✏ Адат боюнча, айт куну тан саарда эртелеп туруп, мумкунчулук болсо толук бой даарат (гусул) алынат, болбосо даарат алынат да, таптаза жана тыкан ич, сырт кийимдер кийилет. Мечитке, намаз окулуучу жерге жоноп, бараткан жолдо ото шашкалактабастан токтоо, олуттуу кадам менен журуп Алла Таалага зикир-тасбих жана такбирлер айтылат.
✏ Орозо айтта, айт намазы учун уйдон чыгуудан мурда тамак-аш, же кээ бир таттуу нерселерден ооз тийип, ал эми Курман айт майрамында ошол кундун алгачкы ооз тийген тамагы катары, союлган курмандыктын этинен жеш суннот (бирок азыркы учурда шаарларда курмандык союу дайыма тез эле буто бербегендиктен, экинчи айтылып жаткан маселенин жузого ашуусуна кээде тоскоолдор болушу мумкун).
✏ Ошондой эле айт намаздарына кары-жаш, ал тургай тестиер балдардын да аралаш турдо, же убай-чубай тартип менен баруулары, айрыкча жаш балдардын бул себеп менен намазга конугуулору учун жакшы оболго тузмок.
✏ Айт намаздарына омурундо алгачкы жолу катышып жаткан адамдарга да башкача коз караш менен карабай, жылуу мамиледе болуп, жакынчылык корсотулгону он. Мындай адамдар бар болсо жакшы мамиле жасап, жакшы умут гана берген боордоштук куттуктоолорду айтканда, келечекте алардын диний турмуштун жагымдуу маанайын журоктон суйуп жашоолоруна жол ачылуусу мумкун.
✏ Айт намазды окуп бутуп, айт намаздын хутбасын угуп, дуба кылынган сон, намаз жайдын айланасында, айыл арасында, колу-коншулар арасында, уй-жайларда адат боюнча оз ара айтташып, куттуктоолор башталат.
✏ _Бул жерде эскерип отууго тийиштуу бир зарыл иш бар:_
Эч болбосо бир-эки кун мурда айт намазын кандай окулары жонундо билип алган жакшы. Бул жонундо чала билуу, же билбестикти жоюу учун дин багытындагы кызматкерлерден (муфтийден, имамдардан ж.б.) же билгендерден сурап уйронуу керек, же болбосо атайын даярдалган *"Ислам негиздери"* деген фыкх китептеринен окуп уйронуу керек. Кантсе да, жылына бир эки жолу гана окула тургандыгы себептуу, айт намаздары жонундогу унутулуп калган билимдерди жаныртып билип алган он. Бул, эртеси эртен менен айт намазын окуурда эмне кылаарын, эмнелерди айтаарын биле албай алдастап калуудан, же жанылыштык кетируудон сактанууга, айт намазын толук окууга оболго болот.
🌷 Соз сонун суйуктуу пайгамбарыбыздын (салаллооху алейхи ва саллам) мына бул хадиси менен тыянактамакчыбыз:
_*"Рамазан айынынын орозосун кармаган сон, буга (айт кундорунон кийин) Шаввал айында дагы алты кун кошуп (нафил) орозо кармаган адам, жыл бою орозо кармаган сыяктуу (соопко ээ) болот"*_
(Муслим, Сыям, 204)
📚 *_"КУТТУУ РАМАЗАН"_*
Башкалар менен бөлүшүп коюну унутпаңыздар. 🎀
*Катталыңыздар* 💐
_Инстаграмда :_ https://www.instagram.com/mir_musulmanok_kg/ _Одноклассникте:_ http://ok.ru/group/52101123014803 _WhatsApp:_
🚺 + 996550598390
🚺 + 996778795636
🚹 + 996779342166
*🏡 Мир Мусульманок*
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев