Сизге бир гана өбүшүү керек.
Окумуштуулардын айтымында, узак жана берилүү менен өбүшүү иммунитетти чыңдап, мээдеги кан айланууну жакшыртып, көңүлдү көтөрөт.
💏 ӨБҮШҮҮНҮН ПАЙДАСЫ
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 1981-жылы жүргүзгөн изилдөөлөрү боюнча, өбүшүүнүн зыянынан пайдасы көп.
💜 Стресстен арылтат. Өбүшүү учурунда кортизол жана окситоцин гормондору иштелип чыгат. Бул гормондор стрессти басаңдатып, маанайды көтөрөт. Америкалык окумуштуулар күнүгө өбүшкөн адамдар башкалардан орто эсеп менен 5 жыл узак өмүр сүрөрүн жана дээрлик оорубай тургандыгын далилдешкен.
💚 Арыктатат. Берилүү менен 1 мүнөт өбүшүү 500 метр аралыкка чуркоо менен барабар. Бул учурда зат алмашуу эки эсе жакшы иштейт. Андыктан эгер арыктагыңар келсе көп, семиргиңер келсе аз өбүшүү керектигин унутпагыла.
💛 Картаюунун алдын алат. Өбүшүү – жаак үчүн чыныгы гимнастика. Терең өбүшүү учурунда жаактагы 39 булчуң иштеп, кан айланууну жакшыртат. Демек, жүзүңүзгө бырыш кеч түшүп, картаюунун алдын алат.
💙 Ооруну сездирбейт. Шилекейдин курамындагы эндорфин гормону табигый антибиотик, анестетик болуп саналгандыктан баш жана тиш ооруну басаңдатат.
💖 Өпкөнүн иштешин жакшыртат. Өбүшүү учурунда жана андан кийин өпкөнүн иштеши жакшырат. Башкача айтканда, мүнөтүнө 60 жолу дем аласыз. Мындай көнүгүү өпкө ооруларынын алдын алат.
🤎 Инфаркт жана инсульттун алдын алат. Өбүшүү учурунда жүрөк мүнөтүнө 110 жолу согуп, кан айлануу системи жакшырат.
🧡 Кариеске жана пародонтозго каршы. Чикаголук окумуштуулар кариестин жана пародонтоздун алдын алуу үчүн тамактанган соң дароо өбүшүүнү сунушташат. Алардын айтымында, бул учурда шилекейдин курамында фосфор жана кальций көп болот.
Сексуалдык делебени күчөтөт. Шилекейдин курамында андростерон гормону болгондуктан сексуалдык делебени күчөтөт.
🤍 Иммунитетти чыңдайт. Өбүшкөн учурда организмден нейропептид заты көп бөлүнүп чыгат. Ал эми бул зат активдешкен учурда вирус жана айрым ооруну пайда кылуучу бактерияларды өлтүрөт. Анын натыйжасында иммундук систем чыңдалат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 58