- Токсикоз деген эмне? Ал эмнеден пайда болот? Эмне үчүн кээ бирлерде токсикоз жеңил, кээ бирлерде оор өтөт?
- Айым кош бойлуу болгондон баштап организмде токсиндер, башкача айтканда, уулуу заттар бөлүнүп чыга баштайт да, токсикозду пайда кылат. Эгерде кош бойлуунун боору, бөйрөгү, ашказаны ж.б. жерлери ооруса, каны аз болсо, организмге витамин жетишпесе, кыскасы, ден соолугу начар болсо, токсиндер көп болуп, айымды сөзсүз түрдө токсикоз кылат. А эгер эч жери оорубаса, токсикоз болбойт. Демек, токсикоздун жеңил же оор өтүшү, же таптакыр болбошу мына ушул токсиндерге байланыштуу.
- Уксус, арак, топурак, борго, тезектин же тамекинин жытына д.у.с. талгак болсо эмне кылуу керек?
- Муну медицинада "бузуку табит" деп атап коюшат. Жогоруда айтып өткөндөй, бул да ден соолуктун начарлыгынан улам келип чыгат. Буга атайын таблеткалар бар. Врачка өз убагында кайрылса, ал ошол таблеткалардын керектүүсүн жазып берет. Аларды ичсе эле баары жайында болуп калат.
- Токсикоз канча убакытка созулат?
- 1-2 же 3 айга чейин эле. Андан ашык болбойт. Андан узак убакытка токсикоз болгондор өтө чанда кездешет.
- Кээ бирлер токсикоздо катуу жүрөгү айланып, таптакыр тамак ичпей калышат. Мунун балага зыян жагы канчалык?
- Чоң зыяны бар. Болочок эне тамактанбай койсо, организм керектүү азыктардан куру калат, ачкаланат. Натыйжада, курсактагы бала өспөй калат. Мындайда айым дароо врачка кайрылышы зарыл.
- Кээде айым жакшы тамактанса деле кош бойлуулуктун алгачкы мезгилинде бала өспөй калган көрүнүштөр бар. Эмнеден улам ушундай болушу мүмкүн? Буга эненин күнөөсү барбы?
- Эненин күнөөсү - өз убагында врачка кайрылбаганы. Кош бойлуунун организминде кайсы бир инфекциялык оору бар болсо да бала өспөй калышы ыктымал.
- Эмне себептен айрым балдар ичтен патология менен (мисалы, итий же кайсы бир жери майып болуп) төрөлүшөт?
- Организмдеги ар кандай инфекциялык оорулар, мисалы, сасык тумоо, кандын аздыгы, кош бойлуу кезде рентгенге түшүү баланын патология менен төрөлүшүнө алып келет. Ошондуктан,боюнда бар кезде айым айрыкча сасык тумоо менен ооруп калуудан сактанышы кажет. Бирөө менен өбүшүп учурашпасын, көпчүлүктүн арасына баруудан качсын. Мурунга оксолин мазын сүйкөп жүрсө, сасык тумоонун алдын-алат.
- Айым дайыма сасык тумоо менен ооруп жүрүп төрөсө, бала кандай болуп төрөлүшү мүмкүн?
- Кош бойлуу кезде грипп болсо, жатындагы суу азайып же көбөйүп кетет. Бала аң-сезими начар, акылсыз, ден соолугу чабал, жүрөк оорулуу болушу ыктымал. Негизи, сасык тумоонун кесепети аябай жаман. Сасык тумоодон улам бала мобул эле оорулар менен төрөлөт деп кыска айтууга болбойт. Ал баланын ар кандай түркүн-түмөн оорулардын бирөөсү менен төрөлүшүн шарттайт.
- Боюнда барда врачка кеңешпей туруп өз алдынча ар кайсы дарыларды иче берсе натыйжасы эмне болот?
- Боюнда барда иче турган жана ичпей турган дарылар бар. Анан врач менен кеңешпей эле өзү билип ар кайсы дарыны ичсе, бала майып болуп төрөлөт.
- Кандай учурларда бойдон түшүп калышы мүмкүн?
- Сасык тумоо менен ооруса, жатындын оозу бош болсо (бул ар бир айымдын анатомиялык жеке өзгөчөлүгүнө жараша болот), оор көтөрсө, стресске учураса...
- Энедеги кайсы оорулар ген аркылуу балага өтүшү мүмкүн?
- Балага ген аркылуу өтүүчү оорулар булар: кант диабети, гипертониялык оорулар (кан басым оорулары), муун оорулары, сарык, залалдуу шишик (рак) оорулары. Ал эми гемофилия аттуу оору (кан оорусу, кандын суюлуп кетиши) көбүнчө эне аркылуу эркек балага берилет. Эгерде курсактагы баланын атасы жагында же энеси жагында аталган оорулар менен ооругандар бар болсо, демек, бул оорулар балага да өтүп, тукум кубалайт.
- Бойдо бар кезде чачты боёсо, кессе эч нерсе болбойбу?
- Кээ бирлер ушул сыяктуу ашыкча ырым-жырымдарга ишенип алышат. Ал өзүлөрүнүн жеке ишенимине байланыштуу. Болбосо медицина жаатынан алып караганда, боёсо да, кессе да эч зыяны жок.
- Эмне үчүн кош бойлууларга бийик такалуу бут кийим кийбегиле дешет?
- Кош бойлуу айым "жүк" көтөрүп жүрөт да. Салмагы оор болот. Ошого карабай бийик такалуу бут кийим кийип ала турган болсо, бат чарчайт, буттары ооруйт, бутунун кан тамырлары чыгып, варикоз оорусуна чалдыгат.
- Курсакты кыскыдай тар кийим кийсе зыянбы?
- Албетте, зыян. Бала ээн-эркин өсүшү керек да. Анан апасы курсагын кысып тар кийим кийип алса, кыймыл-аракети начар болот, өспөй калат.
- Боюнда барда эмчек, курсак, сан терилер кычышат. Тырмап салса эмне болот? Тырмабаш үчүн эмне кылыш керек? Ал эми үй шартындачы?
- Бул ар кимдин терисинин өзгөчөлүгүнө жараша. Мисалы, кээ бирлердин териси кургак, чоюлчаак эмес. Ошон үчүн алардыкы курсак чоңойгон кезде кычыша баштайт. Айрымдардыкы болсо жумшак, чоюлчаак. Мындайлардын териси эч нерсе болбойт, кычышпайт, жарылбайт. А негизи, кычышканда тырмап салса тери жарылат. Дарыканаларда атайын кош бойлуулар үчүн теринин кычышканын басуучу кремдер сатылат. Ошолордон сатып алып, кычыша баштаганда сүйкөш керек. Эгерде такыр акчасы жок болуп, дарыканага баралбай калса, кадимки эле вазелинди сүйкөсө да пайдалуу.
- Кош бойлуу эне көп кайгырып-капаланса бала ыйлаак болуп төрөлөбү?
- "Баланы курсакта жаткан кезде эле тарбиялаш керек" деген сөз бекер эмес да. Боюнда барда музыка угуп, таза абага чыгып сейилдеп, тогуз саат уктап, дайыма өзүн тынч абалда алып жүрүшү керек. Анан аз уктаса, таза абага чыкпаса, дайыма нервденип жүрсө, бала ыйлаак болуп калышы толук мүмкүн. Анткени, эненин психологиялык абалы түйүлдүккө таасир этпей койбойт. Катуу нервденсе алтургай боюнан да түшүп калуу коркунучу туулат.
- Эмне үчүн кээ бир айымдардын бетине сепкил, так түшүп кетет?
- Анын себеби ден соолугуна байланыштуу. Боору же бөйрөгү ооруса, бетке сепкил, так түшүп кетет. Мындан тышкары, кош бойлуу кезде гормондор өзгөрүп, натыйжада, кээде организмде меланин (теринин, чачтын курамында сакталуучу күңүрт түстүү табигый так) көбөйүп кетиши мүмкүн. Бул да так менен сепкилди пайда кылат.
- Дал ошол сепкил менен такты түшүрбөөнүн алдын-алуунун жолдору барбы? Аларды төрөгөндөн кийин кантип кетириш керек?
- Бар, кош бойлуу кезинде айым күндөн сактануусу, боору менен бөйрөгүн текшертүүсү зарыл. Төрөгөндөн кийин косметологдорго барсын, боору менен бөйрөгүн дарылатсын.
- Боюнда барда бетине крем сүйкөбөш керек, сүйкөсө сепкил кетпей калат деген чынбы?
- Жок, бул туура эмес. Эгерде крем сүйкөп алып дароо күнгө чыкса, боюнда жоктордун деле бети карарып кетиши мүмкүн. Андыктан, үйдөн бетине кадимкидей эле кам көрүп, көчөгө чыкканда болсо күнгө күйүп калуудан сактаган атайын кремдерден сүйкөп алып чыкса эч нерсе болбойт.
- Төрөт учурунда геморройго кабылбоо үчүн аракет кылса болобу? Чыккан геморрой төрөгөндөн кийин кайра калыбына келеби же төрөгөн сайын күчөп чыга береби?
- Геморрой чыгышы ыктымал. Анткени, айым оор көтөрүп жатпайбы. Курсактагы баласы эле 3-4 килограмм болсо, ага жатындагы суусу кошулуп 5-6 килограмм болот. Бул салмакты көтөрүү оор болуп, жамбашка, көтөн чучукка күч келет. Ошондуктан, төрөтүп жаткан врачтын айтканын угуп, "ыйын" дегенде гана ыйынуу зарыл. Жөн эле ыйына берсе геморрою чыгып кетет. Бул калыбына келбейт. Чыккан геморрой кайра кирип кетпейт. Бирок төрөгөн сайын күчөшү толук мүмкүн. Ушул себептен улам төрөгөндөн кийин 3-4 жыл төрөбөй эс алуу керек.
- Азыр төрөт алдында аялга клизма жасабай, жыныстык мүчөсүнүн тегерегин кырып тазалабай калышты. Эмне үчүн? Же мунун төрөй турган аялга кандайдыр бир пайдасы барбы?
- Акыркы убактарда америкалык ыкма кабыл алынган жана бул ыкма бардык төрөт үйлөрүндө колдонулуп жатат. Тактап айтканда, айым кааласа жатып, же туруп, же отуруп, же арканды кармап алып, айтор, ар кайсы жерде ар кандай жол менен төрөгөнгө уруксат берилген. Кээ бир аялдар жыныстык мүчөсүнүн тегерегин кырып, тазалаткысы келбейт. Ошондуктан, азыр кандай болсо, ошол бойдон төрөшөт. Ал эми "клизма жасагыла" деп суранса, анда жасап бериши ыктымал.
"Ичтин көрүнүшүнө карап баланын кыз же эркек экенин биле аламбы?"
- Азыр жети айлык боюмда бар. Угушума караганда, "бала эркек болсо ич тик, шуштугуй болуп, кыз болсо жазы, жайылып турат" дешет. Ичимдин көрүнүшүнө карап курсактагы баламдын кыз же эркек экенин аныктасам болобу? Анткени, азыр меники жайылып турат. Ал эми күйөөм экөөбүз уул күтүп жаттык эле.
Сабира, Ысык-Көл облусу.
- Буга 100 пайыз ишенүүгө болбойт. 50-60% гана туура чыгышы мүмкүн. Өтө ишенип, маанайыңызды чөгөрө бербеңиз.
"Календарь менен эсептеп төрөөгө ишенсе болобу?"
- Менин эки уулум, бир кызым бар. Ошол кызыма жолдош кылып дагы бир кыз төрөп алсам дегем. Эгерде календарь менен эсептеп, пландап төрөсөм, бул канчалык деңгээлде туура чыгат? Ишенсе болобу?
Элвира, Нарын облусу.
- Календарь менен эсептеп төрөөнүн 80-90 пайызы туура чыгат. Ишенсе болот. Анткени, муну мен өз практикамда далай көрүп жүрөм, далай айымдарды календарь менен эсептеп төрөтүп жүрөм. Максатыңызды коркпостон ишке ашыра бериңиз.
"Төрөт үйүнө ачка
барышым керекпи?"
- Буюрса, ай-күнүмө жетип, эртең-бүгүн төрөйм го деп турган кезим. Бул - менин биринчи төрөтүм. Сурайын дегеним, мага кээ бирлер "төрөт үйүнө тамак ичип алып барба, ачка бар, антпесең ыйынганда заң чыгып кетет" деп айтышты. Ал эми өз апам "жок, балам, ичип эле бар" дейт. Кайсынысы туура?
Сезим, Токмок шаары.
- Тамак ичип алып эле барган жакшы. Тамак күч берет да. Ачка барбаш керек. Себеби, ачка барсаңыз алсыз болуп, ыйына албай каласыз. Ал эми ыйына албасаңыз, төрөй албайсыз. Мунун натыйжасы операция жолу менен төрөтүп алууга аргасыз кылышы мүмкүн.
"УЗИге бат-баттан
түшүү зыян эмеспи?"
- Мен айылда жашайм. Алты айлык боюмда бар. Буга чейин үч жолу: эки жолкусунда врачтын айтуусу менен, үчүнчүсүндө болсо баланын кыз же эркек экенин билиш үчүн өзүм эле УЗИге түшкөм. Бирок ким экенин так айта албай коюшкан. Ошондуктан, дагы барып түшүп, аныгын билсемби дегем. УЗИге бат-баттан түшө берсе эч нерсе болбойбу?
Минара, Ош облусу.
- Негизи, биз балага 12, 15-16, 19-20 апта болуп калган кездерде гана УЗИге түшүрөбүз. Башка убактарда УЗИге түшүрүүнүн таптакыр кереги жок. Анткени, балага ультрафиолеттүү нурлар терс зыянын тийгизбей койбойт. Кокус балада кандайдыр бир өзгөрүүлөр байкалып, УЗИге түшүрүү зарыл болуп жатса, анда айла жок. Мисалы, бала туурасынан жатып калса, жүрөгү жакшы сокпой жатса, бойдон козголуу коркунучу болсо... Андыктан, балаңыздын ден соолугу керек болсо, түшпөй эле коюңуз. Ким экенин төрөгөндөн кийин деле билип аларсыз.
Суроолорго №5 Үй-бүлөлүк
борбордук дарыгерлер тобунун 1-категориядагы
акушер-гинекологу
Жанибекова Майрамкан
Расуловна жооп берди.
#13
Комментарии 31