Тааныш сымал көзүңүздүн оттору.
САГЫН АКМАТБЕКОВАНЫН КЕРЕМЕТ ПОЭЗИЯСЫНАН
БИР КИШИГЕ
.. Караны айтпай, калкып жааган кар дейсиз.
Калыңды айтпай кан чынар бир тал дейсиз.
Калган тунук канча кирден өтсө да
Кандай элсиз, касиеттүү кай жерсиз?
Таш доорунан Сиз да, Биз да жоктогу
Ташыйт суулар окторулуп, токтолуп.
Таппайм ойлоп, качан, кайдан көргөмүн?
Тааныш сымал көзүңүздүн оттору.
Билбейм дейсиз. Билбесеңиз билбеңиз.
Алды-артыбыз аңтарылган бир деңиз...
Буркан-шаркан жолдорунан турмуштун
Мурда-кийин бир жолугуп жүрбөңүз.
Таш чөйчөккө жылтыратып куясыз.
Таттуу дейсиз, ачуу шарап сунасыз.
Күлүңдөйсүз, кыскарталы жол дейсиз.
Күүгүмдөйсүз, бир ойлорго тунасыз.
Мээден өтөт бул кечки суук шамалы,
Мейли алалы, азыраактан алалы.
Шаар окшойсуз бир курулган, камалуу
Капкасында, жан окшойсуз жаралуу.
Тоодой кеме толкунунда калкылдай,
Толкундайт суу толкуганы тартылбай.
Көз тигесиз көз жетпеген жактарга
Көбү айтылса көп сырыңыз айтылбай.
Мейли айтпаңыз, ансыз да мен билемин,
Мен да сиздей бук булуттуу бирөөмүн.
Тартыламын такыр жыңсыз жактарга,
Такыр менден кеткендерди сүйөмүн.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев