*_
✏ Мусулмандар бир ай бою саарлыкка турушту, саарлык азыктарын "биссмилла" менен баштап жешти. Тан кылайып атаар маалда Жаратканга жалбарып дуба, тообо-истигфар кылышты. Кундуздору болсо, Алла Тааланын ыраазылыгы учун ар кандай кыйынчылыктарга чыдап, ачка, суусап жургонго сабыр кылышты. Денелерин да, рухтарын да машыктырды, башкача айтканда, курсактарын да, тилдери менен конулун да толук башкаруу аркылуу отуз кундук орозолорун ыклас менен бутурду. Кулдуктун сыноосунан ийгиликтуу отушту. Шам намазына азан айтылаары менен дуба-тилекке жанаштыра ооздорун ачышты, жан дуйнолорун балкыткан асыл сезимдерге конул чалкытышты. Кедей-кембагал жана кароосуз жетим-жесирлерге дасторконун жайып, алардын курсагын да тойгузушту, уй-булодогу бала-бакыранын баарысы ооз ачуунун кубанычына тегиз арбалды. Таравих намазына барышты, жалпы жамаат менен камыр-жумур тегиз баары Алла Таалага баш ийип, сажда кылып намаз окушту. Журокторундогу очошуу, кек сактоо, ичи тардык, карозогойлук сыяктуу терс сезимдердин кенедей да таасирин койбой тазалашты. Кичипейил, ак конул, ыкластуу абалда жеткилен кулдук даражага жетишти.
✏ Бир ай бою ар бир кунду алдындагысынан да жакшы баалап, маанилуу откорушту. Учурунда оздорунон оздору эсеп алып, ички дуйнолорун кайрадан электен откоро тазалашты. Акырында керсейген баштар саждага жыгылды, Жаратканга кулдук кылуунун ырахатына жетишти. Куноолуу жолдордо куулонуп жургондор андай тескери жолдон терс бурулуп, соопторго, жакшылыктарга бет алып, туз жолго тушушту.
✏ Мусулмандар бул бир айды ачкачылык менен гана откорушподу, тек гана кара курсакка орозо карматып тим болбостон, колдорун, буттарын, тилдерин, коз-кулактарын да динибизде арам болгон иш аракеттерден, тыюу салынган создордон, кылыктардан корушту. Демек, бул айда курсак менен кошо бардык дене мучолорубуз орозо кармады. Буттар жамандык жакка баспады, колдор жаманга колдонулбады, коздор арамды карабады, кулактар беймаани, пайдасыз создорго тикирейбеди, тилдер орунсуз создорду, ушак-айындарды суйлободу.
✏ Ошентип, бул озгочо учурлардын майнаптуу натыйжасын мусулмандар мына бул айт кунундо корутундулбайт. Алла Тааланын кечиримине арзып, маанайлары жаркырап, конулдору толкуп, буткул айлана чойро озгочо шанга болонот.
📚 *_"КУТТУУ РАМАЗАН"_*
Башкалар менен бөлүшүп коюну унутпаңыздар. 🎀
*Катталыңыздар* 💐
_Инстаграмда :_ https://www.instagram.com/mir_musulmanok_kg/ _Одноклассникте:_ http://ok.ru/group/52101123014803 _WhatsApp:_
🚺 + 996550598390
🚺 + 996778795636
🚹 + 996779342166
*🏡 Мир Мусульманок*
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев