2024 жаны жыл жакшылыктын, ырыскерликтин, онугуунун, шериктештиктин, достуктун, тынчтыктын жылы болсун. Ушул жылы 30 жылдан ашык убактыбызды талкалаган келечегибизди ондоо учун Элдик Курултайда болгон сунушубуздун бири: Улуттук жана мамлекеттик денгээлде бала бакчадан баштап жаш муундарды тарбиялоо стратегиясы иштелип чыгып, 20 жылдан кийин жаны жылда чындап коомубуздун, элибиздин жаш муундарын коруп суктаналы. Изги тилегибиз кабыл болсун. Жаңы жылда кааларыбыз:ар бир үйдө бакыттын нуру жанып,коломтоңуздардын оту өчпөсүн! Берекелүү дасторконуңуздарда, кут куюлган төрүңүздөрдө эң жакшы күндөрдүн күбөсү болуңуздар.Жаратканым жашыңыздарга жаш ченебей,ырыскыңыздарды өлчөбөй берсин.Жан дуйнөңүздөрдө дайыма майрам балкысын, баардык бакыт эшиктери сиздерди кучак жая тосуп алсын. Ала-Тообуздун ак карындай таза пейил тилейм.Алтын күздүн берекесин, ден- соолуктун мыктысын, жаз мезгилиндей көркөм сулуулук берсин. Ар бир үйдө баланын күлкүсү жаңырып, ата-энеси менен бирге таттуу балалыкта чоңойсун. Кыргыз элибиз илим менен, билим менен, ынтымак менен, дуркуроп оскон ааламга таанылган Эл бололу. Айтылган тилектерди Жаратканым кабыл кылсын!
Жалпы Россиялык Кыргызстандыктардын "Мекендештер биримдиги" Конгресси
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев