Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg” маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиат ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.Бүгүнкү биздин сыныбыздагы коногубуз “Кыз-Бурак” тобунун “Кайдасың?” деген ырын талкууга салалы. “Кайдасың” деген ыр негизинен “Кыз-Бурак” тобуна таандык эмес.Аталаган ыр, Египеттик ырчы жана компазитор Амр Диабга таандык. Ырчынын толук аты Амр Абдель Бассет Абдель Азиз Диаб. Ал 1961-жылы, 11-октябрда Египетте, Порт-Саид провинциясында туулган. Көбүнчө ырларды араб тилинде ырдайт. Ырчынын репертуарындагы ырлар, англис, орус, хорват, болгар, албан, хинд жана башка көптөгөн чет тилдерге которулган. Төрт баланын атасы. Биринчи жубайы Шерин Ридандан бир кызы бар. Дүйнөнү дүңгүрөткөн Амр Диаб, Египеттен чыккан алгачкы атактуу ырчылардын катарын толуктаса, бир нече Эл аралык сыйлыктардын ээси.Төмөндө "Кыз Бурак" тобунун ырчылары менен Амр Диабдын ырдаган видеотасмасы бар. Ырды угуп, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2