*
*САЛИХА АЯЛ .....*
*ИСА ( а.с ) дын Доорунда бир САЛИХА АЯЛ КАМЫР ЖАСАП , тандырга от жагып , НАМАЗ Убактысы болуп калып , Намазга киришет , Намаз окуп жаткан учурда шайтан бир аял сүрөтүндө келип , айтат : Камырың күйүп кетти - деп , ал Аял ал сөзгө эч кандай көңүл бурбай НАМАЗЫН уланта берет . Шайтан ал Аялдын Баласын алып тандырдын ичине таштап : Балаң күйүп калды - дейт , ага да көңүл бурбай , НАМАЗЫН бузбай окуй берет . Күйөөсү келип Баласын Тандырдын ичинде ойноп , колу менен чокторду эки жака оодарып олтурганын көрүп , баласын Тандырдын ичинен чыгарат караса , колундагы чок : кымбат баалуу таштарга айланып калган экен .*
*Ал киши ИСА ( а.с ) га барып бул окуяны айтканда , ИСА ( а.с ) ал Аялды чакырып , сен эмне Амал кыласың - дегенде , ал Аял айтат : Мен качан ДААРАТЫМ БУЗУЛСА , АРТЫНАН ТОКТООСУЗ ДААРАТ АЛАМ , ДААРАТ алгандан кийин сөссүз ЭКИ РЕКЕТ НАМАЗ ОКУЙМ , мага бир адам ажетин сурап келсе , мен өзүм ишим койуп анын ажетине жардам берүүгө аракет кылам , Адамдардан мага кандай ызаа жетсе да САБЫР кылам , Өлүктөр Тирүүлөрдүн ызаасына САБЫР кылган сыяктуу .*
*Ибнни Атоуллох айтат : МОМУН АДАМ НАМАЗ окуп , НАМАЗЫН АЛЛАХ - ТААЛА КАБЫЛ кылса ошол НАМАЗДАН бир ПЕРИШТЕ жаратат , ал ПЕРИШТЕ КЫЯМАТ КҮНГӨ чейин ошол кишинин Намазындай НАМАЗ окуйт анын СООБУН ошол кишиге жазылат .*
*Аисобури ( р.а ) айтат : АДАМ ( а.с ) БЕЙИШТЕН жерге түндүн караңгылыгында түшүрүлдү таң жарыганда : караңгылыктан чыккандыгынын ШҮГҮРҮНӨ ЭКИ РЕКЕТ НАМАЗ ОКУДУ , андыктан БАГЫМДАТ НАМАЗЫН ОКУУ БИЗГЕ ПАРЗ БОЛДУ .*
*ИБРАХИМ ( а.с ) башына ТӨРТ кайгылуу иш бирикти .*
1- *чи : БАЛАСЫН КУРМАНДЫККА ЧАЛУУ КАЙГЫСЫ .*
*2-чи : АЛЛАХ - ТААЛАГА БЕРГЕН убадасын аткаруу кайгысы .*
*3-чү : БУЙРУКТУ АТКАРУУ кайгысы .*
4- *чү : МУСАПЫРЛЫК КАЙГЫ . АЛЛАХ - ТААЛА ушул төрт кайгыдан куткарды эле , анын ШҮГҮРҮНӨ ТӨРТ РЕКЕТ НАМАЗ ОКУДУ , ошол учурда КҮН ООГАН УБАКЫТ ЭЛЕ , андыктан БЕШИН НАМАЗЫ 4 РЕКЕТ ОКУУ БИЗДЕРГЕ ПАРЗ БОЛДУ .*
*ЮНУС ( а.с ) га да төрт караңгылык бириккен эле .*
*1-чи : Өз Коомуна ачууланган караңгылыгы .*
*2-чи : Түндүн караңгылыгы .*
*3-чү : Деңиздин караңгылыгы .*
4 *-чү : БАЛЫКТЫН ИЧИНДЕГИ КАРАҢГЫЛЫК .* *АЛЛАХ - ТААЛА ушул төрт караңгылыктан куткарды эле , анын ШҮГҮРҮНӨ ТӨРТ РЕКЕТ НАМАЗ ОКУДУ , ошол учурда АСР НАМАЗЫНЫН УБАКТЫСЫ эле , андыктан биздерге АСР НАМАЗЫН ОКУУ ПАРЗ БОЛДУ .*
*ИСА ( а.с ) да КООМУНУН дооматынан кутулгандыгы үчүн ШҮГҮРҮНӨ ЭКИ РЕКЕТ НАМАЗ ОКУЙТ , АПАСЫ МАРЬЯМ БИР РЕКЕТ НАМАЗ ОКУЙТ , ошол учурда ШАМ НАМАЗЫНЫН УБАКТЫСЫ эле , андыктан бизге ШАМ НАМАЗЫН 3 РЕКЕТ ОКУУ ПАРЗ БОЛДУ .*
*МУСА ( а.с ) да башына төрт кайгы түшкөн эле .*
*1-чи : КОЙ багып жүрүп жолдон адашуу кайгысы .*
*2-чи : Койлорунун кайгысы .*
*3-чү : Мусапырлык кайгысы .*
*4-чү : Аялынын толгоо оорусу кармап калгандыгынын кайгысы .*
*АЛЛАХ - ТААЛА ушул төрт кайгыдан куткаргандыгынын ШҮГҮРҮНӨ ТӨРТ РЕКЕТ НАМАЗ ОКУДУ . Ошол учурда КУПТАН НАМАЗЫНЫН УБАКТЫСЫ эле , андыктан бизге КУПТАН НАМАЗЫН ТӨРТ РЕКЕТ ОКУУ ПАРЗ БОЛДУ .*
" *Назхатун ли Нисабурида " айтат : Мурда бир улуу Адам Деңизде кемеде баражатып Балыктардын кээ бири кээ бирин жэп жатканын көрүп ойлойт : Ачкачылык деңизден башталгангоо - деп , гайыптан бир үн чыгып айтат : Жок сен ойлогондой эмес ! Бир бей НАМАЗ киши деңизден өтүп бара жатып , Деңиздин суусунан ичип туздуу болгондуктан кайра деңизге түкүрүп салат , анын кесепетинен сууда балыктар бири - бирин жеп жатат .*
*Никенин адептери*
1. Никеден мурда кыска бир кутба (үгүт-насаат) кылуу.
2. Никени айланага угузуу.
3. Аллаhка моюн сунуу жана Пайгамбарыбыздын сүннөттөрүнө ылайык ишти баштоо.
4. Никени мечитте кыюу.
*Үйлөнө турган кызды көрүү*
Пайгамбарыбыз (САВ) айткан: “Аллах Таала бирөөнүн көңүлүнө бир аялга болгон арзууну салса, ал аялды көрүүсүндө зыян жок (“Кашфуль-Гумма”:2/55).
Абу Хурайра (РА) риваят кылат: Расулуллохтун (САВ) алдына бир киши келди. Ансарлардан болгон бир аялга үйлөнмөкчү экендигин айтты. Пайгамбарыбыз (САВ) сурады: “Ал аялды көрдүңбү?” Ал: “Жок”, деди. Расулуллох (САВ): Бар, ал аялды көр, анткени ансар аялдарынын көздөрүндө бир нерсе бар”, деди (Муслим,
“Никах”:12).
Эркек үйлөнмөкчү болгон кызды шарияттын чеги менен көрүүгө болот. Кыздын жүзү жана колдорунан сырткары, тар жана жука кийим кийбөө шарты менен, ал тургай жалгыз калбастыктары же жандарында чоочун эркек болбостук шарты менен бири-бирин көрүүгө болот.
📚 *"Аялдарга тиешелуу эң зарыл шарият маселелери"* китебинен.
*"ЭСКЕРТКИЛЕ ЭСКЕРТҮҮ МУСУЛМАНГА ПАЙДА АЛЫП КЕЛЕТ"(АЗ-ЗАРИЯТ СҮРӨӨСҮ 55-АЯТ)*
*КҮЙӨӨ АКЫСЫ.*
*Эркектин дагы аялынын үстүндө көп акылары бар .* *Аял күйөөсү менен жакшы мамиледе болуусу керек !
Азыркы мезгилдин эмгектенүү шарттары өтө оор, акча табуу
өтө кыйын . Эмгек жамаатынын арасындагы мамилелер да барган сайын татаалдашып жатат . Эркек көбүнчө ушундай оор жагдайлардан
улам* *кыйынчылыктарга туш болот. Чарчап, стресске түшүп, үйүнө
алсырап кайтып келет. А* *бул жагдайды оңдоо, кыйынчылыктарды
унуттуруу , анын көңүлүн көтөрүү, ага көмөкчү болуу, колдоо -
аялдын* *милдети. Ушундай жагдайда үйгө келген күйөөсү жок
дегенде жылмайып, жарык маанайда, жылуу* *сөздөр менен тосуп
алынууну күтөт , өзүнө көңүл бөлүнүүнү каалайт . Муну да көрө
албаса маанайы ого бетер төмөн түшүп кетет .* *Сөздөрү , кыймыл -*
*аракеттери да өзгөрөт . Ислам аалымдары*: “ *Үйүндө тынчтыгы* *болбогон эркек дүнүйө тозогунда жүргөндөй болот ” , - дешкен .*
*Ушунчалык азапта жүргөн адамдан ар түрдүү жаман иштерди күтсө болот .* *Ансыз деле араң турган күйөөсүнүн сабырын ташытып
жиберчү акыркы тамчы болбошу керек .* *Тескерисинче , дароо көтөрүңкү маанайда болуп , көңүлүн алууга аракет кылышы керек .*
*Аны түшүнүүгө аракет кылуу, сабыр кылуу керек. Ал үйдө болгон кезде үйдөгү иштер менен алек болбош керек, анын көңүлүн көтөрүп, кубантууга аракет кылуу керек. Үй иштерин жана башка
иштерди ал үйдө жок кезде кылуу керек .*
*Күйөөгө чыккан аялдарга ар дайым айтчу кеңешибиз
мына бул: Сырткы дүнүйө отко толгон, күйөөңөргө ээ болгула , жакшы мүнөздөрүңөр менен, жылуу сөздөрүңөр менен , даамдуу тамактарыңар менен , үйүңөрдүн тазалыгы , иреттүүлүгүже күйөөңөр жактырган иш - аракеттер аркылуу аны үйүңөргө байлагыла .*
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11