапаровду кармап олтурушат. Бүгүн, кармап олтурушу мүмкүн, а бирок, ал сөзсүз чыгат! "Көөдөнү сокур соттордун чечими м-н камалды бирок, тарыхтын чечими менен акталат" -деп мен ар дайым айтып келгем. Бүгүн дагы айтамын ушул сөзүмдү. Анткени С.Жапаров таш бетине өчпөс, өлбөс из калтырды улуттун келечеги үчүн!
Жакынкы күндөрү буйруса тарыхый күн болот!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев