(Эски дептерден)
Бул үч сөз кыргыз аталардын, кыргыз энелердин пейилин, кеменгерлигин, улуулугун, урпакка үзүлүп түшкөн мээримин көз алдыга тарткан укмуш касиеттүү сөз билгенге. Айылда жүрүп (кайын журтта) эшиктен кирген коӊшу апага жүгүнүп калдым. - Алдыӊа кетип калайын алтыным өркүнүӊ өссүн,- деди жаркыраган айылдык эне. Эбеленип, чебеленип, чарк айланып кызмат кылгым келип кетти ошол саам. Өз апамды эстеп, карегим бир аз жашылдана түшкөнүн байкатпай бурулуп кеттим. Очок жакка баратып анан апалардын мээримин ойлодум. Эмне деген күч бар, эмне деген камкордук, эмне деген жылуулук бар кыргыз энелердин сөздөрүндө.
Биз эртеӊ кандай карыйбыз? Сиз азыр кандай чоӊ апасыз? Чоӊ апаларды эч качан батадан, жакшы сөздөн куру калтырба, ЖАРАТКАНЫМ!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8
17 жыл чоң энемдин колунда тарбияланып чоңойдум. Чоң энем мен үчүн жазылып, окулуп бүтпөгөн роман эле..
108 жашында каза болду.
Ата энем бар шүгүр, бирок мен үчүн чоң энем ата энемден кымбат эле.