Дүйнөдөн Атанын көзү өткөнү өтө кыйын экен . Таш түшкөн жеринде оор дешет .
Айрандай уюп жаткан бир айылдагы бир үйдүн Атасы дүйнөдөн кайтыш болуп , аялы менен төрт уулу калды .Бул жоготуу Асман айланып түшкөндөй , чынар терек кулагандай бир бүлөөнүн эсин оодарып койду . Үйдүн чоң уулу бул жоготуудан соң тез эле чоңойо түшкөнсүдү . Шаарга барып окууга тапшырып , соң адам болом деген үмүттөрү бар эле . Атасы өлгөн соң үч иниси менен апасын таштай албай бир үйдүн тиргилигин мойнуна алды . Короодо калган он койдун башын курап айылда калды . Айылда кайсы кара жумуш болсо башында ошол болуп , инилерин бой жеткизди , окутту , чокутту . Убакыт деген учкан куш эмеспи . Убара менен жүрүп жыйырма жыл өтүп кетти . Инилерин эч нерседен кем кылбайм деп жүрүп чачтарын ак аралап калгыча өзү тиргиликтен артта калганын сезбей калды . Өзүн эмес өзгөнү ойлогон инсандар ушундай болот экен . Тек гана кээде аялы турмушуна наалынып калат . Ошентип Апасы да оо дүйнө салды . Үнүрөйгөн үй калды .
Шаардан инилери келиндер менен конок болуп келе турганын айтып кабар жиберишти . Кабарды уккан аялы от алып кетти . Ичинде кандай сезимдер бар белгисиз айтор айтылбай турган сөздөр айтылып кетти .
- Үйдүн чоңу деп жүрүп , ушу инилерим деп жүрүп жыйырма жыл өттү . Жок дегенде бутуңду артып жүргөнгө жаман машина албадык . Башпаанек кылган үйүбүздүн кебетеси бул . Жок дегенде инилериң эртерээк айтып койбойт . Аларга койгонго дасторконго эч нерсе жок . Бул деген өмүр . Мен башта айтканмын . Шаарга көчүп кетели . Үй салалы деп . Ушул дагы өмүрбү?
-. Ой Катын болду эми . Токтот сөзүңдү . Мындан жыйырма жыл мурун кара тумандын арасында калган күндөрдү билесиңби ? Ошол кара тумандын арасында кай тарапка басаарды билбей калдык . Жалгыз Апам менен бир туугандарыма өмүрүмдү курман чалбасам азыр инилеримдин күнү эмне болот эле ? Өмүр ушул боюнча бүтүп кетмек беле ? Кудайдын бизге арнап койгон сыйы бардыр .
Инилери келиндери үйгө кирип келишти . Кучакташып көрүшүп дасторкон үстүнө отурушту . Өздөрү ала келген таттуулар менен дасторкон көркүнө чыга түштү . Чай ичилип бүткөн соң бир иниси соз баштады .
- Айланайын менин чоң агам , алтындай жеңем . Биз үчүн өмүр арнап , ушул айылдан шаарга көчпөй отурдуңуздар. Бизди эр жетилтип окуттуңуздар. Сиздерге таазим кылам . Сиздерге сыйым бар . Шаардан төрт бөлмөлүү үй алып , докмент кагазын сиздин атыңызга жаздырдым . Мынакей ачкычы .
Аганын көзүнөн жаш кылгырып , сүйүнүп отурду . Жеңеси да бир бурчта ыйлап жатты .
Дагы бир иниси соз баштады
- Менин сизге сыйым бар . Унаа алып берүүгө чогулткан акчам бар эле . Ошону кабыл алыңыз . Менден кичүү иним унаа алганын угуп акчасын эле алып келдим - деп акча сунду .
Кичүү иниси
- Иий ага айтып койдуңуз да . Эми кызыгы болбой калды да .
Баары күлүп агасын куттуктап жатышты .
Ушул кезде агасы менен жеңеси көздөрүнөн эле эмес жүрөгүнөн да сүйүнүчтөн ыйлап жатышты . Алар дүйнө мүлккө бир заматта бөлөнүп калганына эмес , бир туугандарынын адамдык касиеттерге кенелип өскөнүнө сүйүнүп ыйлап жатышты .
#сабак
Автору ; Асылбек Эускан уулу .
Казак тилинен которулду .
Которгон :
Кадыралиева Жазгүл
Адыр айылы
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 34