Троллейбуста келатам. Чачын будамайлап төбөсүнө эптеп түйүп койгон, кийими жупуну, кир чалган ак баштыкты ийинине асып алган келин айдоочу аялдын жанына жетип келип:
-Эже, токтотуп коюңузчу ушул жерден? – деди.
Аял тигини жаман көзү менен карады да унчуккан жок. Токтотподу. Чынында аялдама болбосо эмнеге токтойт эле?
-Токтотуп коюңуз деп жатам сизге? – деп үнүн өктөм чыгарып айтты келин.
-Чоң кыз, аялдамадан гана токтойм! – деди ачуусу келген айдоочу аял.
-Мен шашып жатам, токтотуп коюңуз! – деп дагы кыйкырды келин.
-Токтото албайм. Кыйкырба мага! Ортоңку эшикке бар, аялдамага жеткенде токтойм, – айдоочунун ачуусу келди. Аңгыча светофорго келип токтоду.
-Эшигиңизди ачып коюңуз деп жатам, ачып коюңуз! - деп дагы кыйкырды.
Мен алды жакта олтурган элем. Чыдай албай сөзгө аралаштым:
-Ким каалаган жерден эле токтото бермек беле? Аялдамадан токтойм деди го. Энеңдей болгон аялга кыйкырганың эминең?
-Эже, мен шашып жатам, ачып койсо өлөбү? - деди мени карап калчылдап.
-Шашсаң үйдөн эртерээк чыкпайсыңбы, - дедим мен да ага жиним келип.
Аңгыча жолчырактын жашылы күйүп, жылып жөнөдүк. Тиги келин троллейбустун ичин жаңыртып мурдагыдан да ачуу кыйкырды:
-Токто-о-о-от! Оорулуу балам психбольницада кыйналып атат. Срочно кел деп врач чалып атат, – деп колундагы телефонун силкилдетип ыйлап жиберди.
Троллейбус дароо токтоп, эшигин шарт ачты. Келин жерге ыргып түшүп, буту бутуна тийбей тратуарда чуркап да, ыйлап да баратты.
Жүрөгүм ооруп калды.
Элмира Ажыканова.
#троллейбуста_элдик
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Комментарии 2
Мен да жаман боорум ооруп жатат
Аллахым ШЫФААСЫН БЕРСИН ООМИЙИН