😁
Эркек, Кудайга кайрылып нааразылыгын айтып жатат дейт:
,, Айтчы,бул эмне деген жашоо?- дейт үнүн бийик чыгара.
,,Узунду күнү кечке кулдай иштейм, аялым эмне кылат, эртең менен кечинде тамак кылгандан башка.Анан күнү бою кечке бекерчилик, кийимин которуп алгандан да эринет.Адилеттик кайда? Айтчы Кудай? Менин да оюмду орундап берчи!"
,,Кыйынчылык жок,-- дейт экен Кудай, сура менин колумдан келбей турган эч нерсе жок.Мен силердин ордуңарды алмаштырып койоюн, андан аркысын өзүңөр чечишип алгыла!"-дейт экен.
,,Ооба! Мен макулмун.Мен дагы эс алайынчы!"-дейт эркек.
,, Макул ошондой болсун!"-дейт Кудай.
Ошентип эркек аял болуп, аялы эркек болуп жашоолору башталат.
Үй тазаламай, кир жуумай, биринин жеңи үзүлгөн...Балдарды киринтмей, аларды тамактандырмай, Бири-бирин клейге олтургузуп салган...бири мектептен эки алган, ата - энелер чогулушуна...же магазинге чуркамай...Күнү кечке дөңгөлөктөгү тыйын чычкандай айланмай! 🤦♂️
Балдардын сабагына жардамдашмай, анысы аз келгенсип түндөсү күйөөсү...
Мындай каруселде эркек көпкө айлана албады.
Болгону бир жума гана араң чыдап -- жадап кетти!
Кудайдан кайра сурана баштайт;
,, Кудай мага жардам кыл! Эркектин жашоосу бейиш экенин билбептирмин. Мени кайра артка алып бар, мен убактылуу эле аял болгом да ээ?!"-дейт имиш.
Анда, Кудайдан жооп келет: ,, Кечиктиң ! Сен эми кош бойлуусуң! Өтөө кеч болуп калды"-деп.😁😄
Ар ким өз ордубузду баалап, жаныбыздагыны да барктай билели.🤭😄
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7
Нааразы боло берсе ошондой болот...
Жон эле эркек бойдон журо бербепсинда.
Уже кеч болуптур.
Тилегин оорундалып бала тороп багат экенсинда