● Ким дайым «алхамдулиллах» деп Аллахка шүгүр айтып жүрүүнү адат кылса, анда ал адамдын жашоосу жакшылыктарга толот.
● Ким дайым «астагфируллах» деп Аллахтан күнөөлөрүн кечирүүнү сурап жүрсө, анда ал адамдын жолу ачылат жана ишин ийгиликтер коштойт.
● Ким дайым «саллаллаху алейхи уа саллам» деп пайгамбарыбызга салават айтып жүрсө, анда анын күнөөлөрү кечирилет жана кайгы-капалыктан кутулат.
● Ким барчылык кезде Аллахты эстеп жүрсө, анда Аллах аны кыйналган кезинде эстейт.
● Ким ар бир ишинде Аллахка гана таянса, Ал ага жетиштүү болот.
● Ким ар бир муктаждыгын Аллахтан гана сураса, анда Аллах аны эч кимге муктаж кылбайт жана эч бир нерседен кем кылбайт.
● Ким Аллахтан гана коркуп такыбалык кылса, анда Ал аны кыйынчылыктан чыгарат жана ал күтпөгөн жактан ырыскы берет.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7