Сиздердин жалпыңыздарды Орозо Айт майрамы менен МИРГРАНТ КАЙРЫМДУУЛУК ФОНДУНУН ЖАМААТЫНЫН атынан чын жүрөктөн куттуктайбыз!
⠀
Баарыбызга маалым болгондой, быйылкы 2020-жыл оор жылдардын бири болду. Буга себеп, бүткүл дүйнөгө таралган таажы илдети эсептелет. Бирок, ушундай оор кырдаалга карабай, биздин фонд четте карап турбастан, муктаждарга колдон келген жардамын аяган жок. Андан сырткары кирип келген айт марамына карата муктаж мекендештерге майрамдык маанай тартуулоого да жетишти. Учурдан пайдаланып фондубуздун алгачкы кылган иштери тууралуу айта кетүүнү туура көрдүк. ⠀
Сиздердин көмөгүңүздөр жана жалып элибиздин ынтымагы менен, фитр-садака катары чогулган каражатка 1600 даана баштык; күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү ар түрдүү азык-түлүктөр кайрымдуулук үчүн сатылып алынды.
⠀
85 адамдан турган ыктыярчылар тобу майрамга карата азык-түлүктөрдү чогултууга жардамдарын беришти. Алар картошка, пияз сорттоп, ун, күрүч, сүт ж.б азыктар салынган баштыктар 65 унаа менен муктаждардын даректерине жеткирилди. Көп саат бою жолдо унаа айдап рулда жүрүү чоң эмгек. Бирок биз бул нерсени Аллахтын жардамы менен жасай алдык!
⠀
Муктаж болгон, көп балалуу, кош бойлуу жана майып жарандар майрамдын урматына азык-түлүк жардамын ала алышты. Албетте, биз бул нерселерди сиздердин жардамыңыздар менен ишке ашырдык.
⠀
Муктаж болгондорго жардам берүү үчүн каражат берип, кол сунган бардык жарандарга ыраазычылык билдиребиз жана берилген фитир садакалардын кабыл кылуусун Аллахтан сурап дуа кылабыз.
⠀
Ошондой эле бизге жардамдашкан ыктыярчыларга фонддун атынан чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Биздин фонд сиздерди дайыма баалайт жана эч качан унутпайт.
⠀
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!
ЖАМАНДЫК ИШТЕ ЖЕТЕКЧИ БОЛГОНЧО,
ЖАКШЫЛЫК ИШТЕ ЭРЧҮҮЧҮ БОЛ, ЗАМАНДАШ!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1