(АНГЕМЕ)
Наристе жытына зар болуп, наристе үнүн күткөн түгөйлөр болсо Адинай менен Тураттай болор. Экөө акыреттик түгөйлөр болобуз деп баш кошушканы менен бактылары түгөл болбой он сегиз жылды күтүүгө коротушту. 18 жыл. Оо, бул арада эмнелер гана болгон жок. Укпачу кептерди угуп, барбачу жерлерге барышты.
Адинай мыкты аялга кандай сапаттар керек болсо, ошонун баарына эгедер жан эле. Жаркылдаган кабагы, элпек кыймылы, илбериңкилиги, сылыктыгы кайненеси менен кайнатасынын жүрөгүн элжиретип турчу. Деги эле аларды кайната, кайнене деп атап болбойт. Алар да бир алтын жандар. Адинайдын кош бойлуу боло албай ичтен сызган арманын жүрөк тереңинен туюп, үшкүрүк тартып келишет. Алардын бала деп зарлаган арманы бүт айылга маалым эле. Бир күнү айранга уютку сурап кире калган ээн ооз кемпир бул бүлөнүн жарасын чукуп кетти:
– Ай, тиги келиниң көрүнбөйт да, кетирдиңби ия?
– Кайда?
– Ой, туубас неме бир күнү өзү деле кетет. Андан көрө эртерээк өзүң эле кетирип ийгениң оңго дейм да, - тим эле күйгөн киши болуп шыбырады.
– Кетпейт, - кемпир да катуу жооп айтайын деди да, бирок сөз укпас кошунасына унчугуп убара болгусу келген жок. Анын минтип унчукпаганын кебиме ынанып калды деп түшүнгөн берки ого бетер эбиреп калды.
– "Кетпейт" дегениң кандай, же эмне, кеп балаңарда болуп атабы ия?
– Адинай, кызым, кел, бу энеңе айран куюп берип койчу, - кемпир кошунасын кетиргенче шашты. Жанатан бери булардын кебин угуп терезенин түбүндө курут жайып отурган Адинай жашын сүртүп алды да, эч нерсе укпаган кишидей энесинин айтканын элпек аткарды.
Ал түнү Адинай да, энеси да кирпик ирмебей чыгышты. Экөө тең көз жаш, санаа менен алек. Келин болуп келгенине он жыл чамалап баратса да Адинай баары бир жаштык кылат эле. Күйөөсүн кошо беймазага салып ыйлап бушайман менен таң атырды. А кемпир бир акыл тапкан болду. Бирок ажырашуу тууралуу ойлонмок турсун, акыйлашып да койбой бири-бирине берилип жашаган келини менен уулунун мамилесин карап туруп ал акылын айтууга даабай жүрдү. Бири-биринин кареги менен тең айланып, бири сыртка чыкса, экинчиси жол карап сагынышып турган балдарын карап олтуруп “балким буларга көз тийип, сөз тийип кетип балага жетпей жүрүшөбү” деп да ойлоп кетчү. Акыры абышкасы менен акылдашып уулун абышкасына тапшырып, келинин кепке тартты.
– Ээ, балам, эки жакка чыгып доктур, табыпка каттаганыңарды коюп калдыңар да?
– Эми кайда барабыз, апа? Дагы укмуш экен делген жаңы эле бир жерге барбасак... – келин жер карады. Кемпир каңырыгы түтөй шуу үшкүрдү.
– Жакшылыктан үмүт үзбө, балам. "Үмүтсүз жалгыз шайтан" дейт тура. Кебимди ук, балага зар болгон сен эле эмессиң. Буга чейин да далай жан бала деп какшаган, бирок бир айласын тапкандар да бар. Турат экөөңдүн ден соолугуңардын тазалыгында шек калган жок. Бул бир буйруксуз иш болду окшойт. Сен эми жаңыл, балам. Кудай кечирсин, биз кечиребиз, жаңыл. Туратым гана, - кемпир үнү каргылдана кемшеңдей кетти, - Турат гана кылчактабаса... Бирок анын да эбин табабыз. Сен болсо тукуму жакшы бирөөгө көңүлүңдү бер. Төрөп ал.
Ортону дымыган тынчтык каптады. Мындайды күтпөсө керек, көздөрү алайган келин бул сөздүн чын-тамашасын ажырата албагандай оозун ачты.
– Кантип эне, мунуңузга Турат көнсө да мен макул эмесмин, – Адинайдын келин болуп келгени кайненесине айткан каяшасы ушул болду. Ошону менен бул кеп кийин кайрадан козголбоду.
***
Ушундан көп өтпөй келин шаарга барып келүүгө суранды. Дагы бир үмүт жандырган жердин дарек-дайнын угуп калган го деген кемпир "барагойдон" башка эч нерсе айтпады. Бир туруп келини өгүнү айткан кебине ынанып калып жүрүп кетти бекен деп ойлоп, уулун аяйт. Адинай жанагынтип койгондон кийин баласына жаңылыштык тууралуу жагымсыз кеңештерин айтпай эле калышкан. Келини ага айтты бекен, жок бекен, айткан болсо, келини ошол иш менен кеткен болсо Турат кандай абалда болот эле. Же ал деле баарына кайыл болуп, сабыр сактап атабы? Эне ушул ойлордон кутула албай жүргөндө уулу да шашыла шаарга жөнөп калды.
– Апа, Кудай буюрса, биз жакшы жаңылык менен келебиз.
– Оозуңа май, кагылайыным, тилегиңе жет. Көпкө жүрөсүңөрбү?
– Билбейм аны, келерибизди кабарлап коёбуз. Тойго камыңарды кыла бересиңер да, - Турат акыркы кебин эрте айтып алганга ыңгайсыздана түштү. Кемпир эмне той экенине түшүнө албай калса да кайталап суроо салбай батасын берип уулун узатып калды.
***
Абышка-кемпир жарым айдай жол карашты. Дайындарын билдирбей эмне мынча кечигишти деп санаалары артып турган маалда Адинай чалып калды.
– Апа, жакшы жатасыңарбы?
– Жакшы, садага болоюн, өзүңөр жакшыбы?
– Жакшы, апа, биз эртең барабыз.
– Ии, келгилечи, айланайындар, силер жок тим эле үй аңгырап, абышка экөөбүз жалгызсырап калдык.
– Апа, биз үчөөбүз болуп барабыз – келиндин коомайлана, бирок толкунданган үнү кемпирдин санаасын басты. Бирок кантип үчөө болгондорун түшүнө албады. Басса-турса “баштарына баш кошулса экен” деп тилек кылган эне кандай болсо да ушул тилеги жалганган экен деп жоруп койду.
– Үчөө болгонуңдан кагылайын, келгиле. Келегойгула.
Эртеси түш оой Адинай аппак жуурканга оролгон кызыл эт наристени бооруна кысып, Турат баштык-баштык кийим-кече, таттуу, жемишин көтөрүп келип калышты. Жол караган ата-эне мынчаны күтүшпөгөн эле, жомокко түшүп калышкандай эле болду. Сүйүнгөнүнөн калдалаңдаган кемпир келинин босогодон тосуп башынан суу тегеретип төктү. Жалынып-жалбарып уулун жаш баладай эркелетип өөп, чечекейи чеч.
– Э айланайындар, кайдан, эмне болуп... – кемпир наристенин жүзүн бир карап келип, дасторконго жакындады. Турат Адинайды, Адинай Туратты карап жылмайып коюшту.
– Ай кемпир, демиңди басчы, капырай, айтат да, - абышка кемпирин тыйганы менен анын да ичинде ушул суроо кайнап жаткан.
– Ата, апа, - Турат саам унчукпай турду да, - ушундай эле. Биз ушуну туура көрдүк.
– Бул менин жаңылганым, - деди келин. Келиндин сырдуу жообуна Турат маани да берген жок. Ал эми ата-энеси кайталап суроо салууга батынышпады. Колдору дасторкондо болгону менен төртөөнүн тең көздөрү керебетте эч нерседен бейкапар уйкуда жаткан наристеге тигилет. Чай ичилип бүткөн соң бата берүүдөн жазбаган карылар ата-энелик ак тилектерин айтышты.
– Боосу бек болсун. Тапкан ата-энесин, баккан наристесин Кудайым өзү колдоп, ырыскыларын ылайым бир жерден кылсын. Артынан уул ээрчиткен, кыз ээрчиткен ак жолтой перзент болсун. Оомийин.
***
Кеңешип олтуруп эртеси эле эл чакырып бата алууга макулдашышты. Эч кимге, эч нерсе деп түшүндүрүшпөстөн гана кошунанын тестиер уулунан “бешим намазынан кийин Турат байкеникине барып жентек жеп кетиңиздер” деп айыл элине айттырып жиберишти. Эмне жентек экенин билгенге ашыккан айыл эли саат-мүнөтүнөн кечикпей келишти. Наристенин мурдунан чымчып өөп, ак тилек айткандар бири-бирин гана суроолуу карашканы болбосо, маңдайлары жарыла кубанган бу үйдөгү төрт адамдын биринен да “бала кайдан?” деп суроого батына алышпады. Дүр-дүйнөгө толгон дасторконго карап “артынан көп балалуу болгула” деп алкаган кошуналардын арасында баягы ээн ооз кемпир да отурду. Кайдан-жайдан пайда болуп жентек жегизген бул наристенин сырын кандай кылып билсем дегенде эки көзү төрт эле.
Туулганына жума толо элек бул наристе Адинайдын бир тууган бөлөсү Назиктин тун перзенти эле. Назик - атасыз өскөн эрке кыз. Жалгыз карманганым деп энеси көзүн карап чоңойткон. Анысы кийин өз башына муш болуп Назик ээ бербес ээн баш, обу жок эрке, кеп укпас болуп чоңойду. Ушинтип эч кимге ээ бербей жүрүп он жетисинде кош бойлуу болуп, ишенген жигити таштап кеткенде гана көзү ачылды. Анан экинчи энесин ыйлатпаска өзүнө сөз берип, алгач курсактагы наристеден кутулууну ойлонгон. Назик жаш болсо да амалы ашынган кыз эле. Ичинде тыбырап тынч уйку бербей калган түйүлдүктүн ордун деле оңой эле таап койду. Бул балээден куткарса кичинесинде бала бакчага, кийин мектепке ташып, көйнөгүн жууп, чачын өрүп калган бөлөсү Адинай куткармак. Анын узак жылдардан бери бала деп зарлап жүргөн жайын жакшы билет. Канчадан бери кабарлаша элек бөлөсүнүн номерин таап токтолбостон чалды.
– Эжеке, жакшысызбы? Ден соолугуңуз жакшыбы? – шек бербей жайдары сүйлөп атты.
– Жакшы, Назка, өзүң жакшыбы? Менде тынч эле.
– Сизге бир нерсе айтайын деп чалып атам. Эжеке, бала багып албайсыңарбы?
– Бала багып? Ким берет экен бизге баласын “багып ал” деп.
– Алгач жездем экөөңөр акылдашып макул болсоңор, калганын мага койгула.
– Аны ойлонгон эмес дейсиңби, Назка. Балдар үйүндөгү балдардын ден соолугу жакшы болбойт деп Турат каршы болуп койгон. Эми деле ошону айтат. А дени сак баланы эч ким таштабайт да.
– Таштасачы, берсечи? Анда багасыңарбы?
– Назик, эмне деп эле атасың?
– Эжеке, мен берем баламды. Төрөп берем. Туулары менен алып кет. Аласыңбы? – трубкадан чын же калп экени билинбеген ый угулду.
– Төрөп берем? Назик ушинтип да ойнойсуңбу?
– Оюн эмес бул, чын. “Баланы алам” дечи. Мен аны баары бир бага албайм.
***
Назиктин жөн-жайын жакшылап билген соң Адинай баланы багып алууга Туратты көндүргөн. Назиктин төрөчү убактысын саат санап күтүп жүрдү. Анан боюндагысына жети ай болгон Назик күтпөгөн күнү телефон чалып ичи ооруп ооруканага келгенин айтып шашылыш чакырып калды. Өгүнү шаарга ошол үчүн жөнөп кеткен эле. Жол бою машине жөрмөлөп бараткандай тынчы кетип, барганча Назик төрөп, баласын алып качып кетчүдөй сарсанаа болду. Кудай жалгап толгоосу узак болуптур. Адинай барганда гана төрөт залына кирди. Анан бала “баа” деп жерге түшөрү менен өзү колуна алып, бооруна жаткырып, туубаса да тутунган баласы болору бышыкталганда күйөөсүн чакыртып атпайбы. Назиктин суранычы менен бөлөлөр бул ишти энелерине да билгизишкен жок. Турат экөө керек дегенин алып берип, “баланы талашпайм” деген убадасын бек алышты.
Ооба, Назик баласын талашпоого катуу убада кылып, ал турсун, бул балакеттен кутулуп атканына сүйүнүчүн да жашырган жок. Эртеңин ойлобой иш кылган ээн баш кыздын сырын жакшы билген Турат да, Адинай да анын балам деп издеп келбесине ишеништи. Бирок минтип үчөө тең жаңылышкан болчу. Бул наристе Адинай менен Тураттын жаңылган кубанычы, адашкан бактысы эле.
***
Абышка-кемпир кеңешип ата-энесине бакыт алып келген акжолтой кыз болсун деп наристеге Акжолтой деген ысым ыйгарышты. Адинай а деп кызына мындай эски ысым беришкенине кичине капа болуп, анан көнүп кетти. Баарынын жалынганы, кагылып-согулганы - Акжолтой. Анын күлкүсү, кыймылы, ыйы менен чыры да баары үчүн ченеми жок бакыт. Жаны тынбай наристенин убарасын тарткан Адинайдын уйку бербеген санаалары азайып, кабагы ачылып калды. Мурдагыдай кирген-чыккан кошуналардан корунбай кепке аралашып, жүргөнү да шайдоот. Ал эми Назик башында кез-кез чалып жүрүп, кийин таптакыр дайыны чыкпай кетти. Туугандардан “күйөөгө чыгыптыр” деп уккан. Бирок куттуктап деле кабарлашкан эмес. Айрыкча кебетеси Назикке окшошуп чоңоюп келе жаткан кызы көзгө көрүнүп калгандан бери аны менен кабарлашмак турсун, атын атабайт. Турат болсо наристеден дагы Адинайдын кабагы ачылып, күлкүсү чыгып калганына ыраазы. Анан да эркек эмеспи, баары бир канынан жаралган баланы көксөп, ал күндү тымызын күтүп жүрөт. Ата-энесинин деле тилегени ошол.
– Адинай, Акжолтой жакшынакай чоңоюп атат, эми өзүң жок дегенде бир бала төрөп алсаң... Тиги Болоттун энеси: “Шаарда бир мыкты доктур чыгыптыр”, - дейт. Илимди да, табыпчылыкты да жакшы билет экен. Сегиз жылдан бери төрөй албай жүргөн кудачасы бар эле, ошого көрүнүп жүрүп жакында эле уулдуу болуптур. Барып келсеңчи.
– Макул, эне.
Канчадан бери тынчып калган кеп кайра козголуп Адинайда кайрадан санаалуу күндөр башталды. “Жок” дебей барып тиги доктурдун айткандарын кынтыксыз аткарды. Болгон жок. Убакыт уча берди. Жети жыл жети күнчө зымырап өтүп Акжолтой мектепке кирди.
***
Акжолтой алгачкы күндөн баштап мектептин алдыңкы окуучусу аталып, тыкылдап жүргөн-турганы тың, ар нерсеге шыктуу. Адинай күн сайын кызынын мектептен чыкчу маалын утурлай чакасын көтөрүп сууга чыгат. Суу алганча Акжолтой да келип калат. Кызы менен сүйлөшүп, анын жаңылыктарын угуу - ага чоң бакыт. Бүгүн үй иштерине кармалып сууга чыга албай калды.
– Апа, сизди сыртта бир эже чакырып атат.
– Келген кишини “үйгө кир” дейт да, кызым, “кириңиз” де. Ким экен ал?
– Тааныбайм. Чоочун экен. Сулуу эже экен.
Адинай дарбаза алдында турган чачын жазып, тыпырая кийинген көз айнекчен аялды тааныбай коомай унчукту.
– Келиңиз? Сиз чакырдыңызбы?
– Ооба, мен. Кандайсыз? Тааныган жоксузбу? – көз айнегин алганча сүйлөгөн аялдын тааныш үнү Адинайды селт эттирди.
– Назик, сенсиңби? Эмне болду? Эмне келдиң? – алардын маегин кызыга карап турган кызын билектен алып артына өткөрө калды.
– Апей, эжешка, кантесиз? Келдим, эжем деп, учурашайын деп, – Адинай уялып кетти.
– Кел, сени келет деп күтпөгөнгө... Кир.
Назиктин беймаал келиши Адинайдын тынчын кетирди. Бир чалып койбой минтип качырып кирип келгенинде бир шойком бардай. Назикти конок үйгө өткөрөрү менен эле жок шылтоону айтып Акжолтойду айылдын аягында жашаган аяшыныкына жиберип ийди. Жаңы эле босогону аттаган немеден “качан кетесиң?” деп сурай албай ал күнү дасторконду кенен жайды.
– Сүйлөй отур. “Турмушка чыкты” деп уктум эле.
– Ооба, чалып куттуктап да койгон жоксуз. А мен тиймек турсун, кайра ажырашып кеттим. Ха-ха-ха, – Назик тим эле бериле күлдү.
– Апей, ал эмнеси?
– Ооба, эжешка, ажырашып кеттик. Болбогон неме экен. Бир жыл болуп баратат, жалгызмын.
– Эч нерсе эмес. Жашсың, сендей кызга дагы далай жигит табылат, – ичинде “дагы кимдин шорун кайнатар экенсиң” деп ойлоп турду Адинай.
– Ой, жок. Тойдум жигиттерге. Экинчи эрге чыксам, мурдумду туурасынан кесип берейин. Жалгыз эле жашайм.
– Кой, антип ооз кесир сүйлөбө.
– Уф, көрөбүз эми аны, – Назик оозун аарчып, үйдүн ичин кыдыра карап, – жакшы, жакшы жашайт экенсиз. Жездешка кайда? Лялкалар?
– Турат жумушта, – кийинки суроого эмне жооп кыларын билбей укмаксан болду. Назик да кайталап бала тууралуу сурабады. Кеп арасында анын эртең эле кайра жолго чыгарын угуп санаасы басыла түшкөн Адинай: “Айылда ушундай, эрте эле жатабыз”, - деп төшөк салып, баарын демейдегиден эрте жаткырып салды. Таң атканча кызынын колун бекем кармап, көзү илинсе эле Назик Акжолтойду жетелеп кетчүдөй кирпик какпай чыкты. Эртеси узап кеткенге чейин да Назик кыз тууралуу унчуккан жок. Бирок бөлөсүнүн бул келиши жөн иш эместигин жүрөк тереңинде туюп, ичинде бир кыжалат сезим пайда болду.
***
Күндөр кадимкисиндей уланып жатты. Турат жумушу менен алек, Акжолтой окуунун кызыгында. Адинай таңдан кечке абышка-кемпирге карап, үй жумуштарынан жаны тынбайт. Иш арасы саат сайын көчөнү акмалап, кызынын карааны көрүнмөйүнчө тынчы кеткени-кеткен. Сезимтал жүрөгү алда кандай жагымсыздыкка санааркайт. Бул тууралуу Туратка айтканында: “Жөнү жок анте бербе. “Алып кетем” десе эле Акжолтой ээрчип кетпейт”, - деп койгон. Бирок Адинайдын аялдык сезгичтиги жаңылбаптыр. Эки ай өтпөй Назик кайра пайда болду. Кебин катуу камдап, айтууга ашыгып келсе керек, дасторконго отурары менен келген жүйөөсүн түшүндүрө баштады.
– Мага таң калып атасыз го, ээ? Эми, туура түшүнүңүз, эжеке. Ойлондум. “Эми күйөөгө тийбейм” деп айтпадым беле өткөндө. Бирок өмүр бою жалгыз башым кантип жашамак эле? Төрөп алайын десем, ден соолук болбой калыптыр. Анан кызымды эле алып кетейин дедим. Капа болбоңуз, атасы жок төрөсөм да, ара төрөсөм да ал менин ичимден чыккан кыз да, - жанатан тартынбай сайрап жаткан Назик кебинин ушул жерине келгенде көздөрү ойноктоп, жер чукуп калды. Адинай күйөөсүнүн “Акжолтой “жүрү” дегенди ээрчип кетпейт” деген кебин дем кылып турду.
– Бала баккандыкы болорун билбейсиңби, Назик?
– Эми ал кезде мен жаш болчумун да, эжешка. Ырас, бактыңыз, чоңойттуңуз. Эми өзүм карап алганга алым келет. Ызы-чуу кылбай берип коюңуз. Тынч кетип калайын, – Назиктин дагы деле терең ойлонбой, жеңил сүйлөп отурганына Адинайдын заманасы куурулду.
– Назка, биз сүйлөшпөдүк беле? Убада бердиң эле го. Адинай мени энеси, Туратты атасы деп билет. Ал бизден башкага барбайт.
Ушул маалда ак бантигин бажырайтып Акжолтой кирип келди. Апасына айтайын деген жакшы кабары болсо керек, апакелеп толкунданып кирип келип, чоочун аялдан уялып кетти. Энесине сүйөнө туруп калган кызга кол сунган Назик:
– Кел, мени менен учурашпайсыңбы, кызым? – деди жасакерлене.
– Апа, бул ким? - Акжолтой мурдун чүйрө апасына далдаланды.
– Мен деген сенин апаң болом. Сени мен төрөгөм. Кел, атыңды да сурабаптырмын, - адатынча жагымсыз каткырып алды, - атың ким?
– Акжолтой.
– Мм, анда мен сени Айка дейин?
– Жок, Акжолтоймун. Атам, апам, чоң атамдар Аку дешет.
– Мейли, Аку. Мени менен кетесиңби?
Кыз дароо башын чайкады.
– Мен сени шаарга алып кетем. Шаар деген сонун да. Сонун кийимдерди алып берем. Эки кабат мектепте окуп каласың.
Назик ушул айткандары менен кызды оңой эле макул кылып алып кетем деп ойлогон. Бала баккан ата-энесин сагынат, чоочун жерден кыйналат дегендер оюна да келген эмес. Кыздын жообун күтүп турганда сырттан “Аку, ойнойсуңбу?” деген чакырык угулду. Акжолтой токтолбостон чуркап кетти. Назик шаабайы сууй отуруп калды да, бул тууралуу кайталап кеп козгогон жок.
***
Бир күнү Акжолтой мектептен келбей калды. Кошуна кыздардан аны бир аял машинеге салып кеткенин угушту. Бул Назик экени белгилүү эле. Телефондору өчүк, шаардагы дайын-дарегин да сурабаптыр. Адинай өзүнүн энеси менен таежесине болгон ишти айтууга аргасыз болду. Алар менен бирге Назик бар болушу мүмкүн болгон даректердин баарын тинтип таппай жатышты. Он күндөй жандарын-жанга уруп чуркашкан соң Адинай төшөк тартып жатып калды. Бир туруп кызын сагынып, аман-эсен болсо экен деп санааркап көз жаш төксө, бир туруп бирөөнүн жатынын жарып чыккан баланы талаштырган тагдырына наалат айтып жашын тыйбады. Минтип дагы канча ыйлайт эле, ким билет, бир түнү мурдун улам шор тартып, бышактай чыккан шыбыр үндөн ойгонуп кетти. Турат терезенин түбүндө чөгөлөй алакан жайып отуруптур.
– ...Зарлап күтүү менен күчүбүз калбай калбасын, бул армандын артында бир жакшылыгың бардыр, Кудай. Адинайдын көзүнөн жаш көрүүдөн, муңканган үнүн угуудан жүрөгүм үшүп бүттү. Бизге бала бер. Канымдан бүткөн балага ата кылчы, суранам. Мен ата болуп, Адинай эне болуп сүйүнөр күндү күтөм, күтөм, ишенем берериңе. Бир ымыркайды аяба бизден, мээримдүү Алла. Адинай эми ыйласа, кубанычтан ыйласынчы, аны ыйлатпачы. Ушул түндө сүйүүбүздөн данек табалычы. Жакшылыгыңды аябачы...
Ушунча жашап, ушунча зарлап, бирок Тураттын минтип көз жаш төккөнүн көргөн эмес эле. Каргылдана чыккан шыбыр улана берди. Адинай ошол жерден көз жашын тыйды. Анын ыйы жолдошу үчүн кандай азап болуп келгенин буга чейин билген эмес тура. Турат болсо минтип ый менен Кудайга сыйынганын келинчеги туюп жатканын билген жок. Алар узак жылдардан бери экөөнү коштоп, бири-бирине байлап келе жаткан таза сезимдер, ысык сүйүү менен таң атырышты.
***
Жашоонун ушундай жаңы барагы ачылганына эки ай чамалап калды. Акжолтойдон дайын жок. Астыртан сураштырып, тымызын издеген менен ары-бери чапкылабай калышты. Адинай болсо күндөн-күнгө Акжолтойду ойлоого алы келбей баратат. Баягысындай тарсылдап жумуш кылуудан жалкоолонуп, көзү уйкудан ачылбас болду. Көңүлү айлангандай болот, бирок “мен кайдан кош бойлуу болмок элем” деген көмүскө ойго алданып анысын тоготпой жүрдү. Акыры кыйналганы күчөгөндө дартын билүү үчүн ооруканага жөнөгөн. УЗИден кош бойлуу экенин укканда бакыттан башы айланды. Жакшы кабары менен Туратына жеткенче шашты. Жол бою: “Зарлап күткөн балам. Тураттын тилеп алган баласы. Акжолтойдун ызасынан тапкан данегим”, - деп келатты. Адинай дарбазага кол сунганча болбой эшик шарт ачылып, шашкалактаган Назик чыга калды. Адинайга жолугуп калам деп күтпөсө керек, алапайын таппай кетти.
– Келдиңизби? Эжеке, Акжолтойду алып келдим. Ал силерди унутпай койду. Баарыңарды кыйнап койдум. Кечиргиле, – деди да, артын карабай жөнөдү. Аңгыча үйдөн чыккан Акжолтой апакелеп кучак жая Адинайды көздөй көпөлөктөй учуп келатты.
(Аягы)
Мунара Сапарова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 45
Сабырдуурак болгондору учун экоо тер азамат
Адина
Мн
Тураттыкындай суйуу болсо .эчкимди бала жытына зар кылбасын аллахым