Эрди катын урушту
Бирин бири сөгүп сагып
Кыйкырышып тынышты
Таарынышып олтурушту
Сөз айтпастан бирине
Куру намыс ээлеп алды
Кирип шайтан тилине
Кеч киргенде күйөө барды
Аялынын жанына
“Кечир жаным”, дейин деди
Айтаар сөзүн камына
Сүйгөн жары ары карап
Болуп калды уктамыш
“Кечир жаным” деген сөзүн
Болуп койду укпамыш
Күйөөсүнө карап койбой
Артты карап ал жатты
Бир тыйынга арзыбаган
Көк беттигин карматты…
…Күйөө болсо уктай албай
Көпкө жатты ойлонуп
Кийинди да ишке кетти
Таң атканда ойгонуп
Жары болсо кала берди
Көзүн сүзүп, зиркилдеп
“Тамак ичпей ачка кетти,
Менин баркым билсин” деп
Бирок кайра боору ачып
Ар нерсени ойлоду
Бир кыжаалат кыла берди
Уйгу-туйгу ойлору
…Чоочуп кетти бир убакта
Турган күзгү жыгылды
Жай таба албай бир күн кечке
Эт жүрөгү сыгылды
Аңгыча эле сырт тараптан
Башка дабыш угулду
Дарбазага бир топ киши
Түртүлүшүп тыгылды
Аял чоочуп, чуркап чыкты
Кулак жарды өкүрүк
Баягылар жин тийгендей
Тура калды өкүрүп
“Токтот!” деди, аял анда
“Бизде эч ким өлгөн жок!”
Бирок болгон окуяны
Аял чындап көргөн жок
…Көрсө эри күндөгүдөй
Жумушуна барыптыр
“Тез бүтүр!” деп, чоңдорунан
Тапшырманы алыптыр
Шашып кылган иш - ушул да
Күтпөгөндүр мындайды
Жанындагы үлкөн устун
Басып калган турбайбы
Кабыргасы жүрөгүнө
Калган тура сайылып
Тез жардам да жетишпептир
Каны жерге жайылып
Кечээ гана ушул үйгө
Бакыт турган жарашып
Шум ажалга айла барбы?
Алып кетти талашып
Барына кеч. Болор болду.
Тагдыр ушул. Айла жок.
Жакшы сөздү миң айтсаң да
Бир тыйынча пайда жок…
…Мына ушинтип бир адамдын
Дем алганы тыйылды
Бир бактылуу үй бүлөнүн
Зор тиреги кыйылды…
Кимде канча жашоо калды
Качан өлөт? Ким билет?
Кандай тагдыр буйруганын
Кудай өзү бир билет
Ошондуктан эй, адамдар!
Азгырыкка алдырбай
Жашайлычы бул өмүрдө
Көңүлдөрдү калтырбай!
Жашайлычы сабыр кылып
Жаман сөзгө жанашпай
Жылуу сөздү бирибизге
Сүйлөйлүчү аяшпай!
Азамат Тынымсеит
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7