Туулган айлым- Көк-Сай айлым, берекем,
Бул дүйнөдө башка мекен тең бекен?
Манас Тоосу сыймыгыңа керилет,
Кең Таластын көрктүү жерин ээлеген.
Кан тамырдай аккан дайра- Күркүрөө,
Карт тарыхтай сырын катат бул күнгө.
Көк Теңирдин берген ыйык бул сыйы,
Ай...