15-бөлүм
Экөө кеңешип эртеси эле шаарга чыгып сатыла турган үй издеп жөнөштү. Дурусураак үй көздөшүп анча мынча үйдү карабай жүрүп кеч кирип кетти. Үч күн издеп жүрүп Орто-сай айылынан жакшы үй сатып алышты. Бир жуманын ичинде ал үйгө той берип Сезим менен Куттубекти көчүрүп келип коюп кетишти. Заңгыраган жети бөлмө үй Сезимге жакты. Куттубек экөө бактылуу өмүр кечиришип эч нерседен капарсыз жашап жатышты.***Изат баягы балдар өзүнө кыянатчылык кылгысы келген күндөн баштап өзү ооруксунуп жүрдү. Акыры ал баягы эки жигитти өзү барып сакайтып келбесе ооруй берерин сезип алар жаткан ооруканага барды да медсестрадан сурады:- Өткөндө талаадан табылгандардын палатасы кайсы, айтып берип койосузбу?- Аа-а айтып берем, экөө бир палатада, он беш күндөй болуп калды эч кандай укол дары таасир этпей жатат, кимден таяк жегенин өздөрү билишпейт, мас тура ошондо, - сестра палатага жеткиче быдылдап сүйлөп барды, - мынакей кире гой, чоң кыз.- Рахмат, - деген Изат каалганы ача бергенде тигил экөө тең көздөрү чакчая чоочуп кетишти.- Кечирип кой чоң кыз, кечирип кой, бизден иттик кетти.- Эч нерсе эмес, мен силерди айыктырганы келдим.- Чын элеби, бизди сен айыктырасыңбы? - экөө тең жарыша сурап жиберди.- Көп сүйлөбөгүлө, адегенде сизди көрөйүн, - ал сол жакта жаткан жигитти бел курчоосунан ылдый колу менен сылап кайра өйдө карай үч жолу сылады да, - кыймылдабай жатыңыз, - деп жанына отуруп алып окуй баштады.Экөө бир бирин үнсүз карап коюп жата беришти, бири: "ушул кыз врачтан да кыйын дейсиңби, көрсө көрсүн" деп ойлонуп карап жатты. Ал эми бутун сылап дем салып жатканы болсо: "кудай уур, дубалап өлтүргөнү келген го, өзүнө кыянат кылган кишиге ким эле жакшылык кыла койсун" деп ойлонуп Изаттын ар бир кыймылын көз жаздымдан кетирбей жата берди. Бир сааттай убакыт өткөндө:- Көзүңүздү жумуп үндөбөй жатып туруңуз, - мен айтканда турасыз - деди да оң жактагысына барып жанагы көрүнүштү кайталап анан аны да окуй баштады. Экөөнө тең дем салып бүткөндөн кийин ортого отуруп алып жалпы арбактарга багыштап куран окуп анан бата кылды дагы:- Өйдө болуңуздар! - деди экөөнө. Алар бири бирин карап: "кантип өйдө болобуз, бул биздин басалбай калганыбызды билбейт го, гимнастика ойното тургансыбай кетпейби" деп ойлонуп калышканда Изат, - Силердин баспай калганыңарды билем, өйдө болгула! - деди үнүн бийик чыгарып, - гимнастика ойнотом силерди. Тигил экөө жаш кыздын өздөрүнө катуу буйрук менен сүйлөгөнүнө жиндери келе ордуларынан козголуп тура калышканда өздөрүнө өздөрү ишенбей бир бирин таңдана карашты. Үстүнөн оор нерсе басып калгандай болуп козголсо эле бүт денеси ооруп жаткан эмелер ордунан туруп кеткенге ишенип ишенбей туруп экөө тең Изаттан кечирим сурай койолу дешип караса ал эбак эле чыгып кеткен экен. Сыйкырчыдай сезилип экөө жакаларын кармап коридорго жарыша чыкты. Ал экөөнү көргөн сестра да таңдана:- Ой силер басып калдыңарбы? - деп сурап алардын алдын тосту, - тынч жаткыла, эми врач келсе бизди урушат.- Жанагы кыз качан чыгып кеткенин көргөн жоксузбу?- Жок көргөн жокмун, мен ооруларга укол куюп жүрбөйүнбү. - Ой тобо-о, - деген тигил эки жигит буттарын, эки колун ишенбегендей кармап көрүп кроватка жаткылары келбей турушту. Ал турсун азыр эле врач жооп берсе үйлөрүнө кете бергиси келип ээлигип сестрадан суранышты эле ал жооп бербей койду.Ошонун эртеси врач келип сестралардан угуп жигиттерге жолукту да:- Силер аны тааныйсыңарбы? - деп сурады.- Ооба тааныйбыз, биздин айылдан, -деп экөө жарыша сүйлөгөндө врач:- Бирден сүйлөгүлө! - деди да, -ал силерди эмне менен дарылады? - деп такый сурады.- Эч нерсе менен дарылап же укол куйган жок, буттарыбызды үч сыйрадан сылап анан дем салды да тургула деди. -бири жооп берди.- Кызык экен, канча жаштарда? - Врач кызыга сурады.- Он үч, он төрттөрдө болсо керек.- Да, да, анда силер жата бергиле, - деген врач чыгып кетти.Ошол күнү кечинде Калмураттардын үйүнүн жанына машина токтоп андан оорукананын врачы түштү да алардын эшигин какты.- Ким? - деген үн чыкты ичкериден.- Мен, шаардык оорукананын врачымын, ачыңызчы сүйлөшө турган сөз бар. Айсалкын эшикти ачып:- Келиңиз, жөн-жай эле келдиңизби? -деп сурап калды.- Жөн жай эле, кызыңыз менен сүйлөшөйүн дедим эле.- Ал уктап жатат.- Уктаса ойготуп койсоңуз.- Болбойт, ал уктаганда такыр ойгонбойт.- Кызык экен, -деп артына бурула бергенде,- Ал ким, киргизип коюңуз, - деген Изаттын үнү угулду.- Чоң кыз, кандай, бүгүн…-деп келетканда Изат колун көтөрө тыйып койду. Врачты ички үйгө киргизип өзү столго отурду да болгонун болгондой кылып айтып берди.- Мага арам ойлоп, мени жамандыкка кыйгылары келген, өз жазаларын алышты, эгер дагы башка жамандык кылса биротоло айыккыс дартка чалдыгышат. Ата-энем билбейт ал жөнүндө, айтып алардын жүрөгүн оруткум келбейт.- Дурус, дурус кызым, сен бул касиетке кандай болуп ээ болуп жүрөсүң?- Аны сизге айтып бере албайм, сиз кандай окусаңыз мени да ошондой эле окутту, азыр арбактар менен сүйлөшө алам.- Чынбы? - врач таңкала сурады.- Ишенсеңиз ишенбесеңиз өзүңүз билиңиз.- Кудайга тобо-о, - бир аз ойлуу отурган врач, -макул, чоң кыз, жакшы кал, эртең менин кабыл алуума келсең сүйлөшөбүз. - Макул, жакшы барыңыз. - Изат коштошуп кала берди.Айсалкын ал кетээри менен Изаттын жанына келип:- Эмнеге келиптир?-деди үрпөңдөй.- Жөн эле, апа, бир оорулууну көрүп берип кой деп келиптир.- Ушул чо-оң врач сениби? - Айсалкын таңдана сурады.- Ошол чо-оң врач кичинекей кыздын билгенин билбесе чакырат да.- Садагасы кызым, көп деле киши көрбөй эле койсоңчу, бирөөнүн көзү, бирөөнүн сөзү жаман болчу эле…- Жок, апа, ар ким өз азабын өзү тартат, өзүм ооруп калышым мүмкүн.- Оо кукуй, оорубай кал, айланайын оорубай кал, сен ооругуча мен ооруйун.- Жок, апа, ар ким өз азабын өзү тартат, өзүмө келгенди өзүм эле тартканым жакшы, сиз оорубай эле коюңуз. - Изат Айсалкынды өөп эркелей кетти.- Садагам, аман эле болсоң экен.- Кудай билет апа, кудайдын буйругу кандай болсо биз баарына көнбөскө чарабыз жок!- Садагам, аман эле болсоң экен.- Кудай билет апа, кудайдын буйругу кандай болсо биз баарына көнбөскө чарабыз жок!- Садагам менин… - Айсалкын кенедей кызынын чоң кишидей токтоо, салабаттуу адамдай сүйлөп жатканына абдан кубанып өз ишине киришти. Изат сабакка барып келет бирок аны балдар тамашалап кээси:- Көзү ачык, төлгөчү, -деп кыйкырса, кээси:- Койсоңчу бул умай эне: - дешип айта бергенинен мектепке барбай да койду.Эртеси ал өзү врачтын кабыл алуусунда болду. Ага врач эки кагаз жазып берип диагностикалык центрге жөнөттү. Изатты текшерип көрүп: "Элдик табып, дүйнөлүк кубулуштарды алдын ала билүүчү касиетке ээ" деп колуна кагаз берип жөнөттү.Кайра врачка келгенде ал:- Куттуктайм кызым, сенин кудай колдогон кыз экенсиң, мындай касиет баарына эле келе бербейт, жолуң ачык болсун! - деп узатып койду. Ал анан палатада отурган экөөнө барып, - силер ээнбаш турбайсыңарбы, карачы кичинекей кызды эмне өчүңөр бар, эгер анын касиети күчтүү болбогондо кыз байкуш жабыр тартып силердин колуңардан өлүп калышы мүмкүн эле, эми этиет болгула арам ойлосоңор силерди соо койбойт! - врач аларды ооруканадан чыгарып койду. Ал экөө кубанган бойдон үйлөрүнө кетишти. Экинчи ал кыз жашаган көчөгө басып барбайбыз деп баратышты.Рапия болсо күйөөгө чыгууга макулдугун берди. Шайгүл балдарын, келиндерин чакырып үйүнөн узатууга камынып жатты.- Эже эми күйөөгө тийбей деле койсо болбойт беле? - деп сурады Артур Жайгүлгө шыбырап.- Анын ой боюна койбой эле тигилер алып кетебиз деп жатышат, мен дагы кошулдум, анткени ойлонбой оорудан да алаксыйбы деп ойлоном.- Деги да, өзүңөр эле билгиле, - Артур ары басып кетти. Ошентип Рапияны күйөөгө узатып Шайгүл кубанып калды. Кантсе да кан жанынан жаралган кызы эмеспи, бактылуу болушун тилеп алардын Рапияны барктап аларына көзү жетип өзүнчө чексиз бактылуу болуп жатты: " Акыркы санаасы Болоту, аны үйлөнтүп ушул үйгө эгедер кылып койсо анан телегейи тегиз болуп кудайдан өлүмдүн оңойунан бере гөр" деп жата берет элем деп ойлонуп төркү бөлмөгө кирип балдары менен чогу чаран Марсел, Рапия жөнүндө көпкө чейин сүйлөшүп отурушуп Болоттон башкасы үйлөрүнө кетип Шайгүл менен Болот үйдө жалгыз калды.Ошентип, Рапиянын тагдыры, көргөн азап тозогу бир күнчөлүк билинбей калды деп ойлогонубуз менен анын жүрөгүндө, өткөн өмүрүнүн издери бүткүл денесинде так болуп калбадыбы. Ал чын эле мамыры, жумуру болуп эрди-катындай алдыга максат коюп жашап бактылуу болбоптур…Калмурат менен жашап жүргөндө деле ал таптакыр келечеги жөнүндө ойлогону эсинде жок. Ишенбек менен жашап жүргөндө болсо эптеп жазга чыгып алсам кызымды алып качып кетем деп жүргөндө Ишенбек кызын бербей алып кетип калбады беле?
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 16