Жүрөктү эзип баштагыдай күлүп тим...
Мезгил бир аз жоошутканы болбосо,
Мен баягы тынч албаган жигитмин...
Тирүүлүгүм канат кагып дирилдейт,
Тилектер көп, дале санаам бириндейт...
Өзгөлөрдөн сурап көрсөң айтаттыр,
Өзгөргөнүм өзүмө түк билинбейт...
А сен кандай? Мезгил менен актыңбы?
Азыр деле сулуусуңбу? Жашсыңбы?
Жолдо дале жүрөсүңбү жалгыздык...
Жолдош күтүп же теңиңди таптыңбы?
Мерездикти, мээримди да көрүп миң,
Мен турмуштун көп шартына көнүктүм...
Чоң жаңылык айтайынбы аа баса...
Чоктон ысык махабатка кезиктим..!
Аным ырас, жакшы дейин жакшыны,
Ал - аруу кыз! Тартуулады бактыны...
"Кайда жүрсөң бактылуу бол" дечү элең,
А мен азыр чындап эле бактылуу!
Миң рахмат оо, сага сулуу, үлбүрөк..!
Мендик жүрөк азыр сүйөт, сүйдүрөт..!
Таштап жолго кетпесең сен... Бактымды,
Таппай өтүп кетмектирмин ким билет...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1