-Кетпей эле койчу!....
Акыркы мүнөттөрдө Сабира эженин көздөрү ушул сөздү айтып турду. Канат Мырзаевич негедир күнөөлүү адамдай ыңгайсыздана жер карады. "Жок, кетишим керек. Азыр калсам бул кылганымды өмүр бою жүзүмө салып өтөт. Андан көрө бир аз жүрө турайын" деген ойду ойлоп ордунан козголду.
-Жакшы кече болду...!
Сабира эже күйөөсүнө карап күлүп койду
-Мен барайын... Рахмат сага!
Канат Мырзаевич ордунан козголду. Сабира эже анын артынан ээрчип коридорго чыкканы менен мурункудай элпеңдеп анын бут кийимин даярдап, костюмун алып берген жок. Ал тек гана турган жеринде муңдуу көздөрү менен күйөөсүнө жалынычтуу карап турду.
-Сыртта караңгы түшүп калыптыр.. Сен чыкпай эле кой, мен дарбазаны өзүм жаап кетем.
Бут кийимин кийип бүткөн күйөөсү терезеге тигилди. Анын сөздөрүндө кандайдыр бир аёо, калкалоо, коргоо сезимдери сезилип турду. Сабира эже канча жылдан бери күйөөсүн биринчи жолу жакындан билгендей болду. Ал анын өзүнө кылган аяр мамилесин мурда көргөн эмес эле
-Бейпил түн!
Ичинен канчалык жакшы сөздөрдү айткысы келсе да, оор улутунуп алды
-Эртең кайда болосуң?
Канат Мырзаевич негедир аялына күтүүсүздөн суроо узатты
-Эртең Назгүл экөөбүз борбордон келген профессор менен өткөн тегерек столго барабыз.
Сабира эже жумуштарына кызыга баштаган күйөөсүнө чын көңүлдөн жооп берип жатты
-Мен коңгуроо кылам...!Күтөсүңбү?
Канат Мырзаевич аялына мээримдүү көздөрү менен карады
-Өзүң бил!
Сабира эже ичинен "Күтөм, сенин коңгурооңду гана эмес өзүңдү да күтөм" деп сүйлөп алды. Бир аздан кийин үйдөн чыккан күйөөсүнүн карааны алыстап, дарбазадан ары чыгып кетти.
Сабира эже ашканага кирип столдун үстүн ары бери тазалап өз бөлмөсүнө барып керебетке кулады. Бүгүнкү өткөн кечти ийне жибине чейин элестетип бактылуу жылмайып алды. "Биринчи жолу жолугууга чыгып келген жаш кыздай толкунданганым эмнеси "деп өзүнчө күлүп койду. Колундагы саатына тигилип, столдо турган телефонун алып, курбусу Назгүлгө коңгуроо кыла баштады.
-Жаныңда эч ким жокбу?
Назгүл Айдарова курбусунун энтиге сүйлөгөнүн угуп коркуп кетти
-Жаныш залда телевизор көрүп жатат. Мен жалгызмын тынчылыкбы?
Тынчсыздана сурады
-Мен сүйүп калдым окшойт...!
Сабира эже бирөө угуп кала тургандай шыбырап сүйлөдү.
-Ай койчу! Канат кече эле кетпедиби? Бир ай боло элек кимди сүйдүң?
Назгүл Айдарова бир таң калып бир кызыга сурады
-Канат келди бүгүн. Менимче ал деле башкача сезимдерде калды окшойт...
-Азыр күтө тургун!.
Назгүл Айдарова ордунан туруп эшикти ачып сыртты карап койду. Кайрадан эшикти бекемдеп жаап оордуна келип отурду.
-Ыы сүйлөй бер эми бул жагы кызык болду го?.
-Мен өзүм да күтпөгөм мындай болот деп. Биздин сезимдерибиз жаңыргандай болду. Мен мурда кылган каталарымдын баарын түшүндүм. Көрсө мен өзүмдү унутуп, анын жашоосу менен жуурулушуп кеткен экен элем. "Канат ичип ал, Канат жеп ал, Канат кийип ал, оор көтөрбө, суукка чыкпа" деген сыяктуу сөздөрүм менен анын артынан калбай кам көрүп жүрүп, ага аялы эмес, апасы болуп калыпмын. Аял өз ордун билиш керек экен. Мына бүгүн өз оюмду айтып, менин да өз ордум, сый урматым бар экенин бир аз көрсөтүп койдум. Жадакалса ал кызгангандай болду.
Сабира эже ичке каткан кубанычын курбусуна айтып, кайра эле уялгансып кетти
-Сен ага ашыкча эле кам көрөт элең да өзү. Анын ден соолугуна да өзүңдүн ооруканадагы бейтаптарыңдан өткөрүп карачусун. Эркекти башына көтөргөн бир да аял али медаль ала элек!Бардыгы чеги менен болгону жакшы. Өз ордуңду көрсөткөнүң да жакшы болуптур. Анча мынча жеңил жумуштарды кылып сага көмөк көрсөтсө эч нерсе болбойт. Анын бели бүтүн, бизге окшоп бала төрөгөн эмес! Ошондо кайтып келдиби биротоло?
-Жок ...кайра кетти. Бирок эртеге коңгуроо кылам деди го
Сабира эже кайра эле суз боло түштү
-Жакшы сүйлөсө эле мойнуна асыла калба!Бир сатып кеткен адам, экинчи жолу да сатат! Эч нерсени байкамаксан болуп жүрө бер! Эми өзүңө кара! Таштап кеткенден кийин аялы сулуу болуп кетсе жүз пайыз эркек кызганып, кылганына өкүнөт! Аны баарибир кабыл аласың ошентсе да бир аз коркутуп кой. Андан да жаш селкиси анын ден соолугуна кам көрүп, диетасын сактабаса керек?
-Ооба, көздөрүнүн асты бир аз шишип калыптыр...
-Ошо, мен айтканды жасай бер! Мени чакырып жатат эртең жолугушканга чейин!Бейпил түн!
-Бейпил түн!
Курбусу менен коштошкон Сабира эже, качан таң атат деген ойду ойлоп уйкуга кетти
*****
Канат Мырзаевич өз үйүнө жат болуп турганына ичинен күйүгүп жатты. Сыртта машинасында отуруп өздөрү жаткан бөлмөнүн терезесин узакка карап отурду. Өткөн күндөрүнүн баары кино тасмадай көз алдына тартылды. Кеткиси келбей, бирок артынан бирөө түртүп жаткандай оорлошуп, ордунан козголуп шаарды көздөй бет алды.
Бегимай үйгө келгенде Канат жок экен. Эшикти ичинен жаап чыракты күйгүзүп, кире бериш жердеги күзгүдөн өзүн бир сыйра карап алды. Азыр эле коштошкондо өпкөн жаш жигиттин деми дагы деле Бегимайдын денесин кызытып, от жалын болуп күйүп турган жаштыгын дайрадай толкутуп жатты. Бөлтөйгөн илептерин назик манжасы менен сылап алды. "Карынын акчасы эле болбосо, жаш жигитке эмне жетсин" деп ойлоп койду ичинен Ал бүгүн ресторанда номерин берген жигитке жолугуп кайткан эле. Жөнөкөй жумушта иштеген жигит аны кымбат ресторанга алып кирбесе да, аны менен шаар ичин жөө кыдырып жүргөн кыз өзүн ушунчалык бактылуу сезди. Бир көргөндө Кубанычты жактырып сүйүп турганы менен жигит аны өзүнө анча теңебей турганы сезилип жатты. Ошентсе да коштошоордо күчтүү колдору менен кызды бир сыйра аймалап, эрдинен өөп коштошту. "Күтөм" деген сөздү айткан кыз жигиттин артынан улам улам узата карап кала берди
Үстүндөгү көйнөгүнүн топчусун чечип буттан ылдый түшүргөн кыз ич кийимчен калды. Күзгүнүн астында ары бери айланып денесин карап жатты. Аңгыча кол телефону шыңгырады. Канат болсо керек" деген ойдо көңүлкош карады. Курбусу Алина экен
-Бема кандайсын!
Телефонду кулагына тоскондо эле курбусунун шаңдуу үнү угулду
-Жакшы өзүң, жана чалган экенсиң, жолугушууда элем...
-Ким менен? Корольго жеткенден кийин принцтерди эмне кыласың?
Курбусу каткыра күлдү
-Жашоонун кызыгы ошол принцтер менен экен да...
-Ошону эми билдиңби? "Горячий принц" жолуккан го? Папик каякта?
Үстүнө жеңил халатын илген Бегимай телефонду кулагына тоскон бойдон залга кирди
-Билбейм өз жумуштары менен жүрөт го чамасы. Келбей эле койсо жакшы эле...
-Коой, эми эле көңүлүң калдыбы? Акча үчүн чыдайсың да!
Курбусу боор ачыгандай сүйлөдү
-Үйдө болсо кечке түтөтүп тамеки чеге берет. Кайсы бөлмөгө кирбе тамекинин калдыктары, чачылган гезиттер, кийимдер... Тамакты да жөн жебей тандап жейт. Же түнү тынч уктасачы? Түнү менен кытыратып басып чыгат ичи өткөн адамдай!
Бегимай залдагы диванга чалкалап отуруп курбусуна арызданып жатты
-Мен элестете албайм өзүмөн жыйырма беш жаш чоң эркек менен жашашты. Алардын кары карылуу колдору денемди сылаганын элестетсем, кыжырланып кетем. Албетте жаш жигиттер менен кызык да. Бардык талаптарга жооп берет алар.
Эки курбунун сөзү кызыгына келгенде эшиктин коңгуроосу кагылды. Бегимай ичинен жапканын эстеп, курбусу менен коштошуп эшик ачканы жөнөдү.....
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 27