Бырыш баспай ооруса да гүл өңү,
Бул ааламга жаралгандай бир өзү.
Бир да жолу катуу айтпай, урушпай.
Апакемдин жумшак эле мүнөзү.
Сенин дагы татынакай гүл өңүң,
А мен үчүн жаралгандай бир өзүң.
Назик сүйлөп көңүлүмдү оорутпай,
Апама окшош сенин дагы мүнөзүң.
Сүйлөөр эле ар бир сөзүн салмактай,
Сөзү даамдуу сүт үстүндө каймактай.
Бирди эки кыламын деп ар дайым,
Иштечү эле апам байкуш дем албай.
Турмуш деген түйшүккө эч багынбай,
Эмгек кылып кыйналсаң да талыкпай.
Апама окшоп бирди эки кылам деп,
Жүрөсүң сен, чарчабастан чаалыкпай.
Чыйрак эле басканы да жүргөнү,
Кайраттуу эле каратчу эмес өңгөнү.
Жүрөктөгү ызалыкты тазалап,
Кетээр эле апакемдин күлгөнү.
Ачык айтып тартынбастан болгонун,
Апама окшош сенин дагы жүргөнүң.
Жылмайганда бүткүл аалам жарк эткен,
Жанга дары сенин дагы күлгөнүң.
Ардактуу эле айыл эли сыйлаган,
Туяр эле сырды эч ким туйбаган,
Ушунчалык назик эле жүрөгү,
Чымынга да жамандыктыкты кыйбаган.
Билесиң да сени күтүп жүрөмүн,
Сагынамын, сенсиң менин күйөрүм.
Эч бир жанга каалабаган жамандык,
Апамкындай сенин дагы жүрөгүң.
Эмне десем баарына макул болчу эле,
Айтканыма ойлонбостон көнчү эле.
Кагылайын берекем деп кагылып,
Апам мени абдан жакшы көрчү эле.
Билем сени мага көңүл бөлөсүң,
Жылмаясың аяп мээрим төгөсүң.
Билгизбестен ичке катып жүрсөң да,
Сен да апамдай мени жакшы көрөсүң.
Экөөңдү тең мен да жакшы көрөмүн,
Экөөң деп мен жашап өмүр сүрөмүн.
Эки асыл жан жашаганда эч качан,
Оорубастан сого берет жүрөгүм.
Автор: Жыргалбек Усенов. 03.08.2024.
22:20 Москва
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1