Предыдущая публикация
Ыйлагым келип,
Сезимим ойго чөмүлдү,
Ыр жазчы мага,
Көтөрүп назик көңүлдү,
Дем берип турсун,
Жашоого жазган ырларың,
Үздүрбөй үмүт,
Узартып ушул өмүрдү.
Муңканып азыр,
Капалуу турам кайгырып.
Жүрөмүн ооруп,
Санаага койдум алдырып.
Ыр жазчы мага,
Куткарып алчы ойлордон.
Сүйүүгө болгон,
Үмүттүн отун жандырып.
Өксүймүн ичтен,
Буулугам, ыйлайм буркурап.
Ар кандай сөздөн,
Жан дүйнөм турат чыркырап.
Булуттан алып,
Арзуунун кошуп жыргалын,
Ыр жазчы мага,
Махабат көлдөн ыр курап.
Ыр жазчы мага,
Үзүлүп кетсе мейличи,
Көөдөндөн жаным,
Асманды көздөй чыркырап.
Жаратман: Жыргалбек Усенов. 23.02.2025.
14:32 Москва.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1