Күйөөгө намысын арнаган аял эч качан өзүнөн бай жашаган, өзүнөн мыкты кийинген, өзүнөн шарттуу жашаган башка бир курбусунун же эже-сиңдисинин жашоосунан таасирленбөө керек. Эгерде күйөөсү камсыздоого аракет кылып жатса, бирок көңүлдөгүдөй жетиштүү болбосо, аял ал нерсе үчүн убайымга батпоо керек!
Урматтуу эже-карындашым! Жашоо бул уруш-жаңжал, бакыт-кайгы, барчылык, жокчулуктун үстүнө курулган. Сен суктанган байлар дагы ыйлашат. Ар кимдин өзүнө жараша түйшүгү бар. Күйөөң жөндөн-жөн сени урбаса, тамак-аш менен камсыздоого колунан келген аракетин кылып жатса, сенин милдетиң күйөөңдүн мээсин жебестен жөлөк болуу. Сага жакшы көрүнгөн башка эркек, күйөөңчөлүк сени баалай албайт. Андыктан, башкалардын жашоосуна такыр кызыгып, тамшанбагын! Сен күйөөң үчүн гана аруусуң! Күйөөң үчүн гана баалуусуң!
Чоочун эркек үчүн каражат катары көз караштасың!
Максатбек Асан уулу.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев