Баласы күндө эртең менен жумушка кетип кечинде келет экен. Келин эки баласы менен тиричилик менен убара. Карыган эне төрдө , төшөктө.
Баласы жумуштан келип апа кандайсыз ,апам тамак жедиби, апамды карадынарбы деп коёт экен күндө. Аялы ооба десе ,сурачы апамдан дейт экен күйөөсү.
Митаам келин кайнененин кулагына : Эне осмо коёсузбу ,- десе. Кайненеси: жоок ,жоок балам дейт экен.
Эртеси күнү эринин көзүнчө дагы: Эне хна коёсузбу десе,жоок,жоок балам дейт экен.
Түк эле апамдын тамак жегенин көрбөймүн , өзүм бир сурайынчы деп баласы : Апа тамак жейсизби деп сураса, кана эми болсо жейт элем ачкамын дептир.
Оозунуздагы эмне десе , качандыр бир кезде өрүктүн чагылбаган данегин салган экен, ошону оозунан чыгарып берсе ,баласы чагып көрсө ,кемпирдин оозунда данек өнүп кеткен экен.
Ушундай келиндер эртең эле өзүңөр да карыйсынар!!!
Биздин эле айылда тааныш эже айтат, Ташбү сиңдим ,менин ашказаным ооруйт ,тамакты ылгап жеймин, кээ бир тамактарды жей албаймын. Камырын калың кылып манты же оромо кылат келиним же мен жей албаган тамак жасайт. Нан чай менен олтурам. Башка казан асайын десем алым жок, карыганда кармап жүргөн казанымды аса албай ,жумшак тамак жей албай, кара казанды карап жалдырап отурам,- дейт.
Ээй ушундай келиндер ,кайненең да жаш болгон сендей болуп баарын сиңирген, сен да кайненендей карыйсың , жегениңди сиңире албай каласың , кайненеңдин көксөгөн тамагын жасап берип кой. Бата дубасын ал!
Эмне дегим келет:
Колунда карыган ата энеси бар ЭРКЕК балдар , ата эне карыганда-- жаш баладай болуп оозунда тиш калбай ,жумшак оокат жеп калат ,тамагын өзүңөр контроль кылгыла ,карап отуруп жедиргиле, сурап тургула өзүңөр!
Ата эне карыганда--жаш баладай болуп төгүп чачып жеп калат, урушпагыла!
Ата эне карыганда-- жаш баладай болуп тез таарынчак болуп калат, таарынтпагыла, көңүлүн көтөрүп тургула!
Ата эне карыганда-- уйкусу качат , көңүл бургула !
Ата эне карыганда-- заарасы токтобой же ичи ката турган болуп калат, сурап тургула!
Ата эне карыганда-- бирөөнү көрүп , сүйлөшкүсү келет ,убактынарды бөлүп , тууган уругуна ,кыздарыныкына зыярат кылдырып тургула !
Ата эне карыганда --түнү менен үшүп чыгат, жылуу баккыла!
Ата эне карыганда-- териси катып калат ,тез тез жуунтуп тургула !
АТА ЭНЕ КАРЫГАНДА-- МЕН ДА БИР КҮН УШУНДАЙ БОЛУП КАРЫЙМЫН деп карылыкка кам көргүлө.
#тарбия
Кудайым ар бирибизге бакубат,бактылуу карылык насип кылсын.
Ташбү Жамиловна .
NB: Бата алып өнгүлө, өскүлө, көп жашагыла !
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 15