Предыдущая публикация
Карагаттай көзүңдө көркөмүңдө.
Сезимдериң ойлоруң ички дүйнөң,
Сендей сулуу жок такыр жер бетинде.
Калем менен чиймелеп тынбаганмын,
Карегиңди жүз мактап ырдаганмын.
Сени жазсам башкалар суктанат деп,
Ыр жазуудан коркомун кызганамын.
Кадамыңдан ак кууну элестетем,
Карап туруп эргиймин сени эстесем.
Өзүм жалгыз чече албайм эч нерсени,
Өзүң менен сырдашып кеңешпесем.
Маанайың бар булуттай тунуктугуң,
Магдыратат напназик сылыктыгың.
Көз караштан түшүнүп тыпылдаган,
Көгүчкөнүм бул сенин бийиктигиң.
Камбаралы Умаров
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев