16-БӨЛҮМ.
- Ата, дегеле көңүлүм жок, ал жакшы
болсо мынакей үйлөндүм, мында неге
келбейт, балалуу болдум анда неге
келбейт? Ысык-суугума атам сиз гана
чыдап атасыз, эми кызматымды көрөөрдө
мен кетип калсам болбойт го? - деди
ойлуу Эмирлан.
- Сен ошо бойдон келбей коймок белең
балам, эки үйдүн ортосунда эркелеп жүрө
бер, атаңды да ая! - деди Акмат аны
жүйөөлүү сөз менен жооткотуп, - Жок
дегенде Айжаркын экөөң сыйын көрүп
келгиле?
- Макул ата, сиз капа болбосоңуз барып
келели, - Эмирлан араң зорго макул
болуп, аялын ээрчитип анын үйүнө жөнөдү.
Алар келгенде Төлөгөндүн кубанганын
айтпа, небересине эки жүз сом көрүндүк
берип анан үйгө киргизди. Көкүл да
аларды аябай жакшы тосуп алды. Бөлөк
өскөндүкү башкача болот эмеспи, Төлөгөн
канчалык эбедейи эзилип уулуна чери
жазыла сүйлөп атса да бир калыптан
жазбай отурду Эмирлан: "Атама караганда
чындап эле жеңил көрүнөт" деп
салыштырып да койду ичинен. Кой союп
коноктоп, тапкан ташыганын алдына коюп,
небересин алдына алып отуруп:
- Ийе айланайын десе, өзүңө эле окшошуп
калыптыр, кичинекейиңде дал ушундай
болчусуң, - деген Төлөгөн өзүнчө жетине
албай атты.
- Анан эмне мен чоңойгончо бир барып
көргөн жоксуң, эми кантип сизге боор
берем? Мени атам өз баласынан артык
көрөт, аны менен сизге караганда абдан
ынакмын, алигиче эркелей кетем.
Ойлосоңуз, тырмактай кезимде көтөрүп
бакса, мен аны таштап атам бар экен деп
баса берсем калыстык болбой калат го?
- Ээ балам, чынын айтсам апаңды абдан
сүйчүмүн, аны өтө кызгана берип менден
да кетти, эгер мен кызганып ура бербесем
кетмек эмес экен… - Төлөгөн ойлуу
күнөөсүн мойнуна ала отуруп калды, -
Сени мен ал атаңды ташта дебейм, бир
туугандарың турат, бирок бул жактагы
тууган-урукка аралашып көнбөсөң болбойт,
качанкыга дейре как баш Төлөгөн болуп
жүрө берем, аны да ойлон, балам? - деди
аргасы кете Төлөгөн.
- Сиз айткандай болсун, минтип эки анжы
болгон жаман экен да, өзүмчө жаман болчу
болдум.
- Бул тагдыр деген ошондой экен да
балам, башыңа конгон бакытты да көтөрө
билиш керек экен, көтөрө албасаң көтөрө
чабат тура.
Ата бала кобурашып отурушту. Көптөн
кийин Төлөгөн өзүнчө ойлонуп отурганда
Эмирлан:
- Сиздин канча бир тууганыңыз бар? - деп
сурап калды.
- Менин агам бар эле эки жыл мурун өлүп
калды, арабыз эки жаш болчу, ошол канча
айтты: "балаңды балдарга аралаштырып,
катыштырып койсоң боло, бул сен
качанкыга баласы жоктой болуп кара
башыңды калкалап өтөсүң" деп…
- Ал эмне болуп өлдү эле?
- Өзүнүн кан басымы өтө жогору болчу,
ичкенде үйдөн зорго дары-дармек менен
алып калчуубуз, талаада ичкен экен,
сырын билбей өлтүрүп алышыптыр…
- Аа-аа, денесинде эч кандай так же бирөө
өлтүргөндөй белги жок беле?
- Анысын кийин көрүштү, анан кыйнабайлы
деп тим койдук.
- Кимдер менен жүргөнүн же чогуу арак
ичкендерин билдиңерби?
- Жанында өзүнүн досу бар экен, аны камап
коюшуптур, кой деп чыгарып койдук.
Ошол бойдон экөө көпкө чейин үндөбөй
калышты. Айжаркын менен Көкүл
өздөрүнчө сүйлөшүп отурушту. Эмирлан бир
кезде атасын карап:
- Аны өлтүргөн адам эгер табылса,
соттотот белеңиз? - деди сынай карап.
- Ой кокуй күн оой, сен жөн эле
тергөөчүдөн өтөсүң го уулум, эми аны мен
өлтүргөм деп бирөө мага келмек беле же?
- А кокус мен өлтүргөн болсомчу?
- Эмне дейт ой?! - Төлөгөн Эмирланды
оңурая карап таңдана туруп калды да, -
Сен аны эмнеге өлтүрмөк элең? - деди.
- Тааныбасам, чогуу арак ичсем, уруша
кетсек, өлтүрсө өлтүрүп койгондурмун?
- Кой балам, кой башка сөздү
сүйлөшөлүчү, акем байкуш, жаны жаннатта
болгур, сени алып кел деп жүрүп өтүп
кетти.
Ошону менен сөз бүткөндөй мелтирей
отуруп калышты. Эртеси Көкүл экөөнө бир
сыйра кийим кийгизип, небересине козу
энчилеп берди. Кешикти көп көтөрүнүп
алып үйүнө келишти. Төлөгөн аларды
"бүгүн-эртең тургула, жок дегенде бир
жума туруп кет" дегенине Эмирлан
болбоду. Ал келгенде Акмат менен Элдос
дүкөндө Заринага жардам берип товар
ташып бергени кетишкен. Жазгүл алардын
келгенине сүйүнүп кетти:
- Ырас келбедиңерби, тиги начальнигиңер
ишке чыксын деп чакыртып ийиптир, Элдос
келсе жумушуңарга баргыла эми.
- Ооба, барбасак болбойт, атамдар азыр
келеби?
- Келет, суулар түгөнүп калыптыр, экөө
алып келебиз деп кетти, келип
калышаар…
- Баланы таштап базарга барып келип
калалы, сиз экөө менен кыйналбайсызбы?
- Эмнеге кыйналмак элем, Марлес болсо
чоңоюп калбадыбы, аны апам алып отура
берет, мен Кубанычты карайм,
жумушуңарды бүтүрүп келе бергиле! - деп
Жазгүл аларга жылмая мээримдүү карады.
"Кандай жакшы адамдар, эгер атам апамды
жакшы карап күтө билсе балким өлбөйт
беле? Акмат атамдын бактысы чоң киши
экен, ушундай жакшы аялдар жолуккан"
деп ойлоп алды Эмирлан. Экөө арыдан
бери базарга барып атасы берген он миң
сомду пулдап бир топ тамак-аш алышты да
жетип келишти. Эмирлан оюнда Аруукеге
өзү колунан чыгарып куран окутуп коюуну
ойлогон эле. Анысын айтпай эле баарысын
алып келди. Келсе Акмат менен Элдос
үйдө экен, дароо эле маршруткасын
жылдырып жөнөштү. Ал келгенче
Айжаркын тамак даярдап күтүп калышты.
Баары тегеректеп дасторконго отурганда
Эмирлан:
- Ата, апама бир куран окуп коёлу? - деди
Акматты карап.
- Мейли балам, куран окубай анан, - деди
Акмат куран окуп.
- Апамдын кадырын билбей өткөрдүм ата,
көрсө тайкы акылдык кылган окшойм, эми
ойлосом апам асылзаада аял тура…
- Ээ балам, тирүүдө баарыбыз аңды-дөңдү
карабай көпкөн учурлар болот, ошентсе да
анын арбагын сен, биз эстеп колдон келген
тамак-ашты атап турсак ошончолук сооп
болот, ошон үчүн, арбак ыраазы болбой
тирүү ыраазы болбойт дешет да.
- Сизге ыраазымын ата, Элдос экөөбүз
чарчадык, эртең эрте чыгабыз, жатып эс
алалы, - деди дасторконго бата
кылгандан кийин.
- Эс алгыла балдарым, эс алгыла, бул
заманда жашоо үчүн күрөшпөсө болбойт.
Жашоонун өзү күрөш, - Акматтын сөзүн угуп
анан өз бөлмөсүнө өттү. Акмат өзүнчө ойго
батып кетти. Тээ бир кезде Арууке: "ушул
үйдү Эмирланга берип, өзүбүз бөлөк үй
сатып алабыз, анткени сатып алганда эле
арнап койдум эле, сен капа болбойсуңбу? "
деген эле. Азыр ошол эсине түшүп: "кой,
биз үй сатып алып, буларга бошотуп
берели, апасынын аманаты" деп күрсүнүп
алды.
Ошондон жарым жыл өткөндө Акмат бир
үйдү көрүп абдан жактырды, дунгандардын
салган үйү экен, кийин алар бир оруска
сатыптыр, ал орус Россияга кеткени
жатыптыр, абдан арзан дагы экен. Жазгүл
экөө кеңешип көрүп ошону алмак болду.
Эмирлан менен Элдоско дагы жакты. Сатып
алышты дагы, актап-сырдап бир жумадан
кийин көчүп келип алды. Кетээринде
Акмат дасторкон үстүндө:
- Уулум, мен сага айта элекмин, апаң мага
бул үйдү Эмирланга бергин деди эле, эми
сен да үй бүлөлүүсүң, биздин кетип
атканыбызга капа болбо, биз келип сен
барып турасың, өзүң да туугандарыңдан
четтебей катышып тур, сен мени туура
түшүн, - деди.
- Түшүнөм ата, сизди кантип түшүнбөйүн,
мен сизге өмүр бою ыраазымын! - деди
Эмирлан атасын кучактай, - өз атам сиздей
адам болгондо башкача болмок, мен аны
сизчелик көрө албай жатпайымбы?
- Антпе балам, баягы жаш кезиңе
караганда өзүңчө киши болуп, ак караны
ажыратып эле калбадыңбы, көнүш керек,
"туугандын турпагы алтын" дейт, силер
бизди кетип калды деп таарынбагыла,
Зарина Кубанычты карашып келип турат.
Анан силер дагы кечикпей барып мынабу
күчүктү көрсөтүп тургула.
- Барбай анан, тез-тез эле барып турабыз,
- деп ата-бала экөө кучакташа Мерседеске
түшүп чогуу жаңы үйгө жөнөштү. Ошентип
эки бакыр бир тукур болуп бирин-бири
толуктап, бирине-бири жөлөк таяк болгон
ынтымактуу үй бүлө мамыры-жумуру болуп,
жашоонун кызыгын алдыдан күтө соода
деген караламан калктын тынчын алган
машакатка эт-бети менен киришип, акча
дегенди таап күнүмдүк оокаттарын өткөрө
беришти.
Гүлжигит менен Айдана иши жүрүшүп, бир
жылда эле жаңы маркадагы машина
алышты, баягы ата-энеси алып берген бир
бөлмөлүү үйдү заңгыраган үй сатып
алгандан кийин батирге берип коюшкан.
Нуржигит менен Кундуз эки балалуу
болушту, негедир алар үйүндө эле жашап
жүрүшөт, деле кыйналбады, Кундуз болсо
кийбегенди кийип, кайкалаган келин
болгон, ал негизи өзүнө эч кимди
теңебеген керсейиңки мүнөздө болчу
башынан. Эки бир тууган кээде эле
жамандык-жакшылыкта жолукпаса,
абысындардын тирешинен улам алыстай
башташкан. Экөө кыйын тирешет, анткени
Кундуз кийгенди Айдана кийбесе өлүп
калчудай абалда болуп, ошондойду кийип
анан жаны тынат. Ага-ини эптеп
балдарынын көңүлү үчүн аялдарын кыя
албай жашап келишет. Бир үйдө
ынтымакты бир гана адам сактап келген үй
бүлөлөр болот эмеспи, Камбар менен
Зымыраттын көзү өткөндөн кийин эки бир
тууган салкын мамиледе болуп калды.
- Ай Гүлжигит, тиги келиниң тим эле
керсейет ай, анткидей менин агам, же
ата-энем рэкеттик кылып же мафиянын
башчысы болуп арам акчага көпкөн жокмун,
тапсак адал мээнетибиз менен кийип ичип
атабыз, каадаланбай эле койсун да! -
деди бир күнү Айдана Гүлжигитке.
- Аны мага эмне айтасың, жүрсө жүрө
берсин, агасы экен берет, мафиябы,
балекетпи экөөбүзгө эмне зыяны тийип
атат, болбогонду айта бербей жөн жүрчү, -
Гүлжигит аны жактырбай мурду менен бир
тийди, - көрсө өзү көрөт, тартса өзү тартат
азабын, эмне кыласың?
- Кундуздун керсейгенине жиним келет ай,
тим эле кымбат-кымбат сепичкаларды
мойнуна илип алыптыр, колдорунда кош-
коштоп бриллиант шакек…
- Алардын деги эле башынан ата-
бабасынан калган казына бар үчүн, баарын
өлтүрүп кеткен да, алар негизи ак
сөөктөрдүн тукуму, "эркектен тукум калган
жок", деп апамдар айтышчу.
- Ак сөөк болсо эле эмине, улуу жеңем деп
кичине мени же сени сыйлап койбойбу?
- Мени сыйлайт эле, сен эле ушинте
бересиң.
- Ооба, сени сыйлайт, кана бүгүн барып
бир "акыбалыңарды билип учурашканы
келдим" деп жатып келчи, көрөйүн сени
сыйлаганын.
- Барса барам эле, сыйлабаганда эмне…
- Мен артыңдан барам, кантип сыйлаганын
көрүп ыраазы болоюн тим эле, ушу сени
чын эле сыйласа экинчи эчтеке дебейм!
Гүлжигит какылдаган аялына андан кийин
эч нерсе дебеди. Жөн гана: "чын, эки
көздүн карегиндей бир тууганбыз, бир
барып учурашып келейин" деп ойлоп
түштөн кийин жөнөп калды. Ал келгенде
Нуржигит эшикте улуу баласы менен
отурган экен. Агасын көрүп ордунан туруп
кол алыша учурашты. Гүлжигит үчтөгү
Элмирди көтөрө эркелетип ага атайы ала
келген оюнчугун карматып, бетинен өөп
атып:
- Кундуз кайда? - деди.
- Ал азыр келет, тиги үйгө кетти эле,
Зарина экөө, жыйып-кагып келгени.
- Ии, - деген Гүлжигит экөө сыртта аны-
муну сүйлөшүп отуруп ата-энесине куран
окутууну кеңешип турганда Кундуздар
келип калды. Ал кайнагасын көрүп
күлүп-жайнап учурашты да:
- Акемди үйгө кир дебей эмне эшикте
отурасыңар, кой мен тамак жасайын, үйгө
киргиле! - деп коюп колундагы бир жашар
баласын Нуржигитке карматып кирип
кетти. Гүлжигит кичинекей Апсаматты
алып өөп, эркелетип:
- Ананайын десе, чоң атасы сагынды го
ушуларды, - деп жетине албай турганда
Кундуз аларды үйгө чакырды. Бирок экөө
сүйлөшүп бир аз туруп калды. Ошондо
Айдана артынан келип эле:
- Аа-аа байкуш, көрдүңбү мен айтпадым
беле, сыйламак тургай иниң менен
келиниң үйгө кир деген эмес го? - деп
табалай басып келип калп эле балдарды
өөп анан, - кой кеттик! - деди
Гүлжигитке.
- Эмнеге, сен кызыксың го Айдана, Кундуз
укса эмне дейт, жөн тур, биз сүйлөшүп
туруп калдык, - Гүлжигит Айдананы басты.
- Ата-аа кудай ай,.. - деп келатканда
Нуржигит жеңесин таңдана карап:
- Жеңе, үйгө киргиле, Кундуз эмеле келип
үйгө киргиле дегенинен сүйлөшүп бүтө
элек болчубуз, - деп үйдү көздөй жол
баштады. Аңгыча Кундуз:
- Нуржигит, акемди үйгө киргизсең боло,
эшикте эмне туруп алдың? - деп үйдөн эле
үн салганда Айдана кыйпычыктай алардын
артынан кирди. Кундуз абысыны менен
учурашып, аларды төргө өткөрдү.
Дасторкон жайып, мөмө-чөмө баш болгон,
өрүк-мейизди төгүп салыптыр. Айдана:
"бул иштеп кыйналбай сопсонун жашап
жатат, биз болсо керээлден кечке
тикебизден тик туруп жанды кыйнап акча
табабыз, мен мындан Гүлжигитке
билгизбей акча сурап көрөйүн, берээр
бекен же бербес бекен?" деп дасторкон
четинде отуруп алып ойлоп койду. Кундуз
жан-алы калбай "алгыла, чай ичкиле" деп
сыйлап атканда Гүлжигит көз кыйыгын
аялына жиберип: "ийи, эми эмне дээр
экенсиң" дегендей корсоюп отурду.
Чынында Айдана Кундуздун иштебей-этпей
эле үйдө жатып алтындарды кош-коштоп
тагынганына ичи күйүп, же бир тууганды
уруштуруп, ал турсун Нуржигит менен
Кундуздун араларына да сууктук салып
уруштургусу келе берчү. Анын жаркылдай
өздөрүн сыйлап атканын көрүп, чай сунган
сайын колдорундагы бриллиант шакегинин
жалт-жулт эткенине ого бетер ичи күйүп
атты. Эки-үч сааттай отуруп тамак ичип
бүткөн соң Кундуз целлофан баштыкка
конфет печенье, өрүк мейизден салып
берип:
- Муну балдарга алып барып бергиле
жеңе, аларды деле ала келсеңер болмок
экен, жатып алып эле кетет элеңер, -
деди.
- Ой кокуй, алар жебей жүрүптүрбү
мындайды, чоңоюп калбадыбы, алар отуруп
турушат бир паска, - деген Айдана дароо
куйруңдап Кундузду ары жетеледи.
- Эмне болду, жеңе? - Кундуз аны элейе
карап кошо басты.
- Эчтеке, эркектерге айтсаң алар
түшүнүшпөйт, мен сенден бир зарыл нерсе
сурайын дегем.
- Мейли, сураңыз, бар болсо сизден аяп
эмне?
- Сен мага эки миң доллар берип тур,
иштетип алып анан берем! - деди.
- Жеңе, менде андай акча деле жок да,
өткөндө акем салып ийген акчага кайниңиз
экөөбүз кийинип, шакек тагынып алганбыз,
- деди Кундуз жеңесине.
- Койчу Кундуз, сенде бар, ишенбей атат
окшойсуң, - деди Айдана, - Сенде бар,
андан көрө бере тур, мен сөзсүз кайрып
берем.
- Оой жеңе, сизге ишенбей эмне! Бар, бирок
азыраак эле, үйгө мебель-себель алсакпы
дегенбиз, тиги кайнатамдар урунуп жүргөн
мебелдин баары эскирип калыптыр,
ошолорду жаңыртып алсакпы деп жүрдүк
эле.
- Жок дегенде миң бер!
- Мм, - Кундуз бир аз кысталгансып,
ойлоно түштү, - жеңе, мейли эми, миң
доллар берип турайын, анан керек
болгондо бересиз да, тамак-ашка деп
катып койгон элем өзүнчө, ошону берип
турайын.
- Берем, сөзсүз берем, - Айдана шыпылдап
келининин ичи койнуна кирип атып:
"адегенде колума тийгизчи, анан беремби
же бербеймби көрөбүз, бир туугандардын
ортосунда мындай нерсе болбосо болмок
беле?" деп кымылдап Кундуздун алып
чыккан миң долларын сумкага салып алды
да, коштошуп жөнөп кетти. Булар
сүйлөшүп атканда Гүлжигит менен
Нуржигит абысындардын ынак болуп
сырдашып атканына ичтеринен кымыйып:
"ушул экөө ынтымактуу болсо ата баладай
тез-тез катышып турмакпыз" , дешип сыртта
аларды күтүп турушту. Көптөн кийин гана
экөө шаңкылдап күлүп үйдөн чыгышты.
Демейдегиден башкача күлгөн Айдана
Кундузду колтуктап тим эле көңүлү
куунак. Гүлжигит: "бу желмогуз аны
көргүсү келбей эле атчы эле, кандай аны
колтуктап алган" деп ойлонуп алды.
Түнкү саат ондордо коштошкон бир
туугандар жолго чыгып бирин-серин
маршрутканы карап өздөрү кетчү жакка
каттаган маршрутканын токтоп калганын
билишти да такси менен келишти. Улуусу
он экиге чыгып калган. Келсе баары уктап
калышкан экен. Эшикти такылдатып атып
зорго ачтырып, жатып калышты. Айдана
Кундуздан алган акча жөнүндө күйөөсүнө
эч нерсе айтпады. Гүлжигит эмки базарда
ата-энесине куран окутаарын айтканда,
ал:
- Ийи, куран окутса барабыз да, колубуздан
келгенин көтөрүп алабыз.
- Ал эмне дегениң, союшту ортодон
чыгармак болдук, дасторконго боорсок, аны
муну коюш керек, баарын ортодон
чыгарабыз да?
- Эмнеге ортодон, союшун алар чыгара
берсин, калганын алсак болоор, ошол
деле оңбогондой акча болот да.
- Кызыксың Айдана, баарын эле аларга
жүктөй берсек болбойт, экөөбүздүн ата-
энебиз да?
- Зато алар ата-энеңдин бүт дүйнөсүн
алып калган, бизге бирдеме берди беле,
же энчи бөлүп бербесе, эптеп оокатыбызды
өткөрүп жатсак, балдар да чоңойуп
калды…
- Кудайга шүгүр эле таап атабыз го
Айдана, эчтеке таппасак бир жөн.
- Ошентсе да балдар үчүн бир нерсе кылыш
керек, же сенин ата-энең үй сатып берип
койду беле? Менин тырышканымдан ушул
даражага жетип үй-жайлуу болуп
отурабыз, менин атамдар сатып берген
үйдүн акысы да ушул балдар үчүн
жыйылып атат, андан көрө банкка барып
чогулган акчаны салалы да, ай сайын
кошуп туралы. Ушу кезде элдин кандай
өзгөрүлүп, экиге бөлүнө баштаганын көрүп
турбайсыңбы, ошон үчүн элден артта
калбай бир кадам алдыда болгонубуз
жакшы го?
- Өтө эле жанталашкандан эмне пайда, а
балдардын өз пешенесине жазганы бар.
- "Пешене, пешене" деп коюп отура берсең
ачкадан өлөсүң! Айт иниңе, бул жолу өзү
эле куран окутуп койсун, кийин биз өз
үйүбүзгө окутабыз.
- Түшүнбөгөн неме экенсиң, сен бүгүн
Кундуз менен эмнени сүйлөштүң?
- Эмнени деп коёт, ал эмне тигил
атаңдардан калган эски диван,
креслолорун алып чыгып коюп жаңы
алабыз дейт, ошону айтып мактанып атты,
агасы беш миң доллар салып ийиптир!
- Ой эски дебей эле аларды биз алып
келип алабыз андай болсо, ата-энемдин
кармаганын талаага таштабай.
- Эмне-е? - Айдана күйөөсүн көздөрүн
алайта жини келе карады, - Ой сенин эс
акылың жайындабы деги, алар "эски, жам-
ан" деп чыгарып койгон буюмду биз эмне
кылабыз ыя?
- Эч кандай ски-мески эмес, аларда ата-
энемдин отурган элеси, орду, жыты бар,
аларды мен өзүм алып келем да, мен өзүм
отурам! - Гүлжигиттин айтканынан
кайтпаган сырын билген Айдана бир азга
үндөбөй калды: "Каап, айтпай эле койбой,
чын эле аны алып келип алам десе эмне
дейм, Кундуз аны эшикке чыгарып коёбуз
деп айткан эмес эле, уят болом го эми" деп
ойлонуп ары карап жатып алды.
Гүлжигит аялына ишенип калган. Бирок ал
кээ-кээде көз кыскан эркектерге барып
деле койчу. Азыр ага бир бизнесмен ашыгып
жүрөт. Кундуздан алган акчага бир сыйра
кийинип алып анан ошону менен билгизбей
ойномок оюнда. Эртеси балдарга кийим-
кече алам деп толчокко кетти. Өзүнө
кымбат баалуу кийимдерди, сөйкө шакек
менен цепочканын төрт жүз долларлыгын
алып, анан Гүлжигитке жолугуп:
- Сен сооданы кыла бер, балдарды
мектепке жөнөтүп келейин, - деди эле ал
унчукпай макул деп кала берди.
Убакытты бекер өткөрбөй болжошкон жерге
келип бизнесменге жолугуп аны менен
ресторанга киришти.
- Келиңиз сулуу, сиздин ден-соолугуңуз
үчүн алып коёлу, - деди ал келинди
жылмая карап.
- Рахмат, бүгүнкү жолугушканыбыз үчүн! -
Айдана кичине ууртап рюмканы коюп койду.
Столдун үстүндө эмне гана жок, баары
турат. Экөө көпкө отурушту. Айдана ал
күнү эптеп Гүлжигитке эч нерсени
билгизбей кутулуш үчүн биерден эртерээк
кетип калууну ойлоп:
- Осмон, сиз мени туура түшүнүңүз, бүгүн
эртерээк барбасам күйөөм өлтүрөт, эртең
ушул учурда жолугалы, азыр мен кете
берсем, - деди тынчсыздана.
- Болуптур, мен сизди дал ушул жерден
күтөм, кечикпей келип калыңыз, - деди да
коштошуп бөлүнүп кетишти.
Бир аз ичип койгонго эки бети кызарып
чыккан Айдана шашып-бушуп жетип келди.
Аны көргөн Гүлжигит, жанында отургандар
таң калып калышты. Себеби Айдана аябай
жасанып эки колуна экиден кымбат баалуу
шакек тагынып, мойнундагы чынжырчасы эл
көзүнө дароо көрүндү.
- Ой сен кайда жүрдүң? - Гүлжигит аялын
негедир ичинен кызганып алды да, бир эсе
аялынын сулуулугуна суктанып: "менин
аялым ушундай сулуу жан" деп корсоюп
алды.
- Кайда жүрмөк элем, балдарды мектепке
алып бардым, тиги Аскардын мугалими
чогулушка ата-энеңердин бири келсин
дептир, ошого катышып келдим.
- Туура кылыпсың, анан сөзсүз эле алтын
тагынып барыш керек бекен, чогулушка?
- Ой кызыксың деги, көрсөң таң калат
элең, ал жердеги ата-энелердин кандай
кийинип барганын, анан калса Аскар
жалаң чоңдордун балдары менен окуйт
экен садага, - Айдана өзүнчө кубана
күбүрөнүп койду. Бирок мунун баары калп
болчу. Эптеп бир жооп айтып күйөөсүнөн
кутулуу эле.
Ошондон баштап Айдананын жүрүшү бир
башкача болуп баратты.
Гүлжигитти өзүнүн жумушунан атайы
чакыртышып, айлыгы көбөйгөнүн, иш билги
адис керектигин айтып, адилет
министрлигине келсе начальник күтүп
аткан экен.
- Ассалом алейкум, - Гүлжигит кирип кош
колун сунду.
- Алеки салам, бу сен кайда жүрөсүң ыя,
кайран билимди кор кылып базарда жүрөт
дегенинен чакырттым эле, так өзүңө
ылайык орун бар, эртеңден баштап иште, -
деди аны начальник. Анткени ал
өздөрүнүн туугандарынан болуп кетчү, бир
жагы өзү студент болуп жүргөндө Камбар
менен Зымыраттын далай даамын татып,
үйүндө жашап кеткен эле.
- Макул, иштесе иштейин, - Гүлжигит аны
карап жылмайып койду.
- Эй, сени Камбар акемин, жеңемдин
кадыры үчүн чакыртып алып ишке
орноштуруп атам, болбосо ушу кезде
дипломун көтөргөн далайлар келип атат,
берчүсүн конвертке салып, - деди
каткырып коюп Гүлжигитти карап, - Же
калп айтамбы ыя?
- Чын-чын, түшүнүп атам аке, эми мен
деле конверт сунганга жарайм, кантип
эле…
- Ой ата-ааң чычым десе, мен сени
чакыртып алып анан конверт алайын
дептирминби, өзгө өздөй мамиле кылууну
биле жүрүш керек, уктуңбу? - Ал эңкейе
шыбырап койду.
- Уктум аке, жок дегенде түштөнүп
келели.
- Оп баракелде, мына мунуң адамгерчилик,
сен жакшы адамдардын баласысың,
ошолордун арбагын сыйлап анан, минтип
сени кызматка алып атпайынбы?
- Рахмат аке, - Экөө ордунан туруп сыртка
чыгышты.
Гүлжигит кызматка чыгаарын айтканда
Айдана секирип кетти.
- Ой ошол кызматыңан дегеле жарыбайбыз,
андан көрө бул жерде жакшы эмес беле,
өзүм жалгыз кыйналам да, товар алып
келип, кайра киргизип...
- Сен жаныңа Кемелди кошуп ал, ал
окуудан кийин сени менен бирге болсун.
Азыр жакшы кызмат оңой менен табылбайт,
мен оңуту келип турганда барып иштей
берейин.
- Өзүң бил эми, иштегиң келсе иште, эптеп
иштей берем, - деп Айдана макул
болгонсуду.
Ошондон баштап Айдананын колу-жолу
бошогонсуп эле калды, күндө түшкө чейин
соода кылат да түштөн кийин уулу
Кемелди коюп коюп, бизнесмен жигити
менен кетет. Осмон өзүнүн ишканасы бар,
иши жүрүп жаткан абдан абройлуу неме
эле. Өзү элүүдөн өтүп калса да чымыр
денелүү, жарашыктуу көрүнгөн адам эле.
Гүлжигит негизи жоошураак, анан төшөк
жаатындагы мамилеси Айдананы
канааттандырчу эмес. Ал эми Осмондукун
аны менен салыштырууга мүмкүн эмес эле.
Келин-кыздар менен көп көңүл ачкангабы,
же өзү абдан дарамети күчтүүбү,
Айдананын жарпын жеткире жазгандан
улам, анын көңүлү абдан сергип,
баштакыдан да шайыр болуп чыга келди.
Осмон кыргыз баласы, ата-энени сыйлаган
уул болгондуктан, убагында көңүлүнө
жакпаган кызга үйлөнүп алган экен. Азыр
ал аялы оорукчан болуп төшөктөн турбай
калыптыр. Ал Айданага чын көңүлү менен
берилип: "күйөөңдөн ажыраш" дей
баштады. Ага ал анча көңүлсүнбөй ичтен
ойлонуп жүрө берди. Бир күнү Гүлжигит
экөө жаткандан кийин төшөктө ага Айдана
минтти:
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11