Кайгыруу менен, башын жерге сала, түнт мүнөзү менен үйгө кирген көк жал бөрү там -туң баса, алдына чуркап келген кичинекей наристесин жерден көтөрүп ала койду да, өзгөчө атыр жытынан кере, искеп - искеп алды. Көзүндөгү муң, көкүрөктөгү кайгыга эч нерсе дабаа болбой, өзү менен өзү түнөрүп, кабагы ачылбай кеткение көп болгон. Түркүн ойлорго термиле, жүрөк түпкүрүндөгү ой санаа мите курт сыяктуу жеп түгөтчүүдөй абалда.
Азыр да муңайыңкы! Өз канынан жаралган таттуу наристесин кучактап ала, жүзү муңайа түштү.
Аны байкаган жубайы жолдошун эмнелер гана кыйнап, эмнелер гана ойго салып жатканын баарын түшүнүп турду.
— Кабагыңды ачсаңчы ал окуядан бери далай жылдар өттү эмеспи ?!Сенин мында күнөөң жок экенин баарыбыз билебиз! Айла жок эмеспи?....
Жубайы жолдошунун колдорунан акырын кармап жанына келе жалооруй карай,кайрылды. Көк-жал бөрү да жубайынын жумшак колдорун жүзүнө тийгизе бир аз ойлуу отурду. Жубайдын ыссык алаканы жүзүн,андан өтүп жүрөгүн жылытып жиберчүүдөй сезилип жатты.
Баласы менен жубайынын жанында гана бир аз өзүн алаксыта алганы болбосо.... Түн уйкусунда да, мөлтүрөгөн көзүнөн жашын төгүп, " - Мен болгону бактылуу болгум келген "- деп турган сулуу ак көйнөк кийген карындашы көрүнүп, кыйнала берчүү болду. Өзүн -өзү далай ирет ичтен жейт, кыйналат, ошол токойго барып канча ирет көз жашын көлдөй төктү. Ал тургай кечирим сурап, бир боорунун каны төгүлгөн жерди кайтаргандай далай түн токой ичинен чыкпайт. Бир боорунан кечирим сурайт, түшүнгүсү келет, жок дегенде ошондо түшүнүп койуп жиберсем эмне болмок деп ойлойт... Бирок андай да өз намысы жол бербегенине өзүн тирүүлөй отко куйкалайт.
Бир боорун өлүмгө кыйган менен, ал менен бирге өзүнүн да тынчтыгы жоголду да калды. Түн күн кирпик какпай калды. Эч кимге үн катпай, өзү алыстарга кетип калат. Ансыз деле тирүүнүн өлүгү экенин анык.
— Мен анын бактысына жолтоо болдумбу ? Бүгүн да түшүмдө көрдүм, бүгүн да түшүмө кирди.
Менин жашоом тынчтык таба албайт окшойт эми. Мени кечир силерди да кыйнап жибергендей болуп жатам.Кара көлөкө менден өчүн алуу үчүн албетте кайтып келет, андыктан балабызды бул нерседен куткаруубуз керек. Ал өч алмай сайын бизге тынчтык болбойт.
Бир нерсени жүрөгү сезгендей, башын жерге шылкыйта салып, күңк дей үн катты.
— Албетте сен эмне десең ошону кылабыз, бирок бизден кетем деп коркутпа. Качанга дейре мынтип жашамак элек? Акыры башта бир өлүм эмеспи, ал келет деп, бизди таштап кетүүнүн кажети жок. Кел андан көрө бир аз тамактанып ал, бир аз уктап да ал. Уйку көрбөй кеттиң көптөн бери
Жубайы бир аз болсо да жөлөк болгон жакыны эле. Жубайынын тизесине башын койгон көк жал,аркы жакта эч нерсе менен иши жок, томпоңдоп ойноп жаткан баласын жылмая карап алды.
— Балабызга карасаңчы ?Оюнда эч нерсе жок, эртең кандай күн болот деп да ойлонбойт. Биздин балабыз да өзүнүн ким экенин түшүнүп жете элек. Бой жеткенде башталуучу сыноолор, өзүнүн денесинин каттуу оорусу, ай толгон кездеги кыйноолор, ал үчүн бул жолго түшүү өтө кыйын, өтө оор болуусу турган кеп. Өзүм болсом жанында ээрчитип жүрүп үйрөтөм. Ошого дейре аман болсом эгерде.
Ойлуу жаткан жолдошунун чачтарынан назик колдору менен, акырын сылап алган жубайы жолдошун колунан келишинче көңүлүн көтөрүп жатты.
— Кыжалат болбосоңчу, чоң атасы өзү тарбиялап алат эмеспи. Атакебизди тартса жаман болбойт.Баары жакшы болот, сендей намыстуу жигит болуп чыга келет буйруса.А сен ниетиңди жакшы кылып, бизден кетем дебе! Сен мындай күндөрдүн далайын, Кара көлөкөдөй жырткычтардын көбүн көргөн эр азаматсын. Сени эч бир согуш, же сыноо сындырбаган. Азыр деле сындыра албайт. Күч жыйна, топто, өзүңдү алаксытуу үчүн баарын кыл. Биз сага ишенебиз.
Келинчеги чачтарынан сылап алып, жандарында ойноп жүргөн баласын карай, ойлуу сүйлөй берди.
- Рахмат сага, сени менен түбөлүккө бактылуумун. Сен менин колдоочум, жакшынамсын. Анча мынчалардан акылдуум менин.
Ажарлуу жубайынын маңдайынан сүйүп, кең кучагына бекем кысып көпкө отурду да, жанатан томпоюп уктап калган ширин баласынын жүзүнөн сүйүп койуп сыртты көздөй чыгып кетти.
Жубайы канча аракет кылган менен деле, жолдошунун кыжалат жүрөгүнө түнөк таба албаганына түйшөлүп алды. Кайда бараарын да билип турду.Канчалык кооптуу экенин билсе да, жолдошу ошол жерге барган соң, өзун бир кыйла жеңил сезип, карындашынан кечирим сурап, келеерин, муштумдай жүрөгү баарын сезип, дайым жолун тоспой койо берчүү.
Бүгүн да ошол сыяктуу эле, жолун тоскон жок, сүйүктүүсү бул жакта турсун, арасынан кыл өтпөс, кыйышпас досу да жардам бере албай кыйналып жатканын көргөн, акылдуу жубайынын колунан жолдошунун көңулүн бир аз көтөрүүдөн башка эч нерсе келмек эмес.
Айдын сулуу жүзү асман бетин бербей, жерге жарыгын чачып толукшуп турган убакта, самтырап жалгыз башын жерден албай, тоону көздөй бараткан көк жал карышкырдын кай жакты көзд өй бара жатканы айтпаса да белгилүү. Арадан көп жылдар өтсө да бул жерге ат тезегин кургатпай баттан келип турат, азыр да айланасын калың шактар менен тороп ( бут баспоосу үчүн ) койгон жерге келип көпкө тигиле карап отура, бир аздан соң, ошол жерге боорун тийгизип жатып ала улуп ыйлап кирди.
Көзүнөн мончоктогон жаштар жерге тып - тып тамып, үнү тээ асмандагы айды акырындан курчап келе жаткан ак булуттарга жеткендей, алар да көк жал карышкырдын ызага муунган үнун коштоп, асмандан себелеген ак жамгырын төгүп турушту. Көз алдына жаркыраган жүзү менен, капкара, кой кой карындашынын элеси элестей, экөөнүн бала кездери, куушуп ойноп, бирде эркек баладай кылыч серпише, ойногон күндөрү тасма сымал сызылып өтүп жатты.
Сүйүүсү үчүн акыркы деми калганча күрөшөм, аны менен мен бактылуумун, аны мен түшүнөм, мен турганда ал эч качан силерге кол салбайт деген сөздөрү кулагына жаңырып жатты. Айтканындай эле эр мүнөздүү бир боору сөзүндө турду. Мен күрөшөм деген максатына жетип күрөштү. Жаш кызды сүйүү ушунчалык азапка салып, үй бүлөөсүнөн, айылынан, уруусунан, бир тууганынан алыстатып, кечип кеткенине чыдай албаган аганын күйүтүн эч ким сезе албас... Үйүнө канча ирет кайтып алып келсе да кетүүнү самаган кызга башка тиши өтүп, акылы жетпесин түшүнгөн бир айыл кан ичкич Кара көлөкөнүн сүйүктүүсү дегенди укканда төбө чачы тик турушпадыбы. Бүт мыйзамга темирдей бекем, мыкты, бир айылдын баарын башкарган журт атасы элди мындай кой, өз кызына сөзү өтпөй калганын сыртта айта алышпаса да, күбүр шыбыр этише сүйлөп калышчуу болду.
Биздин мыйзамды бузуу мүмкүн эмес, эзелтен келе жаткан салтты кантип эле өзүнүн карындашы, атасынын жалгыз эрке кызы кесип өткөнүнө баары таң калышып, эл ары калса каттуу жазалануусун сурашкан. Аягы өлүм! Жаза бул өлүм!
Өзү туш - туш тарапка бөлөк - бөлөк кылып салган ошол ак көйнөк карындашынын элеси элестей, ар бир жерди тумшугу менен жыттап, колдору менен тытмалап алды. Кайратынан жазбаган, эр жүрөк көк жалдын абалына азыр мышык ыйлачуудай болуп турду.
Таңды ошол жерден тосту да, күн төбөдөн бир аз көтөрүлгөн убакта үйүн көздөй кайтып келе жатты.
— Амансыңбы ?
Жолдон тосуп алган досу көк жалды аяай карап алды.Баары жакшыбы ?
Баарын айттырбай түшүнгөн досу,өзүнүн сурооосуна кайра өзү уяла түшүп, жооп күтпөй үн сөзсүз жөнөдү.
— Ооба баары жакшы эле. Бир аз кыйналдым.Ошол себептен бул жерде калууну чечтим.
— Түшүнөм! Баары жакшы болуп кетет, жаныңда жубайың, балаң бар биз аларды коргошубуз керек. Элди коргошубуз керек.Кечир күйүтүңдү билип турам досум, бирок өлгөндүн артынан кошо кете албайбыз эмеспи, акыркы жылдарда өзүңдү такыр таштап салдың. Күйүтүңдү ичтеги сезимиңди билип турам, бирок айла жок эмеспи. Өзүңдү колго ал.
Досу колдон келген жардамы, кеңешин айтып алаксытуу максатында сүйлөп келе берди.
Тоо беттеген калың токойдун арасындагы, үйүнө жакын жердеги өзөндөгү сууга келгенде, жүзүн чайкап алуу үчүн токтоп калышты.
Досунун сөзүн ичинен кубаттап туура деп билген менен, сыртынан үн каткан жок. Өзөндөгү сууга жүзүн чайкай, кайра экөө үйлөрүн көздөй жөнөштү.
- Токто !
Бир саамга токтой калган жигит жанатан сүйлөп келе жаткан досун күтүүсүз токтотту, да кайра артын, эки жакты элеңдей, бирөө жарым артынан карап келгендей сезип алды өзүн.
— Сен бүгүн кароолго чыктың да ээ ?
Досуна суроолуу кайрылып алды.
— Ооба баары жайында эле. Эрте менен кароолго чыктым.
Досуна таң калып карап алып, кайра өзү да чоочуп кетти.
- Мейли ошондой эле болсун, бирөө жарым жанатан бизди күзөтүп келгендей сезилип кетти.
Кайра бир аз токтоп туруп, үйлөрүнө көздөй жөнөштү.
Ооба чын эле экөөнү жанатан алыстан тиктеп турган кара көлөкө караан, өзүн араң кармана, көпкө күзөтө тиктеп турган соң, темселей эки жарым жыл алдын сүйүктүүсү менен түбөлук коштошкон жерге карай басып келди да, чөгөлөй отура кетти. Чөнтөгүнө колун салып, сүйүктүүсүнөн калган ак көйнөктүн тытыгын алып чыга кере - кере жыттап алды да, үн сөзсүз саамга отура кетти.
— Мен келдим ! Сенин акыркы сөзүңдү аткарып мен дале тирүүмүн. Ооба мен дале жашап жатам…Бирок сенсиз өткөн ар бир күнүмдүн мааниси жок,сенсиздиктен жадап кеттим. Тирүүнүн өлүгүнө айландым. Сенсиз менин күнүм түнгө алмашты. Туш тарап караңгы, бүт караңгылыктан мени сен жетелеп алып чыкчуу эмес белең! Сен мага эң сонун кооз дүйнөнү көрсөтүп, баарына таза, аяр маңиле жасоону үйрөткөн элең. Тирүүлөр мындай турсун, ал тургай жансыздарга кылган таза мамилең, аруу жүрөгүң менен, качантан бери менде тоңгон музду эриткендей жылытып, эптеп жүргөн мыкаачы бир жанды башка айлантып, өзүңө биротоло ашык кылдың да, таштап кеттиң ээ??? Сенин кылыгыңды, күлкүңдү, нурлуу элесиңди кантип унутмак элем? Көптөн келе албадым! Далай жылдар алмашты, келе албадым. Сенин элесиңди бир саамга да унутканым жок.
Көзүнөн жашы мөлт эте жерге таамп кетти. Колуна кармаган ак көйнөктүн бөлүгүн жыттап алды.
— Мына ушул, мына ушул гана нерсе калды менде. Ушул гана сенин жытың жыттанган чарчы бөлүк тытынды. Кечир мени - мен дагы сен каалабаган жырткыч адамга айландым! Сен күтпөгөн, дагы жанакы мыкаачы, түнт адам болуп келдим. Айла барбы? Сен мени көрүп жатсаң кечир!
Жашоом караңгы! Кайда барбайын бүт тарапта сендей жан жок!
Эчкирип ичиндегисин айтып да, ыйлап да жатты.
Бирок мен өлгөнүм жок, мен өлбөйм.Анткени сенин каныңды өз агаң төккөнүн кантип унутам ? Кантип өч ала албай жөн гана кете берем ? Менин сүйүүмдү тепсеп туруп, сүйүктүүмдү өлтүргөн инсанды мен кантип тынч жашоого койуп берем ? Мен кайтып келдим,сени сагындым. Мурундары бул жерге , жалгыз сени көрүү үчүн, жанымды тобокелге салып кайтып келет элем.Азыр ошол көздөрүң жок, мени жайдары күлүп, шоктонуп тосуп алчуу күлкүң жок, мени саат сайын кандай турпатта болсом ошондой абалда сүйчүү сүйүктүүм жок.Сенсиз өткөн Ушул жылдарда мен тозокто жашадым.
Баарын кечип сени менен бактылуу болгум келген. Баарын унуткум келген.Бирок мен азыр жалгызмын, сенсиз жалгызмын. Сен жоксун,а мен жашап жатам, сен үчүн жашап жатам, дале жашайм. Мен алардын баарын тукум курут кылбастан өлбөйм.Мен да алардын жакындарын жок кылам, бирден жок кылам. Кечир мени сүйүктүүм, мен сага берген убадамды экинчи жолу буздум. Сага айткан жакындарыңа тийбейм деп сөз берген убадамды ошол күнү, сен жакыныңдын колунан жан берген убагыңда кайтарып алганмын,анын ордуна арсыз жүрөктө менде кек, өч алуу кайнап жатат.
Башын жерге салып көпкө отурду.Бир аздан соң колундагы ак көйнөктүн тытылган бөлугүн кайра искеп алды да жол тарта бийик тоону көздөй, калың токойду аралап, шамалдай сызып жөнөдү.
— Келдиңби тамактанып алсаңчы жүрү ?
Алдынан тосуп чыккан жубайы көк жалдын чарчаңкы өңүнөн эле уйку көрбөй чарчап турганын байкады.
— Абалың кандай, жүзүң чарчаңкы?
— Рахмат менде баары жакшы өзүңөр кандайсыңар? Айдын кана ?
Үйүнө кирип жатып баласы тууралуу сурап алды.
— Айдын сыртта бир аз эс сыртта дагы күн көрүп ойносун, анын үстүнө басып калбадыбы жакшы эле.
— Ооба абайлагыла.
Жүрөгү бир нерсени сезгендей түпөйүл болуп алды. Бул учурда Айдын төрт жаш убагы болсо Мирена болсо бир гана жашка араң толгон кыз эле.
Күндөр шурудай тизилип өтүп жатты.Ал убакта эл эркектери ар кандай тоо аралап, мергенчилик кылып, кээ бирлери элин ар кандай кырдаалдан сактап, кайтаруу күзөтүндө туруп, коргоп турушчуу. Бул байыркы убактан берки келген көрүнүш. Баатырлары дал ушундай болгон.
Убакыт зымырык куштай учуп жатты.Бул учурда кыйла коопсуз болуп, бир аз болсо да эл тынчтыкта жашап калган учур.
— Мирена токто ! Кайда барасын сен кыз, азыр кулап түшөсүн.
Шашып бараткан там - туң баскан, бул учурда эки жашка толуп калган кыз бир саамга токтой, калың токойдон көз албай тиктеп калды.
— Эмне болуп кетти садагам ? Мирена мен сага айттым го алыс кетип калба деп. Ал жак коркунучтуу.
Артынан жете келген апасы кызды колуна көтөрүп, үйү тарапты көздөй басты.Бирок калың токойдон көз албаган кыз, ал жактан узун шыңга бойлуу, үстүнө кара күртмө кийинген бей тааныш жигит дал өзүнөн көз албай тиктеп турганын караган тейде апасынын колунда үйүнө көздөй алыстап кетти.
Ошол күнү көк жал менен, досу экөө тоо аралап кетишкен эле.Күн күүгүмдөн өтүп калган убакта үйлөрүнө жетип келишти.
— Айдын, Айдынды таппай жатам !Ал жанатан бери үйгө келген жок.
Жолдошунун алдынан тосуп чыккан аялы ыйламсырай, баласынын бир топ убактан бери жок экенин айтты.
— Эмне кайда кетти эле ? Кыжалат болбо мен таап келем.
Аялын соорото өзү досу экөө башка тарапты, калган эркектери башка тарапты көздөй издөө салып жөнөштү.
- Жок бул жерде отура албайм, үйдө кантип отурам, эгерде бир нерсе болсочу? Айдынга бир нерсе болсо?...
Ордунда отура албаган аял дагы калың токойду көздөй аралап жөнөдү.
— Айдын, Айдын кайдасын ?
Караңгы түндө эки баласы менен чыга албай калган Миренанын апасы, Айдын деп боздогон эненин алда качан эле чыгып кеткенин байкабай да калган эле.
Ошол жакка кетпеди бекен деген ой жетелеп, арыдан бери - калың токойго жетип аралап жөнөдү.
Бир убакта алдында турган караанды көрө токтой калды.
— Айдын, балам кана,аны таба алган жоксуңарбы ?
Оюнда издөөгө кеткен жигиттердин бири деп ойлоп алган аял, суроо сала, алды көздөй кадам шилтеди.
Бирок качан гана айдын жарыгына өзүн тосо башын жерден өйдө кылган жигитти көрүп жүрөгү оозуна кептеле,көздөрү алая түштү. Коркуп турганы менен эч нерсени байкатпай ордунда катты да калды.
— Сен ! Баламды эмне кылдың ?
Биринчи берген суроосу ушул болду.
— Мен ! Балаң тууралуу эч нерсе билбейм .
Жигит акырын сүйлөй, аялга көздөй кадам таштады.
— Сен ошол жырткыч! Сен ошол башыбызга каран түн түшүргөн!
Аял да ордунан жылбаган тейде, көздөрүн албай ачуулу сүйлөдү.
— Мен жырткыч?
Кара көлөкө дагы акырын үн катты.
— Эмнеге келдиң? Тирүү каламын деп ойлойсунбу?
Аял артка бир кадам кетенчиктей басты.
— Неге келдим мен? Аа ооба жолдошуңа кайтарчуу нерсем көп! Мойнумда калуусун каалабайм!
Сөз эмне тууралуу кетип жатканын дароо байкаган аял, жырткычтын көзүнөн эч кандай коркуу деген сезими жок, жана тек кана кектин оту алоолоп турганын көрдү.
— Суранам, балама тийбе, балам кайда? Кегиң болсо менден ал, бирок балама тийбе.
Көзүнөн жашы тамчылай кетти. Азыр эле баласын дал ушунун колуна түшкөнүн элестетип алды. артка
— Чуш. Чууш.Сенин мында күнөөң жок, болгону муну тагдыр дейт. Качан жакыныңдан айрылганда түшүнөсүн дейт эмеспи ?Ыйлаба! Балаңа азырча убакыт жете элек! Сүйүктүүң баарын билип алаар деген ойдомун. Жүрөгү тилинип, сүйгөнүнөн айрылганда мени түшүнөт! Ооба түшүнөт!
Аял эми чындап баласы мында эмес экенин байкап, артын карабай качып жөнөдү. Бирок алсыз аялдын колунан эмне келмек эле. Шамалдай учуп жеткен кара көлөкө заматта аялдын алдынан торой, жерден бир кыйла бийик көтөрө, азуулу тиштерин аялдын алкымына батырып алды.Чаңырган аялдын үнү токой ичин жаңыртып, бир канча алыстыкта жүргөн эки дос дагы селейе калып, дароо токтой, артты көздөй кайра жөнөштү.
Денесинде тамчы каны калбагандай кубарган келин акырындан жан берип, өмүр менен кош айтышып бара жатты.
( уландысы бар )
Достор чыгарма жакса коммент калтырабыз. Каталарын оңдоп кошчуу жерин кошуп, алчуусун алып түздөп чыгарып жатам. Болбосо тузсуз тамактай болуп калат экен. Кечее кечке колум бошобогон үчүн, жаза албай, чыгара албай калдым. Билесиздер күз күрөш дейт эмеспи, кышка карата кам көрүп, колум бошобой, көпкө калып кеттим. Ал үчүн кечирим сурайм, жана көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат. Жакшыларым😘
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12