Окумуштуулардын көптөгөн изилдөөлөрүнө ылайык, COVID-19га каршы вакцина кош бойлуу аялдарда боюнан түшүп калуу коркунучуна таасирин тийгизбейт. Вакциналар тууралуу өз пикириңизди расмий ишенимдүү булактардын негизинде түзүүнү сунуштайбыз.
Бүгүнкү күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча көптөгөн аялдар кош бойлуу кезинде же эмчек эмизүү учурунда COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшкөн жана кош бойлуу аялдар жана алардын ымыркайлары үчүн эмдөөнүн коопсуздугу боюнча эч кандай кооптонуулар аныкталган эмес. Чынында, кош бойлуу кезде эмдөө балаңызды коргоого жардам берет; бул эмчек эмизүү учурундагы эмдөөгө да тиешелүү.
Маалымат үчүн: КР ССМ 15.11.2021-ж. №1541 буйругуна ылайык кош бойлуу аялдар 22-жумадан тарта төмөнкү факторлорду эске алуу менен эмдөөдөн өтө алышат: дене салмагынын индекси жогору болгон 35 жаштан ашкан аялдар; коштолгон оорулар - кант диабети, гипертония ж.б.
ЭМДӨӨДӨН ӨТҮҢҮЗДӨР!
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө
#вакцина2022
#ковид
#ковиджаңытолкуну
#новаяволнаковид
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев