Андрей эртелеп туруп, кийимдерин чемоданга салды. Аялы Рита кухняда күйпөлөктөп, күйөөсүнө эрте мененки тамагын ысытып, блинчик бышырып жаткан. Андрей ысык блинчик сметана менен жегенди жакшы көрчү. Чемоданын көтөрүп босогодо турган күйөөсүнө:
- Тамак жеп алсаң боло, каякка жөнөдүң? Командировкам бар дебедиң эле го. Айтып койсоң, жок дегенде бутерброддорду даярдап салып бермекмин жолго. Андрей кыжырлана:
- Рита, азыр 21-кылым. Сыртка чыксаң любой кафеде тамактанып алсаң болот. Качан болсо кухнядан чыкпайсың. Сенин аң-сезимиң тамак менен чектелген, деди. Мен сенден кетип жатам, башка аялды сүйүп калдым...
Рита аял эмеспи, күйөөсүнүн башка бирөөсү пайда болгонун эчак сезген. Акылдуулугуна салып унчукпай күтүп жүргөн. Булардын бирге жашаганына 25 жыл болуптур, эрте үйлөнүп 3 баланын ата-энеси болушкан. Эки уулу окууну бүтүп жумушка киришип иштеп башташты. Эң кичүүсү кыз, жогорку окуу жайдын студенткасы эле. Андрей дайыма жаңы нерселерди үйрөнүп, окугандан тажабайт, аялынын бир аз караңгылыгы жакпайт эле. Ариана башкача аял эле, карьераны биринчи жолго койгон, чечкиндүү жана тамашакөй аял. Эркектер суктана турган аялзаты. Өзүн сүйүп, өзүн караган аял.
-Мен сени ушунча жакшы билем, деди Рита. Мамилеңдин өзгөргөнүн туйбады дейсиңби? Кетсең кет, ортодо жылуу мамиле өчкөн соң, кармагым келбейт. Андрей аялынын токтоо жооп берип жатканына таң калды. 3 бөлмөлүү квартираны сатып, тең бөлөлү экөөбүзгө бир бөлмөлүү квартира сатып алсак болот.
- Сен жумуш изде, мындан ары акча бере албайм, деди Андрей аялына.
- Мен жумуш издебейм, мен дагы турмушка чыгам, сенин өзгөргөнүңдү билгенде таанышуу бурчу деген сайтка киргенмин. Үйү бар, тамакты жакшы жасаган аялдар ал сайтта популярная экен. Мага свидание жолдогон эркектер көп, бүгүн биринчиси менен жоолугам, деди Рита токтоо гана.
Уландысы бар.
Которгон: #Елизабет
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 32
Колум бошосо эле олтуруп жазам бүгүн.