2-китеп.21-бөлүм.
Ал дагы ойго батып, тамагын деле жебей, столдун үстүндөгү чөнтөк телефонун эрмектеп, тунжурап отуруптур.
- Оң колуңузду бериңизчи? – деди анан манжалары узун алаканын тосуп. - Каалайсызбы, төлгө ачып берейин?
- Албетте!
Лилия баягы бактылуу учурун элестетип, ушул азыр да Ынактын колун кармап тургандай сезип кетти өзүн. Акырын-аста сылап-сыйпалап отуруп:
- Сизди алдыда эң бактылуу күндөр күтөт... – деди алакандын чийиндерин узун тырмагы менен “чийип” көрсөтүп. – Мына, бул жашоо жолуңуз. Сиз узак жашайсыз. Бирок, бакыттын туу чокусуна жетиш үчүн бир ирээт тобокелдикке барууга туура келет... Аялыңыздын өлгөнүнө канча болду?
- Беш жыл, - билинер-билинбес улутунду Эрмек. Ал аялдын “төлгөсүнүн” төркүнүн түшүнгөн жок. Тек гана кабыл алды.
- Ошондон бери үйлөнбөй жүрөсүзбү?
- Жок. Жаш кезде үйлөнүш оңой экен. А кийин... – ийнин куушуруп койду, - Анын үстүнө балдарга да карайт экенсиң. А сизчи? Балдарыңыз барбы?
- Эрим болбосо, кайыптан туумак белем? – өзүнө карата Эрмектин ышкысын ырбатып, напсисин агытуу үчүн жыландын башын аста кылтыйтып, ойсоңдоп койду. – Бирок, кийинки кездерде ойлонуп калдым...
- Ойлонуңуз! – Махабаттын колун кош колдой калып, чын дилинен кубаттап, анан да өзүнөн туулган балдар оголе ыйман-ынсаптуу чыгаарын эскерткендей жайпактады Эрмек, - Бала деген – бал да. Айрыкча менин балдарым башкача. Кенедейинен эле боорукер, кээ бир балдардай обу жоктонуп, ашыкча эркелешпейт. Энеси барда деле ошондой, эстүү болчу. Кээде чарчап-чаалыкканымды, кайгырып-капаланганымды ошолор жууп кетишет. Бирок кыйынчылыктын баары артта калды эми. Кол-арага жарап, эс кирип калышты дегендей. Кээде мени аяган болушат. Мен аларды аяйм.
- Үйлөнбөйсүзбү анан? – сынай унчукту аял.
- Мен да ошону ойлоп жатам, Махабат...
Ошол ойдун каарманы ушул аялдын өзү өңдүү, аялдын көз айнектерине жалооруй карады эркек:
- Башта болочок жарым болот деп эч кимди элестете алчу эмесмин. Эми болсо үйүмдүн ар бир бурчунан, өзүмдүн, балдарымдын жанынан сизди көрө берчү болдум...
- ?.. – аял адегенде аны түшүнбөй жаткандай карады. Анткени Эрмектен чукул арада ушундай сунуш угам деп ойлогон эмес.
Экөө тең демдерин ичине катып, ортону тынчтык уялады. Атүгүл кирип келген официант да аларды алмак-салмак карап, босогодо туруп калды да, кайра чыгып кетти. Ошондон бекен, же сүрдөгөн үчүнбү, Эрмек эми шыбырап, акырын айтты:
- Мен сиздин колуңузду сурайм?..
Кара айнектин артындагы жалгыз көз аны нес боло тиктеп калды.
“Кызык, мен эмне болуп жатам? – деди анан аял денесин саал калчылдак баса баштаганын сезип. – Же ооруп турамбы? Болбосо, жаман катынча калчылдабай, бирдеме дебейминби!”
Бирок оозуна такыр сөз келбей койду.
Анын унчукпай мелтирешин Эрмек башкача түшүндү да, эми элеки от менен жалын болуп кеткен тулку бою бошоп, оргуп-баргый түшкөн деми акырындап сууп баратты. Аял да муну сезди. Анткени анын колун кармаган ысык алакандар шалдайып, суроолуу тигилген каректер үмүтү өчкөндөй кайпактап бараткан.
- Чынымды айтсам, күткөн эмесмин! - деди анан аял колун аста тартып алып...
Эрмектин жүзүнө кан жүгүрүп, эки ууртундагы уячалары пайда болуп, ажарына чыга түштү. Ошондой эле жагымдуулук өз дүйнөсүндө, өз тулку боюнда да болуп өткөнүн сезген Лилия:
- Ойлоноюнчу...- деди чындап эле.
- Күтөм... – Эрмектин добушу саал дирилдей түштү.
Айткандай эле аялдын көкүрөгүндөгү тубаса муздун бир-эки тамчысы “тып!” этип эрип, кан-жаны менен сызылып агып келип, жалгыз көзү аркылуу тыпылдап сыртка кулап, буга аял өзү да “селт” деп, таң калды. Анын көз айнегинин астынан баш бага калган тамчыны Эрмек да байкай коюп, алдастай түшкөнүн билип, анан:
- Мен азыр... – деп сыртка чыгып кетти аял.
Ажатканага кирип, эшигин ичинен бекитти да дубалга далысын, башын жөлөп, ысып-күйүп чыккан эки алаканын тамга басып, көзүн жумду. Терең-терең дем алып, эрдин кесе тиштеди. Ушундай күнгө кабылткан ошол каргашалуу күндү эстеп, ошол күндү жек көрдү!..
“Күчтүү бол! – деди анан өзүнө-өзү кубат берип. – Эселек кыздай элеңдебей, эсиңе кел да, эрктүү бол! Же кебетеңден эми айрылып жатасыңбы?! Же сүйүүнү, эркектананы башыңа урасыңбы?! Андан табарыңды айтчы?! Алдамчы, азгырык сезимдерге азгырылып, же абалкы кайратыңдан, алдыдагы максаттарыңдан таясыңбы?!.”
“О, жок! Эч качан, эч качан тайбайм!”
“Токточу... Шашылбай, акылыңды токтотуп ойлончу? Балким, бул сезимди Жараткан сага бекеринен берип жаткан эместир? Энесинен калса дагы, эрегишти көкүрөк-көңүлүнөн алып таштап, эс-акылына келсин, эми мындан аркы жашоосун эрге тийип, элдей тынч өткөрсүн деп жаткандыр?! Эмнеси болсо да тандап көрчү, эки жолдун бири – сеники!”
“Жок, жок! Ушул кебетем менен кайдагы эр?! “Тагдыр тандамай” ойну башыма тээ эртерээк келсе болмок!..”
“Келген жок беле?!”
Аял өз суроосуна өзү жооп таба албай, отура калып башын мыкчыды. Өзөгү өрттөнүп, өңгөчү күйүп бараткан сыяктанды.
“Өх-х!” – деди анан көкүрөгүн кере-кере дем алып.
“Эми кеч!.. – деди анан чыйралып, отурган жеринен өйдө боло берип. – Эми артка кылчаюуга кеч!”
Жоолугун оңдоп салынып, күзгүгө каранды:
“Андай болсо, бек бол!.. ”
“Ооба...”
Ал кайтып келгенде Эрмек тагдыры ушул аялдын колунда тургандай, жакшы кабар, жакшы сөз күтүп күтүп жаткандай ордунан тура калды. Аял да Эрмектин суроолуу тигилген кирсиз каректеринен карегин тартып ала албай, бойлошуп туруп калды да, өзөгүн өксүк, жанын жалын каптап кеткендей болду.
Үнсүз тиктешүүлөр... Жүрөктөр гана “дүк-дүк!..”
Тээ бир топто гана эркек оюнан ойгонуп кеткендей:
- А... Отуруңуз, Махабат, - деп аялдын отургучун жылдырды.
- Рахмат... – аял көчүк басты.
- Сиз келгиче убакыт узарып кеткендей болду. ªмүрүмдүн он жылы өтүп кеткендей...
- Сабырыңыз ушунчалык аз экенин билбепмин, - тамашалады аял.
Эрмек демин ичине тартып, унчукпай жооп күттү.
- Экөөбүз тең ойлонолу, Эрмек. Баштагы учурум болгондо... – тунжурай калып, сөзүн улады аял, - анда кеп башка эле. Анын үстүнө сиз мени жакшы билбейсиз... А мен сиз ойлогондон тап-такыр башкача аялмын! Биринчиден, мүнөзүм катаал. Кабагыма азыр эле күн тийип турса, азыр эле кайра алай-дүлөй болуп кетем...
- Мен аны биринчи көргөндө эле сезгем.
Бул Эрмектин: “Ага деле кайылмын” дегени эле.
- Өзүмдүн жеке кызыкчылыгымды баарынан жогору коём. Ал үчүн бардыгына барышым мүмкүн.
Муну болсо тек гана сыпайчылык кылып, өзүн ашкере сындап жатат деп түшүнүп:
- Сиздин кубанычыңыз, бактыңыз үчүн кызмат кылууга мен да даярмын, - деди жигит.
- Балдарыңызчы?
- Аларга “апасы” экөөлөп кам көрөбүз деп ойлойм?
Кулагына: “Ал мээримдүү апабы?.. Жакшылыкты урбайбы?” – деп, кызынын сербейип туруп алып, өзүн эмес, бөбөгүн олйоп жатканы элестеп кетти.
АДАШКАНДАР.2-КИТЕП.22-БӨЛҮМ.
- Өгөй эненин баары эле жакшы апа боло албайт, - деди аял да Айперини кайталап.
- Ошону түшүнгөн аялзатынан жаман апа чыкпайт! – тобокелге салгандай ушинтти Эрмек.
- Үчүнчүдөн...
Эң орчундуу, сөздүн ток этээр жер ушул “үчүнчүдө” жаткандай туюлду Эрмекке. Анткени Махабат өзү да үчүнчүгө келгенде, андан ары кантип айтаарын билбей жаткандай, кепке какай түштү.
- Айта бериңиз, мен угуп жатам? – деди Эрмек.
Аял башын көтөрүп, Эрмекти тиктеп калды да:
- Үчүнчүдөн... кайсы бир убакытка чейин, а балким эч качан сизге жүзүмдү көрсөтпөшүм мүмкүн! – деди.
- Эмнеге?! – Эрмектин эсине Акшооланын: “Сен анын өңү-түсүн көрдүңбү? Анда көргөндөн кийин түшүнөсүң!” дегени “тык” эте түштү. Көз айнек менен чүмбөттүн ары жагын көрүп жаткансып, Эрмектин бүшүркөй тиктешинен аял жалтактап кетти да:
- Анткени... – деп чындыкты айтууга ниеттенип барып, бирок кайра токтоп калды. Анда эле Эрмек ордунан тура каччудай сезилди.
Эрмексиз деле жашоосу өтө бермек дечи! Лилия үчүн бул жашоонун кызыгы башка да!.. Бирок ага ушунчалык суктанып, арзуудан акылынан айнып атып эле, жигиттин эми бети-башын бырыштырып жийиркене карашын каалабады! Бийиктиктен кулагысы, басынгысы келген жок! Башынан эле жек көргөнү - жеңилүү! ªз сөзү менен айтканда, “спектаклдеги” башкы каармандын, тактап айтканда өзүнүн ийилгенин каалаган жок!
Тулку боюн коркунучка да, ызага да окшогон бир өксүк сезим бийлей түшкөн аял ушуну ойлоп, чыйралды.
- Анткени, бетимди ачпоого касам ичкем! – деди анан өзүнөн жооп күтүп, суроолуу тигилип турган Эрмекке тике, башты бийик көтөрө карап, калп айтып.
- Эмнеге?! – Эрмектин жаны чыгып кете жаздады.
- Жанагы өтүнүчүм ошого байланыштуу. Чын эле жандилиңиз менен жардам берүүгө ниеттенсеңиз, ошол жардамыңыз аткарылгандан кийин бул касам күчүнөн таят!
- Эгерде эле колумдан келсе, жан дилим менен!..
- Колуңуздан келет! Кабатыр болбоңуз, бу жерде материалдык эч кандай муктаждык жок! Тек гана мага сүйүүңүз, ишенимиңиз, анан эрктүүлүгүңүз менен тобокелдигиңиз керек!
- Анда жарасы жеңил окшойт...
- Сүйлөштүк! – аял Эрмекке колун сунуп, экөө кол алышты. – Бирок бул тууралуу бир аз кийинчерээк сүйлөшөлү, Эрмек Асанович.
- Болуптур.
Бирок муну Эрмек эмнегедир оозу бош айтты. Эсине Акшооланын чый-пыйы чыгып, бу табышмактуу айым тууралуу сурай бергенин дагы эстеди. Эмнегедир аны менен сүйлөшкүсү, бул аял жөнүндө эмне билгени бар экенин сурагысы келип кетти.
Махабат анын көзүнөн, жүзүнөн окуду бул ойду. Кетүүгө камынып, ийнине асынып алган сумкесин кайра үстөлдүн үстүнө коюп, аярлай калды да, Эрмектин муңайым жүзүнө тиктеп:
- Эмне бултуюп калдыңыз? – деди жайдары. – Таарындыңызбы?!
- А жок! Эмнеге...
- Мени караңызчы?
Эрмек анын көз айнегинин улам бир көзүнө карады.
- Таарынганыңызды көздөрүңүз айтып жатпайбы, Эрмек?
Эрмек эмнегедир “бырс” этип, мыйыгынан күлүп койду. Кыраакы аял аны да түшүндү. Бул күлүштө: “ªзүң көзүңдү кара айнектердин ары жагына катып алып...” – деген маани жаткан болчу.
- Биздин алдыбызда бүтүндөй бир өмүр жатпайбы... Мага бир аз убакыт бериңиз? Ойлоноюн. Анын үстүнө, жакында чет өлкөгө кетип жатам. Он беш, жыйырма күндөй шаарда жок болом. Барып, ишимди бүтүрүп, бир жаңсыл болоюн, анан...
Анын алыскы сапар дегени - оорукана, өзү айткандай – жиндикана болчу. Андан ары мурду менен көзүнө операция жасатууну ойлоп отурган...
- Чет мамлекетке болгондо, каякка? – санааркагандай сурады эркек.
- Түркияга, андан ары Пакистанга.
- Жөн жай элеби?
- Бизнесим боюнча, - калп айтты аял.
- О! Ошондой деңиз?
- Эгерде экөөбүздүн ишибиз оңунан чыкса, сизге жүзүмдү, көзүмдү эле эмес, болгон жан сырымды ачып, бир төгүлүп-чачылам дейсиз! Ошондо мени чогулта албай калып жүрбөңүз, жигит?! - кебинин аягын атайылап эле ушинтип, Эрмекти ынандырып, кирдей түшкөн көңүлүн ачыш үчүн, айрыкча Акшоола менен сырдашып ийбесин деп амалданып, тамашалады. – Айтмакчы, аябай шашма экенсиз, мен келгиче алтын шакегиңизди башка айымдын манжасына салып жибербеңиз?
Эрмек жадырай түштү.
- Мен түшүндүм, Махабат! Ошол күндү чыдамсыздык менен күтөм...
- Бирок дагы бир өтүнүч, биз жөнүндө Акшоола билбей эле койсун?.. – аял дагы суранды.
- Кам санабаңыз. Ага келгенде эле мен сизди тааныбай калам.
- Ошо аял менен тап-такыр сүйлөшпөй коё аласызбы? Чынымды айтсам, мен сизди да ага тарттырып ийемби деп корком! - калп айтты аял.
- А жок, жок! Эч качан андай болбойт! - деди Эрмек Асанович буга кандайдыр өксүгү бардай сүйлөп. Ошону туя калган Лилия дагы калп айтты:
- Анын үстүнө, өгүнү ал сиз тууралуу мага өтө ыпылас сөздөрдү айтты...
- Коюңузчу? – ишенбегендей, көздөрү алайып кетти Эрмектин. – Эмне деп?!
- Эми, ар кандай! “Катынпоз, калпычы, эки жүздүү, ушакчы...” сыяктуу. Бирок мен ага ишенген жокмун. Тек гана аялдык кылып жатат дедим. Анткени анын сыры мага башынан белгилүү да. ªгүнү сизди машинеден сүйлөштүрбөй койгонум да ошол!
Кайдан-жайдан оозуна келе калган калптары үчүн өзүнө-өзү ыраазы болуп, ошондон кийин Эрмектин ыраңы бузула түшкөнүн байкап, ичинен “жым” этти аял.
Ынак эртең менен ишке камынып жатып, Акшоола жөнүндө ойлонду: “Эмнегедир башкача болуп кетти, - деди жакасын бүчүлөнүп жатып, - Ойлуу тартып, унчукпас мүнөз таап алды. Кээде жакшынакай сүйлөшүп отуруп, сөзүңдү укпай калат. Эмне болушу мүмкүн? Же ишинде проблема болуп жатабы? Андай учурда мага айтат эле. Же карызы барбы? Эмнеге карыз болмок эле, бардыгы жетиштүү. Анда ооруп жүрөбү? Кудай сактасын, андайын байкаганым жок, – деп келатып, башына бир ой “тык!” эте калып, ошол оюн жоготуп ийчүдөй болуп, кыймылсыз ката түштү. – А балким, башка бирөөнү сүйүп калгандыр?!”
Андан ары ойлоно алган жок, бирок ушул: “Башканы сүйүп калдыбы?” – деген суроо жадымында жатталды да, калды.
АДАШКАНДАР.2-КИТЕП.23-БӨЛҮМ.
- Атасы-ы?! Бакыт?! – аңгыча ашканадан чакырды жубайы, -
Дастаркон даяр. Келгиле?!
Атасы менен уулу өз-өз бөлмөлөрүнөн чыгып, дастарконго отурушту.
- Тамагыңар таттуу болсун, жигиттер! – Акшоола ата-баланын алдына тамак коюп, өзү да аларга маңдай-тескей отуруп, экөөнү алмак-салмак, сүйө тиктеди, – Неге мынча окшошсуңар, мырзалар? Кудум, тамчылардай...
Эки мырза бири-бирин карап жылмайган болушту.
- Мени бүгүн ким жеткирет? – Бакыттын күндө эртең менен берчү
суроосу ушул.
- Мм... Менин кезегим окшойт, - деди атасы.
- Ура-а! – кубанды уулу. – Мага атам менен барган жагат.
- Апаң мененчи? – кызгангандай сурады апасы.
- Жагат. Бирок...
- Эмне бирок?
- Бирок атам деген – атам да! – сыймыктана айтты уулу. “Ушундай!” – дегендей атасы да корстон болуп, компоюп койду.
- Мм!.. Эркектер, ушинтет экенсиңер да, ээ?! – деди апасы бир чети ошого кубангандай, бир чети чындагандай. – Эмне кылсам экен? Кызымды чакырсамбы?
- Аны чоң апам жибербейт. Андан көрө өзүңүзгө кыз төрөп алыңыз!- Бакыт муну жандилинен айтты эле, атасы да аны колдоп:
- Во! Жакшы идея! – деди баш бармагын көрсөтүп.
- Идеяңарга рахмат!.. - Экөөнү тиктеп, өзүн ушунчалык бактылуу сезип отурган Акшоола кайра эле баягы, булардын сүрөтүн үзүлө түшүп тиктеген чүмбөттүү аялды эстеп, үчөөнүн ортосуна кайдан-жайдан пайда боло калган элести көз алдынан кетиргенче шашты. А бирок ага деле болбой, жоопсуз суроолор жабалактап келип алды: “Балким, ал чын эле Лилия же Айнурадыр? А балким, алар да эмес, Ынакты сүйүп калып, баары бир жетпесин билип, мени көргүсү келген бирөөдүр?.. – деди дагы бир жаңы божомолду ойлоп, - Андай болсо, Ынак деле билсе керек? Сурасамбы?”
- Акшоола? Шоола?..– бул Ынактын экинчи-үчүнчү кайрылганы эле.
Акшоола “селт” этип чочуп кетти:
- И?!
- Чай бересиңби?
- А... азыр, - Ынактын сунган чынысын шашкалактап ала коюп, чай куйду.
Бакыт кыткылыктап күлдү:
- Апа, сизге эмне болду?
- Эч нерсе.
- Катып калдыңыз го, укпай?
- Бакыт! – Ынак уулун тыйып койду. Акшоола өзүн ыңгайсыз сезип калганы менен, андан кийин деле чүмбөттүү аял тууралуу ойлордун курчоосунан чыга албай жүрдү.***Чүмбөттүү аял ар күнү бир убакта телевизорду иштетет да, Акшооланы карап отурат. Жолугуп да, телефон чалып да айта албаган жек көрүүсүн айтат. Ошо сайын экөөнүн алгачкы жолуккан ирмемдери элестелет.
“Күйөө керек болсо, кайра бир кайралып келесиң!” – дейт баягы-баягы мындан алда канча жаш, чырайлуу Лилия.
“Эч качан!” – аны шылдың кылгандай, мыйыгынан жылмаят да, чыгып кетет Акшоола. Клиенттеринен мындай мамилени ал эч качан көргөн эмес Лилия, андыктан бул ага абдан катуу тийет, ызырынып, ызаланат:. “Шашпа, келтирем сени!” – дейт. Жандалбастап, Айнурага ак кызмат кылат. Айткандай эле анын пландары жаза кетпей, баары ал ойлогондой болот.
“Эми келесиң!” –дейт Ынак Кабылович Айнура менен өзүнчө бөлүнүп кеткенден кийин. Күтөт. Бирок, тигил да ал ойлогондой болбой, алда канча көктүк кылып, келбейт.
“Эгерде куру намыска салбай, ошондо бир кайрылып койгонундабы, баары жайына келмек, Айнура алчактап: “Болду эми, мага көзү ачыктын кереги жок”, - деп ыргыштап калган кезде, Ынакты кайра өзүнө кайрып берет элем! Албетте, анын да жолдору табылат эле...” – дейт.
“Акыры Айнура менен да “сүйлөшөм”, жанагы кагазды алып алайынчы. Ага чейин ал бейбак кайда качмак эле? “Жаман жайытын бир күндө түгөтөт” кылбай, кийинкиге калсын...”***А бирок, Айнура ал ойлогондой жыргап аткан эмес.
Ырас, Ынакты кубалап жибергенден кийин, курсагындагы бала төрөлгөнгө чейин жаш күйөөсү экөө ысык-ынак, ушунчалык таттуу, бактылуу жашашкан. Эмнегедир, ал: “Бу жашоодон чыныгы сүйүүмдү, бактымды таптым. Мага мындан башка бакыттын, мындан башка эч кимдин кереги жок!” - деп ойлогон. Ушул сүйүү, ушул бакыт... анан калса эч качан бүтпөчүдөй, чексиз өңдүү сезилиптир ага.
Баардык балакеттин баары бала төрөлгөндөн кийин башталды.
Үйгө чыгып келген күнү эле керебетинде жаткан ымыркайды үңүлө тиктеп отуруп:
- Эй, мунуң тигинин баласы го?! – деди күйөөсү. Өзү да бала кимисинен экенин так билбеген келин оозунан алдыргандай, жалдырып эле туруп калган. А бирок ал күйөөсүнөн башканы күтсө да, мынчалык чечкиндүү, мынчалык ишенимдүү сөз угам деп күткөн эмес.
Ошондон тарта эле экөөнүн ортосундагы ымала ыдырай баштагандай болду. Жаңы эле төрөп-түшүп келген келин күйөөсүнөн жылуу, жумшак мамиле күткөн. Ага эркелегиси, уулдуу кылганы үчүн ого бетер сүйдүргүсү келген. Тескерисинче, уулу экөөнө карата жагымсыз, суз мамиле келиндин ысыган боюна муздак суу серпип жибергендей эле болду.
“Акмак! – деди ичинде туталанып. – Бекер үй, бекер оокат, ал аз келгенсип, балканактай кылып бала тууп берип атсам!.. Кимдин баласы экени менен кандай иши бар?!. Көчүгүн кысып жөн жашабайбы!”
Бирок өзүнөн жети-сегиз жаш кичүү жигитти антип имере тарта албасына көзү жетип, болгон ачуусун, заарын ичине жутуп, мелтиреген.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5