1-КИТЕП.20-БӨЛҮМ.
Сагынуудан, сүйүүдөн да көрсө адам ооруйт экен! Мен ага ресторандан жолуккам... Ошол күнү кечинде ал эмнегедир жалгыз, ыйлап келген. Элестетиңиз, жапжакшынакай эле, чоп-чоң кишинин көзүнүн жашы буурчактап, жаш балача солуктап ыйлап отурганын! Ал кудум, бийик аскадан түшүп келип, көпчүлүктү пааналап, бирок антсе да өзүн жалгыз сезип, ыйлап отурган шумкарга окшош эле... Элестетсеңиз! Ал мени караган да жок. А бирок, мен тээ качантан өзүм да билбей, өзүм да сезбей, бирок жүрөгүмдүн тереңинде күтүп, издеп жүргөн эң жакын адамымды тапкандай болдум! Ал мага кудум жомоктон түшүп келген менин каарманымдай сезилген! Бирок, ал да мени билбейт, түшүнбөйт! Ал менин өзү үчүн жашап жүргөнүмдү байкабайт! Жанымда туруп мени көрбөйт! Андан кийин бир-эки жолу ошентип жалгыз келди. Ошондон кийин ар бир жолу ресторанга келген сайын ар бөлөк аялдарды алып келет.
Андайда мен ызаланам, кызганам, ыйлайм! Бирок ансайын ага болгон махабатым жалындайт! Кээде өзүмдөн-өзүм каяккдыр качкым келет. Тоолорду ашып, талааларды кесип, буркан-шаркан аккан дарыяларды, мелмилдеп тунуп жаткан деңизди кечип, кайдадыр-кайдадыр дербиш болуп тентип кеткенге даяр болуп кетем! А бирок апамды аяйм!..
– Елиза?! – карындашынын мынчалык толкундануу менен чечилээрин күтпөгөн Арнас ага таң кала да, кайра ошончолук сыймыктана да карады. – Елиза, мен сени куттуктайм карындашым! Сага Теңирим чыныгы сүйүү бериптир! Кеп сенин кимди сүйгөнүңдө эмес, кеп – сенин сүйүүңдүн буркан-шаркан түшкөн албуут дагы, ошончолук назик, тамчыдай таза, уяңдыгында! Ал сенин жандилиңди ансайын аруулаптыр, алтыным! Сен кандай бактылуусуң?!
– Кантип эле?!.
– Чын дилимден айтып атам! – ордунан тура калып, карындашын баягыдай тап-так көтөрө айлантты:
– Ура– аа!
– Арнас таяке, акырыныңыз! Антпесе азыр эжеңиз чуркап келет!
– Кана эми, айт! Менин карындашымдын жүрөгүн үй кылып алган ким, ал?!
– Сүрөтүн көрсөтөйүнбү? – Китебинин арасынан сүрөт издеп атып. – Арнас таяке, кандайдыр бир жолун таап, сиз ага жолугуп көрүңүзчү, – деди, – Деги эле ал ким, кандай киши... таанышып, сүйлөшүңүзчү?
– Сөзсүз ошентем! – деп сүрөттү колуна алган жигит эмнегедир өңү бузулуп, нес боло түштү! Таякесинин эмнеге анткенин кыз түшүнгөн жок.
– Ушул! – деди кандайдыр бир сыймык менен, – Жактыбы сизге? А жанындагы аялы менен кызы окшойт.
– Еля?!. – деди сүрөтөн көзүн албай, дел болгон жигит, – Еля, аты ким мунун?!
– Ынак, – кооптоно карады кыз, – Тааныйсызбы?
– Ынакпы?! А бул айымдын ким экенин билесиңби?!
– Жок?!
– Акшоола!
– Ыя-а?!
– Ооба! – Арнас андан ары эмне дээрин билбей, оозунан сөзү түшүп, шалдая түштү. Эми Елизага эмне дейт? Ага эмне деп кеңеш берет? «Акшооладай аялды азапка салган, сенин Ынагың акмак! Ал сага татыктуу эмес!» – дейби? Аны Елиза кандай кабыл алат? «Жана эле өзүңүз чыныгы сүйүүнүн көзү сокур болот! Кеп – кимди сүйгөнүңдө эмес, аны аруу, ак сүйгөнүңдө дебедиңиз беле!» – десечи?! Антейин десе, азыр эле экөөлөп Акшооланы азапка салган адамды «акмак!» деп атышпады беле?! А бирок: «Сен сүйгөн ошол адамга сөзсүз жолугуп, сүйлөшөм», – деп эми эле берген убадасычы? Тагдырдын тамашасын, табышмагын карабайсыңбы, кенедейден келечекке ой жоруп, таттуу кыялдардын кучагында бой жеткен экөөнүн минтип эрди-катынга арзып!..
Елизанын да эси эңгиреп, башаламан ойлордон башы айланып, өзү айткандай жандүйнөсү аңтар-теңтер болуп, тумандын арасында калгансыды... Баятан бери божурап, бири-бирине төгүлүп-чачылып аткан экөөнүн сөзү ушуну менен оңчулуктуу деле уланган жок. Көмкөрөсүнөн түшүп, көкүрөгүнө жаздыгын бекем кучактаган боюнча көпкө кыймылсыз жатты кыз. Анын уктабай жатканын Арнас билип эле, а бирок Арнас да унчуккан жок.
Тээ бир топто барып:
– Арнас таяке! – деди Елиза алда кандай жыйынтыкка келген кыязда чечкиндүү унчугуп.
– Ии?
– Мен бир нерсени түшүндүм...
– Эмнени?
– Демек, баягы ресторанга ыйлап келген күнү Ынак байке аялы менен урушуп келген турбайбы!
– Ошондой деп ойлойсуңбу? – өзү да ошентип бүдө¬мүктөп жаткан Арнас ынана сурады.
– А сиз ошол окуянын качан, кайсы күнү болгонун эстей аласызбы?
– Күзүндө болчу... Менимче сентябрда...
– Айтпадым беле! – болжогону оңунан чыккандай Елиза жуурканын ары силкип таштап, тура калды, – Эгерде ишенбесеңиз менин күндөлүгүмдү караңыз, мен да ага так ошол сентябрда жолуккам... Билесизби, канчасы экенин? Экиси болчу!
Арнас да серпиле баш көтөрдү:
– Чын эле! Менин туулган күнүм! Ооба, так ошол күн! Анткени, мен деле жана айттымбы: «Туулган күнүмдө Теңирим мага сүйүү белек кылган» деп?!
– Көрдүңүзбү?! Анан?!. Андан аркысын эстеп көр¬сөңүз... Демек, эмнегедир ошол күнү экөө элдешкис болуп таарынышкан. Сыягы, Акшоола ага кечирилгис айыптуу окшобойбу? Чын эле ошондой болуптур!.. Мен билгем таяке, Ынак эч кандай жаман адам эмес! Менимче анда күнөө жок, болбосо ал анчалык ыйлабайт эле! Ал анда ушунчалык өксүп-өксүп ыйлаган! Карөзгөй, таш боор же ыпылас адам эч качан антип ыйлабайт болчу! Анын жүрөгү боорукер, таза адам сыяктанган. Ал аябай ызалуу болчу!.. А балким, бу жерде чын эле ал эмес, Акшоола күнөөлүүдүр?
– Анда Акшоола эмнеге эс-учун жоготкуча, эки күн бою ачка же ток экенин билбей кайгырмак эле?! Эгер сен Акшооланын өзүн көрсөң, анын кандай адам экенин билет элең! – таарынган адамча төшөгүнө кирип жатты да, баягы күндөрдү кайра баштан көз алдынан чубатып, ойго батып кетти Арнас.
* * *
Ал күнү Ынак бая түштө эле Лилия менен чыгып кеткен боюнча кайра ишке келген жок. Иштен кийин да тээ түндүн бир оокумуна чейин күтө-күтө Айнуранын үмүтү эми чындап үзүлдү. Ынактын телефонуна чала берип да тажады. Ынак да ал чалган сайын улам өчүрүп коюп атып, акыры таптакыр эле жооп бергис кылып салды. Айнурага анын каякта экени табышмак болчу: «Лилия шүмшүк андан акча өндүрүш үчүн аялынын айыпсыз экенин, мунун баары Айнура экөөнүн кылыгы экенин айтып салды бекен?! Же көз боочу эме өзү азгырып кеттиби?!.» – деген эки анжы, күмөн ойлор быкпырдай кайнап, мазесин алып жиберди.
Түн ортосунда Лилияга телефон чалды.
– Да? – деди бир чети тааныш да, таңкалаарлыктай таа¬ныш эмес да үн. Айнура анын мындай добушун башта уккан эмес. Баягыдай: «Ким бул?!» – деп чыртылдабай, же: «Түн ортосунда каяктагы эме чалып атат?!» – деп уйкусурабай, тескерисинче анын телефон чалышын күткөн эмече жайбаракат, деги эле болуп көрбөгөндөй анткорлоно жылуу-жумшак сүйлөп, буга чейин уктабай ойгоо жатканынан эле кеп төркүнүн божомолдоду. Жаңы эле ким бирөөгө эркелеп аткандай экиленип, эң эле көңүлдүү:
– Алло, мен угуп атам? – деди Лилия.
Айнура андан ары кармана албай кетти:
– Ынак кайда?!
– Ааа, сенсиңби? Эмгиче уктай элексиңби?
– Анткорлонбочу антип! Ынак каякта деп атам?!
– Сарсанаа болбой эле кой, алтын кыз. Баары жакшы болот. Ал жакка барбайт го ал. Эми ары жагы сенин өзүңө эле байланыштуу болчудай, – ушинтип туюк-туюк сүйлөдү Лилия, – Анан да өзүңдүн келечегиңди ойлосоң, өзүмчүл болбошуң керек!..
Айнура анын эмне жөнүндө айтып атканын ийне-жибине чейин түшүндү. Анын: «...ал жакка барбайт го, сарысанаа болбо. Калганы өзүңө байланыштуу болот го» деген бүдөмүгү: «Акшоола жөнүндө эч нерсе айткан жокмун, андан камсанаба, бирок ары жагы өзүңө байланыштуу. Эгерде кыйшаңдай турган болсоң, аны да ойлонуп көрөбүз. Ал эми «өзүмчүл болбо» дегени: «Ынакты менден кызганам деп куруп калба!» дегени эле. Же кубанарын, же күйүнөөрүн билбей шалдая түшкөн келин:
– Ынак... сендеби?! – деди.
– Ооба.
– Жүз-зү кара десе! Мен азыр барчу болсом!..
– Анда баардык ишти ойрондотуп алышың мүмкүн, алтыным. Сенин али «он гүлүңдүн бири да ачыла элек» эмеспи!.. Үй-жайың дегендей...
Лилиянын эмне айткысы келип атканын бу саам да Айнура илгиртпей түшүндү. Эсине дароо үстүндөгү үйү түштү: «Айткандай эле, муну өзүмө каттатып алгычакты абайлай турайынчы, андан ары да көрө жатаармын!»
– Макул анда, сарысанаа болбой жакшы жат, ээ? Мен эртең өзүм чалам, – деген Лилия анан трубканы койду да:
– Менин ишим ушундай! – деди Ынакка. – Түн ортосунда да көйгөйлөрүн айтышат, кеңешимди сурашат...
* * *
Алтын нурларын ай ааламга тегиз чачып, толукшуган ай так терезенин тушунда жаркырап туруптур.Түн ортосунда туруп келип, терезени кароону адат кылып алган Акшоола ага тооп кыла: « Амансыңбы, Ай-Эне? – деди, – Уулум өзүңдөй ак, асыл адам болсо экен?!.»
Ошону туйгандай, кудум жүрөгүнүн алдынан кыбырады наристе. Баланын кайра да кыймылдашын күтүп, демин ичине каткан эне колун улам бир жерге алпарып, эң эле бактылуу эле. «Көрөсүң го балам, баары жакшы болот, – деди анан уулу менен сүйлөшүп, – Атаң сенин төрөлгөнүңдү укса... Айи-и-ий, кандай кубанат дейсиң!..» Ынактын сүйүнгөнүнөн эмне кылаарын билбей калдалактап, канатын жайып учуп-күйүп келатканын элестете, бактылуу жылмайды келин. Тун кызы төрөлгөндө да ошенткен. Төрөт үйүнүн алдында кызыл эт ымыркайын колуна олдоксон кармап, ушундай бир ичи элжиреп тиктеп турган.
– Капырай, баладан көзү каткансып бу кантет, ботом! Келе, бери бер?! – деген анда Ынакка апасы. Биринчи небересин өз ата-энесинен кызганган эне бир-эки ай айланчыктап кетпей, эмизээрде эле энесине бербесе, ороо-чулоосунан бери өзү кармап... Жарыктык киши десең, түнкүсүн бала ыйлаган сайын Акшоола менен тең жарыша туруп жүрүп, акыры: «Силер өзүңөр баласыңар! Мунун атасын деле өлтүрбөй-этпей эрезеге жеткиргем. Бала басты болбой,эми окууңарды түзүктөп окуп алгыла!» – деп бир күнү кызды алып баса берсе болобу! Ошондон кийин экөө ат тезегин кургатпай, айылга тез-тез бара беришчү болгон. Анда да аларды окуу¬сунан өксүбөсүн деген эне бир күнү:
– Силер эмне, балабызды ыйлатып коёт деп бизге ишенбей атасыңарбы же шаарда кылаарга ишиңер жокпу?! Андай болсо келгиле да кетмен чаап, мал баккыла! – деген. Канчалык кызды сагынып атышканы менен, андан кийин булар да бат-бат бара бергендерин токтоткон. Кээде-кээде, сыягы кызын аябай сагынганда ошентчү го: «Эмкисин эч кимге бербейбиз, ээ?» – деп калчу Ынак.
Баягы төлгөчүнүн: «Уул болот окшойт» – дегениндей эле, «УЗИ» да ошону айтты. Акшооланын кубанганын сураба! Ошондон чыгып эле Ынагына учуп жеткиси келген. Бир далай жерге чейин ошол эмоция менен келип, бирок капыл-тапыл баягы, машинесине башка аялды салып алып, муну көнөктөп төккөн жамгырга таштап кеткен сүрөт көз алдына «тык!» эте калып, кудум ошондогудай денесин жыйрып, ичиркенип алды. Андан ары бара албайт эле! А бирок, кандай болгон күндө дагы экөөнүн тээ эчактан күткөн ушул кубанычын унчукпай коюуга да мүмкүн эмес болчу. Кудай жалгап, Ынак телефонду алды.
– Алло, Ынак?! – деди кубанганынан шашкалактаган жубайы, – Ынак, сүйүнчү? Биз жакында уулдуу болобуз!
– Болсоңор жакшы болуптур! Эмне кылайын?!
Муну укканда бутунун учунан төбөсүнө чейин электр тогу аралап кеткендей, «селт!» этти келин. Күйөөсүнүн бар жоругунан да ушунусу кыйын эле! Балким, башка аял болсо мынчалык кордукка чыдайт беле, чыдабайт беле, канчалык өзөгү өрттөнүп турса да, бу жолу да аны баардык нерсеге акыл калчап, сабыр тутуп, көтөрө билген, кечире билген касиети менен сүйүүсү азаптан арачалап калды: «А балким, алда неге ачууланып аткандыр же туура эмес угуп алды го... – деди ал өзүн-өзү жооткотуп да, ошондой экенине өзүн-өзү ишендирип да, – Сен ага таарынба, уулум!. Билесиңби, сенин атаң кандай жигит?! Кудай буюр¬са, аман-эсен жарыкка келсең, анан кичине чоңоюп акыл-эс кирсе, көөрөсүң го, өзүң деле. Ал аябай жакшы адам!..»
Атүгүл, кийинки убактарда: «Деги, саат-кырсыгы жок, жаман көздөн, жаман сөздөн алыс жүрсө экен», – деп уба¬йым да тарта берчү болду.
Ынактын ишинде, кимдир бирөөлөр менен мамилесинде кичине эле кыйынчылык боло калганда Акшоола анын каш-кирпигинен эле билчү.
– Жок, баары жайында, – дечү кээде Ынак анысын жашыргысы келип.
– Калп айтпа, жаным! Көздөрүң айтып турбайбы? – дечү Акшоола. Көп учурда Ынак жубайына суратпай, атайылап эле бар маселени ортого салчу да, экөө кеңешип-таңашып бат эле чече коюшчу. «Акылкарачачым! – дейт эле туңгуюктан жол табыла калганына кубанган күйөөсү, – Акшоолам менин!» Аны ойлогон сайын: «Эми кантти экен?..» – деп жубайынын жүрөгү мыкчылат. Ошондой убактарда жанында боло албаганына өкүнөт. «Койчу, – дейт кайра эле өзүн алдап, – Анысы деле мендей аял да! А балким, ал менден да күйүмдүү, менден да жакшы аялдыр? Ылайым эле ошондой болсо экен!..»
Ай-күнү жакындаган сайын Акшооланын шаштысы кетет. Ымыркайы төрөлсө эле Ынагы үйгө кайтып келчү өңдөнүп, чыдамы жетпей барат. Бири-бирине куюп койгондой окшошкон ата менен баланы кыялында кучагына бирдей кысып, экөөнү тең канбай кайра-кайра жыттагылап, элжирей берет. «Менин кичинекей Ынагым, – дейт уулун эркелетип, – Данакерим менин!..»
Ушул түнү түшүнө Венера кирди, эмнегедир. Эшиктен баягыдай эле: «Эмне кабар айтышаар экен...» – дегендей бир чети чочулай, бир чети үмүттүү баш багат да, акырын жылып кирип Акшооланын маңдайындагы орундукка отурат.
– Баламдан кабар барбы?.. – бул анын көздөрүндөгү суроо. Шордуу аялга азыр: «Жок!» – деген жооп айтсаң эле баягысындай эс-учун жоготчудай сезилип, Акшоола эмне айтаарын билбей кайпактап атса, оозуна сала бергендей, эсине баягы Бермет деген төлгөчүнүн түшө калганын айт:
– Сени бирөөнө жиберейин, ошондон барып сурасаң!..
А бирок, ага деле болбой бир убакта баягыдай өз бетин өзү жошолоп, чачын жулуп, көкүрөгүн тытмалап жыгылганы көз алдында булактап, ага кошул-ташыл каяктандыр баланын ботодой боздоп, сыздаган ыйы сөөктөн өтөт. Ушундай да жаман түш болобу?! Андан ары уйкусу качты. Баягы, «тез жардам» алып кеткенден кийин дайынсыз кеткен Венераны эстеп, бир да жолу аркасынан сурамжылап, ооруканага барып же телефон чалып койбогонуна уялды. Кызык! Эмнегедир оюна ушу саам баягы төлгөчү аял айткан, Самаган «колдуу болгон» наристе түшүп кетти: «А балким, Вкенеранын уулу ошол эмеспи?!.» Жок, жок! Каяктан жүрүп андай болсун?! Деги, аман-эсен эле табылса экен, шордуунун баласы!..» Көз алдына ошол, бойтоюп ууртунан күлүп, анан көздөрүн жума, боору эзиле кытылдап күлүп аткан тили да, дили да тим эле ширин эки жашар Эркинбек элестеди. «А балким, андан бери табылган чыгаар?! Ошондой болсо канакей, атаганат!» – деп өзүн-өзү жооткотуп, канчалык алар тууралуу ойлобогонго аракеттенгени менен, эми элеки түшү эсинен түк кетпей туруп алды. Эркинбектин кытылдаган күлкүсү жана түшүндөгү алыс-алыстан сыздап, сай-сөөктү сыздаткан ыйга айланып, ал да апасын чакырып каяктадыр чучуктай чыңырып аткансып кетти.
Билинбегени менен,төлгөчүнүн айтканын жүрөгүнө өтө жакын алып алса керек, ошол күнү түшүнө Самаган менен баягы тажаал аял да кирди. Эмнегедир Ырыскан баягыдан да ачкүзөндөй болуп арыктап алыптыр. «Ии, бечара, төрөп алган окшобойбу...» – деп ойлоп атыптыр Акшоола. Аңгычакты ал да кудум Венерага окшоп, улуп-уңшуп ыйлап, жер сабап кирет. «Бу да баласын жоготконбу?!.» – деген Ак¬шоола капыс эле түйүлүп ооруп калган ичин басып, алардан алыстап качып баратыптыр...
Ойгонсо чындап эле ичи ооруп, денеси оорлоп ка– лыптыр. Ошондон көп өтпөй эле үйгө алактап Арнас кирип келди:
– Эмне болду, сизге?! – Анын жүзүндө кудум жакын адамындай күйүп-бышуу, кабатырлануу бар эле. Анын мындай камкордугун Акшоола ишине байланыштырып, ага ыраазы болуп, акыркы мезгилдерде атүгүл жакын адамындай ишенип, ыбаа карачу болгон.
– Анчалык коркпой эле коюңуз, Арнас! Ичим кичине түйүлгөнүнөн эле толгоом башталып калган жокпу деп... кеңеш сурайын деп эле чалгам...
– Толгоо башталарына али эрте да. Кана, бутуңузду сунуп түз жатыңызчы?
Башы жайык, жыгач түтүгүн эненин курсагына коюп, баланын жүрөгүн тыңшап, Акшооланын кан басымын өл¬чөгөн дарыгер:
– Алда неге капа болдуңуз беле? – деди.
– Жок... Эмне болду?
– Сиздин баардык абалыңыз, маселен кубанганыңыз да, кейигениңиз да балага таасир этээрин билесиз да?
– Айткансыз, – тамашага чалып күлүмсүрөдү келин.
– Анда арзыбаган... – «адам үчүн» деп айтып ала жаздап, кебин оңдоп кетти: – Анда арзыбаган нерселер үчүн баланын тынчын албай жүрсөңүз?.. – Муну чын дилинен сурана айтты Арнас.
– Анткен деле эмесмин.
– Калп айтпаңыз! Сиз жашырганыңыз менен уулуңуз айтып атпайбы, караңызчы таш болуп калыптыр! – деп алаканы менен сезгендей баланын так ошол үзүлүп кетүүчүдөй чатырап, чыңалып турган жерин таап, акырын укалаган болду эле, чын эле ичи жумшарып, бала байлоодон кутулгандай «култ!» этип жылып кетти.
– Эмесе, камданыңыз! – деди Арнас чечкиндүү, – Мен азыр сизди төрөт үйүнө жеткириш үчүн «тез жардам» чакырышым керек!
– Эрте дедиңиз го?
– Ошол эрте төрөп койбош үчүн барышыңыз керек.
Арнасты кантип кепке көндүрөрүн билбей шашып калган келин:
– А мен тамактана элекмин, – деди.
– Чак түшкө чейин ачка калтырып, менин уулумду анда аябай эле куураткан экенсиз да? Айтмакчы, жеке практикамда бул «пацан» менин биринчим!
– Кандай дедиңиз?! – Акшоола анча түшүнө албай калды.
– Буга чейин бир да баланы түйүлдүк кезинен көзөмөлгө алып, анын жарыкка келишин мынчалык чыдамсызданып күткөн эмесмин...
– А экинчи, үчүнчүлөрүчү? Менин баламдан кийин да балдарыңыз барбы?
Арнас каткырып күлүп ийди:
– Албетте, бар! Сиздин уулуңуз мага май көтөн деп койчу беле, ак жолтой болду, – манжаларын жумуп, – Эки эгиз кызым, бир орус уулум, бир карачай... бир казак кызым, дагы-дагы ким экени али белгисиз бир канча!..
– Оо-о, «баатыр ата» экенсиз да?
– Кудай буюрса!
– Кандай жакшы «ата», кандай жакшы адамсыз, Арнас! Айтмакчы, өзүңүздүн канча балаңыз бар? – Дасторконун жайып атып сурады Акшоола.
– Мен үйлөнө элекмин.
– Эмгичеби? Эмнеге?
– Мен... Жүрөгүмдүн ханышасын сүйүп жүрөм, Ак¬шоола!
Акшоола эмнегедир каткырып күлүп ийди:
– Сиз кызык айттыңыз го? А канчага чейин сүйүп жүрө бересиз?
– Билбейм.
– Ушундай да болобу?
– Ал менин жакшы көрөрүмдү билбейт.
– Албетте, айтпасаңыз ал каяктан билмек эле? Айтыңыз да!
– Айтсам... таарынып калсачы?
– Сиздей жигит сүйөм десе таарынган кыз... кызык го!
Арнас унчукпай, көздөрүн ала качып кетти.
– Аябай сулуу болсо керек? – Өзү тууралуу эч шек албаган келин ушинтип сурады.
– Албетте! Ал...
«Ал – сиз!» деп айтып ала жаздап, анан: – Ал аябай сулуу! – деди Арнас.
– Ишенем, Арнас. Анда тамакка караңыз...
Ушул убакта Арнас: «А сиз ким бирөөнү катуу сүйдүңүз беле?» – деп сурагысы келип, бирок жаратын ырбатып алгандан коркуп, унчукпай калды.
– Арнас, – деди бир убакта Акшоола өтө маанилүү бир нерсе айтуучудай үн катып, – Арнас, төрөт үйүнө бүгүн барбай эле коёюнчу?
– Эмнеге?
Эмнеге экенин кантип түшүндүрүп, кантип айтаарын билбей буйдала калган Акшоола, акыры чынын айтууга туу¬ра келди:
– Билесизби Арнас, менин боюмда бар экенин, анын уул болоорун эки айында эле бир Бермет деген төлгөчү аял айткан болчу. Чынымды айтсам, андайларга башта ишенчү эмесмин. Атүгүл алардан көңүлүм калып, ушунчалык жек көрүп да калгамын! Билесизби, эмнеге? Бир жолу иште отурсам, белгисиз бир аял телефон чалып, өтө шашылыш, маанилүү сөзү бар экенин айтып, жолугушууну талап кылды. Ошол күнү Ынак Америкадан учуп келмек. Мен аны тосуп алышым керек эле. А бирок аял жолугушууну так ошол күнкүгө такап, талап кылып туруп алды. Анан, бардым!.. Барсам, Лилия аттуу көзү ачык имиш! «Алыстан күйөөм келет» деп аябай күтүп аткан экенсиң, бирок экөөңдүн ортоңордо башка аял турат, бүгүн силер урушасыңар!» – деди ал. Мен ага ишенбей, мыйыгымдан күлдүм. «Кааласаң баа¬ры жайында болот, мен сага жардам берейин!» – деди ал. Мен Ынагым экөөбүз үчүн баардыгына кайыл элем, сураганын берет элем! Бирок, эмнегедир эле ал мага такыр жакпай койду. Экөөбүздүн жылдызыбыз туура келбей калдыбы, таптакыр эле денем үркүп, ымалаша албай койдум. Анын үстүнө мен Ынакка ушунчалык ишенет элем. Биздин тагдыр, биздин мамилебиз чукул арада, ойдо жок жерден ушунчалык өзгөрүлүп кетээри менин... үч уктасам түшүмө кирбеген окуя эле! «Өз убалың өзүңө!» – деди ал мен чыгып баратканда. Айткандай эле, үйгө келсем Ынак тосуп алды. А бирок ал баягы менин Ынагым эмес, таптакыр башка адам болуп алыптыр! Ишенесиңби, таптакыр башка! Ошол күнү үйдөн чыгып кеткен боюнча анан... келген жок! Ал бизди таштап кетти! Атүгүл аркасынан барсам, мени карап да койбой башка аялды салып алып жүрүп кетип калды. Көнөктөп төккөн күзгү нөшөргө алка-шалка чыланып, нес болуп тура берипмин!... Ага чейин экөөбүздүн канчалык бактылуу экенибизди сөз менен айтып жеткирүүгө мүмкүн эмес, Арнас! А кийин уулдуу болорубузду сүйүнчүлөп телефон чалсам, эмне деди дейсиңби?! «Эмне кылайын?! Жакшы болуптур!» – дейт. Башка чапкандай эле болдум. Айттым го Арнас, ал андай адам эмес болчу! Ал таптакыр башка болуп калыптыр! Же мен башта байкабай жүрдүм беле, билбейм!..
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6