Бул тууралуу Turmush басылмасына жергиликтүү тургундар билдирген.
Маалыматка караганда, каза болгон жигит аны атууга шектелип кармалган 48 жаштагы Х.Д.нын кызы менен 2 жыл жашап, 1 кыздуу болгондон кийин ажырашып кеткен. Ал 1 ай мурда башка бирөөгө үйлөнүп, бирок мурдагы аялына тынчтык бербей келген. Х.Д. кызын башка бирөө менен кудалашып койгондо мурдагы аялын кызганган күйөө бала ал жигит менен да мушташып жаңжал чыгарган.
Мындан сырткары биринчи аялынын үйүнө барып уруш чыгарып, аны уюлдук телефонуна тартып, «интернетке жарыялайм» деп опузалап жүргөн. Анын кесепетинен келиндин атасы Х.Д. мурдагы күйөө баласынын үйүнө барып, аны коркутуп коюу үчүн мылтыгы менен далысына аткан. Бирок жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон. Анын денеси 28-октябрь күнү жерге берилди.
Бул факт боюнча Жазык кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 17