Күндөрдүн биринде аялдарга сабак өтүп жаткан учурда устазы аялдарга суроо берет:
Оо, менин окуучуларым бүгүн силер менен бир оюн ойномокчумун. Эгер ойной тургандар болсо доскага чыксын!
Ошондо бир аял туруп мен ойноймун, устаз деп доскага чыгат.
Устазы : Оюндун шарты мындай: сен эң жакын адамдарыңдан 20 адамдын атын жазасың.
Ошондо окуучу атам, апам, балам , күйөөм, кыскасы 20 адамдын атын жазат.
Устазы сен эми 8 адамдын атын өчүргүн деп айтат. Ал 8 адам атын өчүрөт. Устазы эми дагы 8 адам атын өчүргүн дейт. Ал дагы 8 адам атын өчүрөт. Доскада 4 адамдын аты калат: Ата, эне , бала, күйөө.
Устазы: дагы 2 адам атын өчүр дейт.
Аялдын көзүнөн булак булак жаштар агып, колу титиреп 2 адамдын атын - атасы менен апасын өчүрөт.
Жалгыз күйөөсү менен баласынын аты калат доскада. Бул оюн мындай эле оюн эмес болчу баардык аялдар тынч отуруп карап калышты.
Устазы: дагы бир адам атын өчүргүн дейт. Ошондо аял андан да катуу ыйлап, көзүнөн жаштар акты. Устазы бирөөнүн атын өчүрүүсүн талап кылды. Аял болсо аран ыйын токтотуп баласын өчүрөт. Доскада жалгыз күйөөсүнүн аты калат. Ошондо устазы отур ордуңа деп айтат. Бир аздан соң кайра жанагы аялды чакырып, Сен эмнеге балдарына мээримдүү, сени күйөөгө чыккыча баккан ата энеңдин атын өчүрдүң? Сен эмнеге сага жөлөк болгон өз баландын атын өчүрдүң? Эмнеге жалгыз күйөөндү тандадын? Муну кантип аныктайсын кантип айтып бересин деп суроо берди. Ошондо ал аял көз жашын аарчып мындай деди: Ата энем бир күн келип мени бир жат адамга берип жиберет жана менден алыстайт. Балам болсо чоңоёт, үйлөнөт, бала чакалуу болот. Менден ар кандай шылтоолор менен алыстайт.
Өмүр бою жанымда кала турган бул менин күйөөм болот. Же Бейишим же Тозогум болот ошондуктан күйөөмдү тандадым.
Бул окуя эжелерибизге, синдилерибизге сабак болсун күйөөнүн кандай улуу экенин билип алыңыз деген максатта жаздым. Азыркы учурда ушундай нерселерге күбө болуп жатабыз аял өз күйөөсүн ата энесине жамандап андай мындай деп арыздангандар көбөйдү. Канча өз ата энене кызмат кылсаң да, канча берилип намаз окусан да, күйөөндү нааразы кылсан бардык кылган жакшылыгын жана амалдары текке кетет кабыл болбойт. Эн негизгиси күйөөнү ыраазы кылуу. Сен турмушка чыккыча ата энеңди ыраазы кылуу, турмуштан сон болду ата энен сага Бейишиң боло албайт. Күйөөн сага Бейиш же Тозок боло алат. Ошондуктан ата энеден күйоондүн ыраазычылыгы жогору турат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев