17-БӨЛҮМ.
Алмаз мага кийинки кундору да бир эки жолу келип, мени менен суйлошууго аракет кылып жатты. Апам айтканчалык эле бар окшойм. Атамды тартып, айткан созумдон кайтпаган кок беттигим кармап калып Алмаз менен такыр суйлошпой койдум. Жумуштагы аялдар да бир куну мага
-Алтынай сен кыз баласын. Коп эле андай каттуу боло бербе. Алмаз сени чындап суйот экен. Карасан артындан калбай ээрчип журот. Башкасы болгондо качан эле сени жыйнаштырып салмак дешип айтып калышты.
-Сенин бул мунозун менен эрге тийишин да кыйын го? Азыртадан мунозунду ондобосон озуно эле кыйын болот, деп Гуля Эштаевна мага бул жолу каттуу тийди. Мен унчукпадым. Чон аял менен айтышып отурмак белем. Анын устуно ал мени досунун баласына деп, ал бала да артымдан жакшы эле жугуруп жургон эле. Анан Алмаз пайда болгондон кийин, ал жок болуп кетти. Кабинеттегилер баары унчукпай эле Гуля Эштаевнаны угуп отуруп калышты.
-Сен эмне, омур бою ушунтип жаш бойдон, суулуу бойдон журо берем деп ойлоп жатасынбы? Эртен эле кантип карып калганынды озун да билбей каласын. Адам деген кичине бир жонокой болгону да жакшы. Эмне анчалык эле озунду которосун? Турмуш деген сага окшогондорду оной эле сындырып коёт, деди ал
.
Булар менин, апам менен таарынышып жургонумду каяктан билишсин. Ичимден эзилип апамды ойлоп жатканымды тушунушмок беле. Ошон учун Алмазга суйлобой журом да. Менин азыр Алмазга боюмду которо турган абалым да жок. Ушуларды ойлоп, анан бир жагы Гуля Эштаевнанын создоруно чыдабай козумдун жашы агып кетти. Ордумда отуралбай калдым. Кагаздарымды колума алып физкабинетке чыгып кеттим. Артымдан аялдар мени оздорунчо соз кылып калышты окшойт.
Эртеси куну биз Гулмира экообуз эрте менен институтка жолугуп, анан жумушка келдик. Саат ондон отуп келген окшойбуз. Кабинетке кирсем столумдун устундо жакшынакай кыпкызыл роза гулдору туруптур.
Баары мени карап калышты. Мени эмне кылаар экен дегенсишип. Роза гулу мен жакшы коргон гул! Унчукпай эле тан кала
-Кимден экен? дедим столума отуруп жатып.Эч кимиси унчукпайт. Карасам столдун устундо конверт туруптур. Колума алып, катты ачып окусам кат Алмаздан экен. Кийин жакшылап окуйм деген ойдо катты эки буктоп ак халатымдын чонтогуно салып койдум да, унчукпай эле роза гулдорду тиктеп отуруп калдым.
Алтынай кандайсын?
Мен сага, бул катты аябай коп ойлонуп атып жаздым. Катты окуп чыгып сен дагы ойлоноорсун деген ойдомун.
Алтынай билесинби? Мен сага бир жолу айткан элем
-эртеби кечпи билбейм, бирок кандай кундо болбойлу баарыбир сен меники болосун деп. Сен ошондо да менден тушунбой сурагансын. Эртеби кечпи, деген созунду кандай тушунсо болот деп. Ошол созду мен сага, дагы бир жолу тушундуруп айткым келет. Эртеби! деген созум, сенин турмушка чыга элегинде, сага жолукканым. Кечпи деген созум, мага чейин сен беш жыл окудун. Ошол беш жылдын ичинде сенин журогундо созсуз бироо болсо керек деп ойлочу элем. Анын устуно сен да, дайыма бироону ойлоп жаткандай болуп кээде каттуу ойлонуп, оюн башка жакта жургонун коп эле байкап журдум. Корсо чындап эле адашпапмын. Мага чейин сенин журогунду башка бироо ээлеп алыптыр. Кеч деп айтканым ошол болчу!
Алтынай мен сенден жашырып отурбайм, сага туурасын ачык эле айтам. Мен атамдарга, Алтынайга уйлонбоймун деп да айттым. Озумчо башка кыздарды да караштырдым. Бирок мен сендейди таппадым. Мен сени гана суйоорумду тушундум. Бир соз менен айтканда, эртеби кечпи сен баары бир меники болосун. Мен сени суйом. Мен сага соз берем Алтынай. Сен меники гана болосун! .Алмаз.
Мен бул катты окуп алып чындап эле ойлонуп калдым. Бир жагы ушундай болгону да жакшы болду. Алмаз айтмакчы эртеби кечпи бул сыр акыры ачылмак. Алмаз эле болсо жон коймок эмес. Кызганчаак жаны, мени эзип жатып болсо да, бул сырды бир кун болбосо бир кун менден сууруп чыкмак. Эх Алмаз! Мен деле сага чын дилимден конулумду койдум эле. Жакпадын эмес, жактын эле! Журогумдо аз да болсо сага деген жылуулук бар эле. Анан эле эмнелер болуп кетти билбейм. Баарынан да сенин кызганчаактыгын жаныма тийип кетти. Мынтип кызганып отурсан билбейм? Кийинки жашообуз кандай болот. Экообуз ушинтип урушуп талашып отурсак, дос болуп жургон аталарыбызды да катташтырбай кол уздуробуз. Андан коро тынчыраак экообуз баш кошпой эле койгонубуз жакшы. Жок Алмаз! Мен сендик болбойм. Сен дагы, мен дагы бактыбызды башкадан издейли. Мен ушуларды ойлонуп отуруп убакыттын кандай отконун да билбей калыптырмын. Карасам аялдар кетууго камданып калышыптыр. Мен да столумдун устун жыйнап сумкамды салыштырып баштадым.
Эртен дем алыш кун болгондуктан Гулмира экообуз дос кыздарыбыз менен жолугушканга кеттик. Алар менен бугун эс алып отурмак болуп суйлошуп койгон элек.
Ошентип кыздар менен суйлошуп отуруп калдык. Арабызда балдар жок болгондуктан, кыздар озубузчо кенири ар кандай темалардан соз козгоп каткырып суйлошуп отурдук. Эки кызыбыздын куйоолору бар. Бироосу жакындан бери таарынышып апасынын уйундо журот. Алар кыздарды кызыктырып эркек менен аялдын мамилелери жонундо айтып берип олтурушту. Ошол жерде да кыздар жон отурбай кулкулуу создордон кошо коюп боорду эзип салышты. Куйоосу бар кызыбыз бизге карап
-Кыздар андан коро эртерээк куйоого тийгиле, бекер кунду откорбой! Ошондо жашоонун кызыгын коросунор деп калды кыткылыктай. Анда экинчиси
- Ээ, Кызыгын эле корсон кана? Туйшугун да кошо тартасын. Меникине окшогон кызганчаак эрге тийсенер эки кундун биринде муштумун жеп отурасынар деп оор ушкурунуп алды. Кыздар баарыбыз унчукпай аны карап отуруп калдык. Ал алдындагы пиводон ууртап коюп кайрадан созун улантты.
- Экообуз суйлошуп кыз жигит болуп жургондон эле кызганчаак экенин билчумун. Ошону билип туруп ага турмушка чыккан озум да жиндимин. Ошондо эле токтотуп салайын деп, жакшы эле ойлоп жургом. Анан эле ал артымдан кечирим сурап суйдум куйдум деп гул которуп келсе, эрип кетип кайра эле экообуз ээрчишип калабыз. Мойнума алтынды мурда эле алып берген болчу. Кийин ресторанга чакырып, колумду сурап шакек сунса озумдон кетип макул деп жибердим. Озумду кинодогулардай элестетип бактылуу сезип, конулум которулуп жаркылдап эле калдым. Уйлонгондон эки ай отуп отпой, кызганычтын айынан козумду когорто бир уруп бактымды чыгара койду деп ал кайра бизди кулдуруп баштады.
- Да-а кыздар турмушка чыксанар, куйоонун ушундай кызыктарын да коросунор дегенде баарыбыз каткырып калдык.
Жигиттерди болушунча эле ар тараптан соз кылып койдук окшойт. Мен бирок ушул жерде ичимден Алмазды ойлонуп отурдум.
Уйго кеч кайттык. Келсек аяш энем Тимурдун келгенин айтты. Жол журуп чарчап келгендиктен ал эс алып жаткан экен. Эртеси уктап жатсак Тимур эшикти такылдатып
-Кыздар подьём деп кыйкырып калды. Кечээ кеч келгенбиз, оюбузда дагы тушко чейин уктайбыз го деп ойлоп жаткан элек. Ойгоно албай уктап жата бердик. Тимур кайра келип эшикти такылдатып калды. Ага да болбой уктап жата бердик. Бир убакта ал устубузго муздак суу чачып жибергенде Гулмира экообуз бакырып кыйкырып атып ордубуздан туруп кеттик. Тимур бизди коруп алып уй менен бир болуп каткырып алган. Биздин ызылдап кулуп жатканыбызды угуп аяш энем да келип каткырып калды. Себеби Гулмира отуруп алып жаш баладай болуп, Тимурга эркелеп уйкусу канбай калганга ыйлактап жаткан болчу.
Турсак саат он бир болуп калган экен. Биз ашканага кирсек аяш энем столдун устуно тамакты даяр кылып идиштерге куюп коюптур. Баарыбыз отуруп тамагыбызды ичип жаттык. Аяш энем ээгин колу менен таянып, учообуздун тамак ичкенибизди тиктеп озунчо бизди карап конулдуу отурду. Тимур ал куну биз менен чогуу эс алды. Гулмира экообузду ээрчитип алып Ак-бууранын боюнда эс алып журдук. Мага баарынан да тир атканыбыз жакты. Гулмира экообуз бирибизден бирибиз отуп жарыша атып жаттык. Кечкисин ал бизди ресторанга тамактанабыз деп чакырып калды.
Жайдын куну кун узун болот эмеспи. Биз антип минтип кийимибизди которуп барганча саат бир убак болуп калган болчу. Бирок Гулмира уйдон телефондон достору менен суйлошуп калып, аларга жолукпасам болбойт мен баралбайм деп туруп алды. Даярданып кийинип алгандан кийин Тимур экообуздун барышыбызга туура келип калды. Гулмира уйдон биз менен чогуу чыгып жолдон тушуп калды. Эх! Гулмира, Гулмира! Сен дагы эч жон журбогон кызсын да. Ошол куну неге бизден болунуп калдын экен. Сен эле биз менен чогуу келгенинде ушул окуя болмок эмес эле. Мен бул окуяга аябай капа болуп копко чейин жаман болуп журдум.
Ошентип Тимур экообуз ресторанга жасанып алып кирип келдик. Кирсек адамдар коп экен. Музыка жанырып копчулук кызып калган экен. Тимур экообуз четирээктен орун алып отурдук. Бир аз отургандан кийин эле жаныбызга Гулай шыйпандап келип биз менен учурашып калды. Гулайдын ошондогу коз карашы, ошол жерден эле мага жакпады. Ал бизди башкача коз менен карап эле, жасалма кулуп озунчо бир башкача болуп жаткан. Корсо Гулай бизди ооздон кирип келе жатканыбызда эле коруптур. Ал ошол убакта бийлеп жургон экен.
- Карасам эле экоон кирип келатасынар, силерби силер эмеспи деп коргон козумо ишене албай турдум деп кыйшаландап кулуп калды. Мен унчукпадым. Тимур да ага кулумуш этип
- Аа, бугун дем алышта, кечки тамакка атайын бул жакка келгенбиз деди.
- Мейли анда, конулдуу кеч сиздерге! Жакшы отурунуздар деп жаныбыздан кеткен болчу. Карасам эки кыз, эки чонураак эле эркек менен чогуу тортоо болуп отурушуптур. Гулай бизде институтта иштейт. Гулмира аркылуу ушул кыздар менен кээде чогулуп отуруп калабыз деп мурда да айтсам керек эле. Анын устуно Гулай Тимурдун аялынын алысыраак эле туугандары болот. Менин туулган кунумдо да Тимурдун мага алтын чынжыр белек кылганын коруп озунчо башкача болуп жатканын сезгендей болгон элем. Биз Тимур экообуз суйлошуп аябай жакшы отурдук. Ал мага уй- булосу тууралуу айтып берди.
-Акыркы жолу уулумду коргону мартта туулган кунуно баргам. Ага чейин куздо бир жолу барган элем деп суйлоп отурду.
-Аялым экообуз жашай албайт окшойбуз. Баскан турганымды суруштуруп эле туруп алды. Кайда журдун? Кайда барасын? Эмнеге кеч келдин? Ким менен суйлоштун?Сен ал жакта жон журбойсун, кыздарга бардын, деген создору тажатып бутту. Чыдай албай калдым. Мен аны мынчалык кызганчаак деп ойлогон эмес элем. Акыркы жолу жаны жыл куну келе албай калып, эрте менен уйго кирип келдим. Экообуз каттуу уруштук. Анын оюу боюнча, мен башка кыз менен атайын жаны жылды тосуп журуптурмун! Ал колуна кирген буюм менен мени атып уруп ыйлап жатты. Токточудай эмес. Ачуум келип жаактан ары бир чаптым. Ага да болбоду кайра кучоп кирди. Мен да озумду кармай албай калдым....качан жерге эсин оодара чапканымда гана жаагы басылды.
Мен ушул жерде Тимурду тан калып эле козумду чон ачып аны карап калыптырмын. Ал мени коруп каткырып кулуп жиберди.
-Эмне болду Алтынай! Коркуп кеттинби? Мен унчукпай эле кулуп койдум. Тимур созун кайра улады
-Кызганчаак адам болбойт экен Алтынай. Алар менен жашоо ото эле кыйын болот экен. Эн жаман жери кызганчаактар озуну кармай албай калганда эркеги болобу, аялы болобу алар ургулап киришет экен.
Мен Тимурдун айткандарын угуп отуруп Алмазды эстеп кеттим. Ичимден, мен эч качан Алмазга турмушка чыкпайм деп озумо озум соз берип жаттым.
Тимур экообуз бир да бийлеген жокпуз. Болгону бир эле жолу женил бийге гана бийледик. Калган учурларда жон гана суйлошуп отурдук. Бизди Гулай бийлегенибизден ойдо суйлошуп отурганыбызга чейин маани берип карап жатканын мен да байкап сезип калдым.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7