"Балалыгым кай жерлерге көмүлгөн
Нени таптым ачуусу көп өмүрдөн..."
Бүгүнкү күндүн олуттуу көйгөйлөрү азыркы учурда канча деген ата энелер алыста иштеп мигрант болуп жүрүшөт. Балдарын алыскы жакынкы туугандарына таштап иштеп кетишкен. Туугандарында жүрүп ар түрдүү тагдырга кабылган ошол наристелердин көргөн зордук зомбулугу жүрөгүңдү кейитет. Алардын балалык жашоосун уурдап жоготуп жатабыз. Ушундай тагдырда жашаган дагы бир замандашыбыздын тагдырын баян кылып жазгым келди... Анда сөз башынан болсун.
Кусалык, Сагыныч, Сүйүү бул сезимдер көзүбүзгө көрүнбөгөн менен тагдырыбызды кескин түрдө өзгөртө турган күчтүү сезимдер. Булардын баалуулугун, барктуулугун унуттук.
Сиз айлап жылдап таштап кетип жаткан балдарыңыз сиздин мээримиңизге, жытыңызга карааныңызга зар болорун, бул сагынычтар канчалык азап экенини билип туйдунуз бекен... Бул сезимдер убагы келип карарып таш болуп кайрадан башыңызга караан түн болуп тийерин да сездиңиз бекен. Албетте жумуш менен алаксып айлар жылдар өтөт ал эми балдарыңыздын сизге болгон кусалык сүйүүсү күн санап өчуп барат, жүрөгү мээримиңизге суугарылбай соолуп барат, ошонун артында мереез бала же кыз пайда болот.
ооба мындай тагдырлар да жок эмес...
Айзирек учурда болгону 22 жашта. Анын бала кези Нарын облусунун алыскы айылдарынын биринде өттү. Башкалардай бактылуу балалык эмес кайгылуу балалыгы өткөн. Өгөй эненин колунда көргөн кордугу көп эле анын. Жылмайган жүзү эмес ыйлаган көз жашы көрүнүп турчу дайыма. Жетим да жетилет бир күн... Айзирек да бой жетилип суйкайган сулуу кыз болуп чыга келди. Албетте кордукту көп көргөн балдар эң биринчи өзүнө болгон ишеними жоготот. Коркок жалтак болуп чоңойушат. Айзиректи да алдыга жетелеген белгилүү деле максаты жок. Жаш кезинен:
- Ушул кыздын азабы өттү, колунан эмне келет мунун, ичип жегенден бишканы билбеген. деген гана жемелеп жериген сөздөрдү угуп чоңойгон. Ошондуктан да алдыга максат койуп иш жүзүндө аткаргандан коркот өзүн көпчүлүктөн төмөн сезет. Мындай көз жашы кургабаган жашоонун далай суулары акты. Ушундай күндөрдүн биринде өгөй апасы Бурулдун тайэжееринин кыздары Айзиректи Россияга иштеп келүүсүн сунуштады. Албетте Айзиректи өз кызыкчылыктары үчүн гана колдонгусу келет эле баары. Алар көп жылдар бою Россияда эмгектенип жүрүшөт, иштегени менен жарытарлык чоң жумушу деле бүтө элек. Өз курсактарын кампыйтып сулууланып кийинип жүргөндөрүнө эле ыраазы. Бул сунушка жок деп айтканга Айзиректин амалы канча, макул болуп Россиянын борбор шаары Москвага бет алды. Жашоосунун жаңы барактары ачылган менен жемелеп жериген кордуктары токтоп калган жок. Ур тепкиге алган күндөрү да жок эмес эле. Өмүрүндө айылдан, жайлоодон башка жакты көрбөгөн Айзиреке Москва шаары ушунчалык кооз көрүндү. Башка дүйнөгө түшүп калгандай эле. Бурулдун эки сиңдиси Айнагул менен Жайнаш Москвада байпак колготки тигип чыгарчу цехте иштешет. Айзиректи да сүйлөшүп ошол жака киргизишти. Ал жактан иштеп тапкан акчасынын жыйырма пайызы гана колуна тийет Айзиректин калган 80 пайызы Айнагул менен Жайнаштын чөнтөгүнө түшөт. Кара жумуш тириликтен башы чыкбаган Айзиреке жумушу анчейин деле кыйын болгон жок. Бара бара жумушун да өздөштүрө баштады. Байпак колготкинин бир гана жерин тигет Айзирек болгон жумушу ошол. Мурда "брак" чыгарып албайын деп жан дили менен аракеттенип иштеген Айзирек азыр "количествого" эсебине карап иштей баштады. Күнүнө миңден чыгарса эң жакшы иштегени анын. Ушундай эмгектенип жүргөн кезинде чогу иштеген Венера деген эже көз кырын салып жүргөн болот ага. Анын аракетчилдигин так иштегенин анан албетте сулуулугун жактырат эле. Сулуулугу чынында көз жоосун алат. Айзиректин кыйналып жүргөнүн жада калса Айнагүлдөрдүн үркүтүп коркутканынан бери четинен билип сезип жүрөт. Күндөрдүн биринде тамактануу убагы болгондо Айзиректи жанына чакырып экөө көпкө чейин сүйлөшүп отурушат. Ал учурда Айнагүлдөр оорууну шылтоолоп жумушунан суранып кеткен болчу. Экөөбү көпкө чейин сырдашып отурушат. Экөөбүнүн деле кайгылары бири биринен ашбайт. Венера да жалгыз кызын сагынып иштеп жүргөн убагы. Сөз арасында көз жашын да төгүп алды. Айзиреке тигиле карап:
Аракетчилдигинди баалайм Айзирек макул десең сага жардам берейин. Үйүндө деле жакшы маанай күтүп турбайт сени. Айнагүлдүн кандай мамиледе жүргөнүн билем сырттан. Макул десең жаныма келип чогу жаша мени менен. Өзүнчө иштеп өз алдынча жашаганды үйрөн. Тапкан акчаңды өзүнө корот. Акчаңды чогултуп бутуна тургун. Али жаш экенсиң жаш кезинди жакшылыкка пайдалан.
Ушундай акылмандуулугу менен Айзиректи өзүнө тартып турду. Ушул күндөн тарта экөөбүнүн сыйы күч алды. Айзирек да Венера эже келген күнү көңүлү көтөрүлүп бар дүйнөсү менен жакшылык кылгысы келет ага. Венера эже да орундуу сүйлөгөн өзүн жакшы алып жүргөн, тыкан кийинип жүргөн, терс жактарга басбаган, баарын баамдап туйуп турган акылман аял эле. Айзирек буга чейин мындай мээримдүүлүктү көргөн эмес. Жакшы сөз жыланды ийнинен чыгарат. Жылуу мамиледен улам сулуулугу андан бетер арта баштады. Дайыма жылмайып жүргөндү үйрөндү. Бирок мындай тынч жашоосу көпкө созулбады анын. Венера бар аракети менен жумуштагы технологу менен сүйлөшүп Айзиректин акысын толук өзү ала турган кылып чечип берди. Айнагүлдөр буга кийлигише албай тургандай документтерин даярдап берди. Айзиректин сүйүнүчүндө чек жок эле. Акчасын баарына жетип ал турсун чогулта баштаган. Жумуштан да айлыгы көтөрүлүп кубанычында чек жок.Мындай Айзиректин көтөрүлө баштаганын көрүп Айнагул менен Жайнаш кантип тынч уктасын. Апасына чалды:
- Ай Бурул эже бул өгөй кызың бизге акчасын карматбас болду го. Жумушунан да улам көтөрүлүп жатат. Же бир нерсени ойлоп табалыбы ыя - деп каткырып калды. Ичи тардыгы ачкөздүгү адамдык төмөн деңгеелинин белгиси эле.
- Ай билгениңерди кылгылачы атасы арактан башы чыкбаган көк мээ болду. Атасына керек эмес кыз мага керек беле. Эптеп андан пайдаңарды көргүлө да айылга салып жибергиле бул жакта мал баксын келип. Же байыраак бирөө чыкса эптеп сатып жибергиле пайдасын бөлүшөбүз анан.
Мындай сунушту уккан Айнагүлдүн чырагына май тамды. Эх теңдиги билинбеген тагдыр... Айзиректин алдында дагы не күндөр күтүп турат...
Уландысы бар.
Жакса ой пикириңизди калтырыңыз, чыгарманы улантабыз. Кызыктуу да ары татаал да тагдырлар көп бизде. Тек сабак алсак баарыбыз...
Батма Исматиллаева.
#кусалык_элдик
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Комментарии 17