Кээде мен өзүмө өзүм таарынамын,
Билемин көңүлчөктүк дартым барын.
Ишенип жүрөгүмдөн ар бир жанга,
Көңүл чөгүү илдетке кабыламын.
Тынч жаткан сырларымды катып албай,
Түгөтүп айтып алам жашыралбай.
Кези келип пайдаланат жакындарым,
Душман кылып өз сөзүмдү бет уялбай.
Улук санап жүргөн сен адамдарым,
Ууланган чөйрөлөрдөн табылбагын.
Уу жутуп өксүп калсаң тагдырыңдан,
Унутпа маңдайыңдан табыламын.
Жаман ойдо жүргөндөр ашыкпагын,
Жакшы болсоң өз ордуңду аныктагын.
Жакшы жагын көрбөсөң жакыныңдын,
Жакырлык эшик ачылат унутпагын.
Жок болсом кээде издеп сагынбагын,
Жоо болуп октой атып чачылбагын.
Жаман деп жүргөн адам жаңыласың,
Балким мен жакшылардын сабындамын.
Автор: Темирбаева Динара
21.09. 2024. Бишкек кайрыктары мүчөс
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11
Мейли сени жаман көз менен карашсын.
Сен аларга жакшына көз менен карайбер,
Ошондо сен бийиктерге барасын.
"" "" "" "" "" "" "" "" "" ""
Бул өмүрдө нече турду адам бар,
Сен тууралуу билип билбей жамандаар.
Мына сени жек көрүшөт билип ал,
Өзүн өзү жакшы көрө албаган адамдар.
***************
Ошол үчүн өз өзүңдү жакшы көр,
Жолдорумдан чыксын десең жакшы жол.
Жакшы жанды жолуктургун келсе эгер,
Эң оболу өзүн ошондой жакшы бол.
############
Автор Биби. Мен эмес.