Бул китепти биздин интернет дүкөнүбүздөн сатып алсаныз болот. 0706-123-004 Ватсапп номери аркылуу заказ кылыңыз
Жүр... Иш бүттү... – деп күбүрөп, Шералинин эски тебетейин башына кийгизди, өңүрлөрү шөлбүрөгөн көөнө чепкенин кийгизди, шашкандан калтыраган колдору менен белин курчантты. Эжеси Жаркындын эри болгондуктан кичине жан тарттыбы же жөн эле боору ачып кеттиби, Шералинин үстү-башын ушу убакка чейин эл көргүдөй кылып обуштуруп койбогондугу үчүн ичинен Нүзүпкө кине ойлоп кетти. Ханзаадабыздын кейпи ушубу? Кайдагы бир сандалган карыпты ханзаада деп алган булар дебейби эл?..
Чатырдан Шерали чыкты. Ал кубанычын эч жашыра албай, чекеси тердеп, ууртун жыялбай кишилерди чексиз ыраазы болгон баё көздөрү жал-жал тиктеп чыкты. Бир чыканагынан Кедейбай, бир чыканагынан кыпчак уругунун беги Мусулманкул аста сүйөп чыкты.
– Курал! Туу!
Тарсылдап асманга мылтык атылды. Чатырдын эки жагында турган дабылпаздар жан үрөп, дабылдарын сабап киришти, кернайлардын бакырыктарына дабылдар кошумча болуп, жер дүңгүрөдү. Жай оттоп жүргөн аттар баш көтөрүп кулактарын тикчийтти, бүт кошун селдей шатырап, колбашчынын чатырынан кылкылдап жылып келе жаткан туунун алдын торой жүгүрдү.
Алдыда кылычтарын ийиндерине жалаң кармап эки жоокер, алардан саал артта туу, туунун артында Нүзүп, көздөрү кыпкызыл болуп кеткен, иреңи бир кубарып, бир кан толкуп баратты. Шерали эки жагын каранып, эки тарапка жамырап тизилип аваз кылып турган жоокерлерге ал дагы аваз кылып, баё көздөрүн алаңдатып, ылжайып дагы эле ууртун жыялбай келатты.
Алар ойногон балыктын канатындай жалт-жалт этип серпилип, түз өзөндө кылтылдап агып, күнгө жалтырап жаткан суу боюндагы ак, сары, кызыл гүлдөр ыргалып турган жашыл майданга карай жай келатышты. Жашыл майданда кара комок болгон көп элдин ортосунда кардай ак кийиз жайылып жатты. Алар ошол ак кийизди көздөп келатышты.
Аваз кылган эл туш-туштан кысып келишип, ортодон как жарылып жол коюшуп, колдорун бооруна алып таазим кылып, күңгүрөп салам беришти, ээрчип чуркашты.
– Ой... Кайсы?.. Кайсы, ыя?..
– Тигине беле!..
– Бутундагы көн чарыгын карачы... Куда-а... көктөлө берип көн чарыктын уурттары түйрүлүп кетиптир...
– Хи-хи...
– Секин!.. Тамагыңдан каның алынып калып жүрбөсүн...
Дүүлдөп тоскон, тапырап ээрчиген көпчүлүктүн арасынан Нүзүптүн азезилдей сак кулагы бул сөздөрдү илип алып баратты. «Куп болду. Эл көрсүн. Шералинин ким экенин көрсүн. Шералини кандай кейпинде кимдин күчтүү колу желкесинен көтөрүп барып ак кийизге салганын көрсүн. Укумдан-тукумга сөз калсын», – деди ою.
Туу желбиреп кийиз жайылган жашыл майданга келип токтоду. Кернайлардын, дабылдардын тынымсыз дүңгүрөшү, кан көксөгөн салтанаттын муздак сүрү жүрөк сестентет.
Жайылган ак кийизди иргелген тайпа бийлери тегеректеп күтүп, бирөвү үстүнө кызыл төрбөлжүн жабылган кара кирпик кара жал акбоз бээни сагагынан кармап турган. Курбан чалынар, каны ак кийизге чачылар ыйык мал.
Нүзүптүн курч бычактын учундай тик көзү жакынкы тургандарды бир кыдырып чыкты да, бийлердин арасында турган он беш жаш чамасындагы балага келип токтолду. Баланын иреңи күзгү жалбырактай сапсары, бетинен түгү чыгып, эриндери көгөрүп, титирек басып, кирпигин алсыз ирмегилейт. Бир тизеси олдоксон бүгүлүп, ошол жак ийни пас түшүп, колу жансыздай шалдайып өз денесине жубубай турду. Нүзүп көзүн тартып кетти:
– Баштагыла... – деди акырын.
Кернайлар, дабылдар тып басылды. Бир да тике турган киши калбай эл жер жайнап отуруп калышты. Кары улама курандан хутба сүрөөнү түшүрдү. Эл сүрөөнү дем тартпай, былк этпей угушуп, Шералинин урматына багышташты. Бетке кол тартылары менен кернайлар кайрадан күчөп бапылдап, дабылдар баш кеңгиретип дүңгүрөп кирди.
– Кана! Аллау акбар! Аллау акбар! – деди улама киркиреп. – Аллау акбар, аллау акбар...
Түнөргөн кишилер баланы колтуктарынан сүйөп:
– Коркпо... Коркпо... – деп жооткотуп, алдыга өткөзүштү, ак кийиздин четине өтө жакындатышты. – Коркпо, эчтеме болбойт, – эчтеме болбойт...
Бала «эмне болорун», «эмнеден коркорун» түшүнө алган жок. «Бээге мингизеби?..» – деп ойлоду. Тизгин тута албайт ко?! Жыгылат ко азоодон?! Эми оз оюнан өзү коркуп, эки көзү жылтырап жашылданып, энтигип, оозу жарым ачылып, муун-жүүнү калтырагандай болду. http://kitepkana.kg/%D0%BA%D0%B0%D1%80%D0%B0%D1%81%D3%A9%D0%B7/%D1%81%D1%8B%D0%BD%D0%B3%D0%B0%D0%BD%D0%BA%D1%8B%D0%BB%D1%8B%D1%87.html
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4