4-бөлүм
Толгонай апанын көңүлү чыдабады,эртеси туруп чай ичти да таягын кармап,акырын басып баягы келиндин үйүнө жөнөдү.Дарбазысы ачык экен,абайлап караса ит да жоктой көрүндү:
---Ырыыыс,ай Ырыыыс,-деп дарбазасын каккылады.
--Келиңиз,апа, келиңиз,-деп баягы кошуна келин Ырыс чыкты.Маанайы суз,калп эле өзүн күлмүш эттирип атканын кыраакы апа сезип турду.--Тынччылык эмескооо,-деди ичинде.Үйгө киришти,балдар бир бурчта олтурушат.Чоң кызы ордунан тура калып келип учурашты,калгандары бир нерседен корккондой бурчтан жылбайт.
---Ой,ботом,келип учурашпайсыңарбы,-деди Толгонай апа.Балдардын абалын да дароо байкады,коркуп,сестенип калышкан.Чөнтөгүнө сала барган шириндиктерди көргөндө кичинекей төрт жашардай баласы акырын басып келди,а калган экөө акыл-эсине кирип калгандыктан ордуларынан жылбай ,эми эле ыйлаган көздөрүн аарчып олтурушту.
---Садага болуп кетейин жөжөлөрүм,ме мону жегиле,-деп колдоруна карматып,бешенелеринен өөп койду.Балдардын жалтаңдап коркуп,үргүлөп турганын көрүп бир чети боору ооруп,бир чети алардын атасына жини келип жатты.
---Үйдөбү?-деп сурады.Ырыс дароо эле билди:
--Ооба, үйдө жатат.Түнү менен балдарга да, мага да уйку берсечи.Бир кирпик
кактырбады,деги балдарда эмне күнөө.Байкуштарым,кор-
кок,жалтанчаак болуп да калышты.Не кылышты билбейм,кетип эле калайын десем,ушунча бала менен кимдин үйүнө батам.Же элчилеп ата-энем болсочу,мага жан тартаар,-деп бышаңдап ыйламыш болду Ырыс.Экөө Таштан жаткан үйгө киришти,эшик ачылганда :
--Дагы кимиңер,менин уйкумду бузуп,-деп кыйкырды да,аялы менен кошо кирип келген Толгонай апанын караанын көргөндө соолуга түшкөндөй ордунан ыргып турду Таштан.
--Ой, келиңиз,Толгонай апа.
--Келдим,балам ,келдим.
Кечиресиң,уйкуңду бузуп койгонума.Бул убакта"Аталуулар алты тоюп,энелүүлөр эки тоюп"калган болсо керек.Сенин атаң да,энең да жок эмеспи,сага ким тамак бермек эле,укта балам,укта.Тиги эшикте бөжөктөй болуп элеңдеп коркуп турган балдардын атасы бар бекен?Алты тоймок тургай уйкуга тойгон түрү көрүнбөйт,-деп Толгонай апа Таштандын төмөн жагында турган отургучка олтуруп сүйлөп жатты.Муну күтпөгөн Таштан соолуга түштү:
--Толгонай апа,мен...
--Ооба,сен эмне кылып жүргөндүгүң жөнүндө кабарым бар."Ата -энем өлсө өлсүн,аларды көргөн өлбөсүн"деген сөз бар.Ата-энеңди көрүп,билип,бирге даам сызышып,бирге жашап калган адаммын.Раматылык айылда элдин алды,мыкты адамдар эле.Какшап,зарлап жүрүп сени табышкан.Жаның таштай бек болсун деп тилеп, атыңды да Таштан коюшкан.Бар дареметин сага жумшмашты,эч нерседен өксүк кылышпады.Жашооң үчүн бардык шарттарды түзүп юберишти, аттиң!Жакшы адамдардын өмүрү кыска болот турбайбы,бейиши болгурлар!Сенден үмүттөрү аябай чоң эле.Кантейли,биз айткандай болсо аларды ажалга ыраа көрбөйт элекго!
--Толгонай апа,мен сиздин сөздөрдү түшүндүм.Бирок...
--Эмне бирок,эмне буту колуң шалбы?Эмне ушундай жаркыраган жарың,алтынга алмашкыс балдарың көзүңө көрүнбөй турабы?Эмне жакшы атанын уулу экениңди унуттуңбу?Айтчы,эмне арманың бар,мен да угайын.Же сени ушундай татынакай жубайың тоготпой жатабы?Деги эле ичиңдегини айтчы балам,мени өз апаңдай көр.Сени менен сырдашканы келдим бүгүн,кана сүйлөчү балам,-деп Толгонай апа Таштандын жанына басып келип баш жагына олтурду да жаш баланы эркелеткендей башынан сылап өөп койду.Баятан бери апанын сөздөрү жүрөгүнө октой сайылып жаткан Таштан Толгонай апанын алдында жаш баладай шороктоп ыйлап жатты:
---Апа,айланайын Толгонай апа,менин жүрөгүмдү канаттыңыз.Мен билбейм, өзүм да билбейм бул жолго эмнеге түшүп алганымды.Балким ата-энем тирүү болгондо жашоом такыр башка болмок,бирок сиздин келгениңизге,мага айткан сөздөрүңүзгө ийидим апа.Болду,сизге сөз берем.Экинчи ушул "жинди сууга"алдансам атымды башка коём.
---Ырыс,мени кечир.Айланайын балдарым,силер да кечиргиле.Акмак атаңар силерге канча азап берди,мени кечиргиле,-деп бир Ырыска,бир бурчта өзүнөн коркуп турган балдарына карады.
--Кана балдарым,келгиле,
атаңар силерге эми катуу сүйлөбөйт,силерге эми татынакай кийимдерди,момпосуйларды алып келет,келгиле,-деди Толгонай апа балдарды карап.Алар кетенчиктеп, көздөрү жалдырайт.
--Көрдүңбү балам,өз балдарыңа да жат болоюн деп калыпсың.Бул кандай жашоо болсун.Карачы,тун кызың да бой жетип калыптыр,буйруса кайната болгону да аз калыптыр.Эсиңе кел,балам.Мени жаман көрбө,сага жакшылык эле каалап келдим.
--Толгонай апа,сизге ыраазымын,сизге өмүр бою ыраазымын.Мейлиби сизди эми апа деп чакырсам?
---Оо,садагаң кетейин,-деп көзүнө жаш алды Толгонай апа --Апа дей бер балам,билесиң менин да өз балам жок,силердей баланы жаратканым мага ыраа көрбөдү,-деп көз жашын жең учу менен аарчып ,жанында олтурган Таштанды бооруна кысты.
Ошентип,дагы бир үйдө кереметтүү Толгонай апанын таасири менен жаңы жашоо башталды.Ошондон баштап Таштан ичпей,балдары менен барып Толгонай апанын оокат ашына жардамдашып жүрдү.
"Карысы бардын -ырысы бар"деген сөз төгүн жеринен айтылбаган тура.Толгонай апа да Таштандын үйүнө бат-баттан барып,ошол күнү ал үйдө майрам сыяктуу балдары күлүп -жайнап,баягыдай бөжүрөп коркуусу жоголду.
Арадан бир топ мезгил өттү . Адаттагыдай Толгонай апа жер төшөгүн алып жолго чыгып бараткан.Бир убакта эшигинин алдына машина келип токтоду.Ичинен Таштан менен дагы бир чоочун киши түштү.
--Кандайсыз апа,жакшы отурасызбы?-экөө жарыша апа менен учурашты.
---Келгиле,жол болсун,балдарым.
--Сизди үйгө алып кетейин деп келе калдым, үйгө коноктор келип калган экен.Жүрүңүз апа,-деди Таштан.
--Деги жакшылык элеби?
--Жакшылык эле,апа,жакшылык эле.Толгонай апа колундагы жер төшөгүн көтөрүп кайра үйгө алып кирди да,эшигин кулпулап машинага олтурду.
--Убара болупсуңар,балдарды жөнөтсөң жөө эле өтө коймокмун,-деди машинага олтуруп жатып.
--Убарасы жок, апа,- деди Таштандын көңүлү ачылып.Үйдө чоочун дагы эки аял бар экен ,ордуларынан тура калып апа менен учурашып ,төрдөн орун беришти.Ал -акыбал сурашышты,дасторкон тим эле толтура.Жакшы жаңылык барго деп болжолдоду көрөгөч апа.Ал аңгыча:
---Апа,биз бир жумуштар менен келип калдык.Ырыс досумдун жакшы кызы бар деп угуп,кыз сурап келдик.Балдар да таанышып калган экен.Ырыс экөөбүз мектепте бирге окуганбыз, экөөбүз эки жакка турмушка кетип каттообуз азыраак болуп калды эле.Туз насип этип кудаа болуп калсак,бат-баттан катташып турабыз досум экөөбүз,ээ досум,-деп бир Толгонай апаны,бир Ырысты карап күлүп койду олтурган Ырыс теңдүү аял.
--Ооба апа,мен быяктын жолдошу болом.Атым Малик.Жакшы ниет менен келдик,балабыз шаарда банк кызматында иштейт.Айылга келип,бешене -тагдыр экен аяшымдын кызы менен таанышып калыптыр.Негизи биздин да тилегибиз айылдын ыймандуу эле кыздарынан келин кылсак дечү элек.Тилегибиз орундалып,балам да жаңылбай кыз тааптыр-деп сөз баштады куда болумуш киши.
---Аябай сонун жаңылык турбайбы,тойлор болгонго не жетсин.Карачы ,Асел кызымдын бой жетип калганын,кечээ эле кипкичине кыз эле.Өмүр деген куштай сызып өтүп баратканканын карачы.
---Ооба десеңиз апа,ошон үчүн сизден кеңеш сурайлы дегенбиз,-деди Таштан.
--Ой,ботом,менден кеңеш сураганда эмне мени турмушка бермек белеңер,-деп тамашага салып сүйлөдү Толгонай апа ---Бала менен кыз таанышса,бири-бирине жакса болдуда,ошол той.
---Ооба,апа,Асел да тааныйм дегендей кылды.Тиги Таштандын досу Бекмураттын кызынын тойунда таанышышкан экен.
---Болду,эки жаш өздөрү чечип койгон турбайбы тойду,-деп Толгонай апа дагы тамашага салды.
--Апа,анда мобуреки себетти ачып берсеңиз,анан бизге жакшылап ак батаңызды бериңиз.Биз да көңүлүбүз ток кайтып,балабызга сүйүнүчтүү жаңылык менен баралы.Толгонай апа себетти ачты,толтура нан,боорсок,шириндиктер,суусундуктар экен.Апа бир нанды сындырып ооз тийди.Анан түйүнгө түйүлгөн сарпайлар бар экен,кудагый боло турчу аял ордунан туруп кийгизе баштады.Себетти ачканда өзүнчө бир түйүндү Толгонай апанын алдына койду.Себет ачуу ырымы бүттү,бул демек эки тараптын бири-бирине макулдугу деген белги.
Толгонай апа алакан жая:
--Оомиийин,кадамыңар куттуу болсун.Жакшы тилек-максатыңарды жаратканым өзү кабыл кылсын,эки жаштын түбөлүгү түз,келечеги кең болсун.Очор-бачар болуп өздөрү менен өздөрү көбөйсүн, Оомийин,-дегенде баары --Оомиийин,-дешип бата кылышты.Ошентип,той күнүн дагы кошумча белгилешмекчи болуп меймандарды узатышты.
Баягы Таштан такыр өзгөргөн, өзүнчө эле кудуңдап кубанганы билинип турат.
--Апа,сизге рахмат.Мени өз учурунда токтотуп ,оң жолго салып койгонуңуз үчүн Аллахым сизден ыраазы болсун.Менден кайтпаса,сизге кудайдан кайтсын ,-деп Толгонай апанын колунан өөп.
---Садагаң болоюн сенден,мени уккан сага да рахмат балам.Жакшы ата-эненин баласы экениңди далилдедиңда,-деп Толгонай апа да башын сылап койду.Ошентип ,той да өттү.Аселге Ырыс ишенди,себеби тиричиликке башы бышып калган кыз эле.Ооба,айтканындай жакшы келин болду.
Жашоо өз нугу менен өтүп жатты.Толгонай апанын бүгүн негедир маанайы суз, жүрөгү бир нерсени сезгендей оолугат.-Бул эмнеси,ботом,-деп койду өзүнчө.Адатынча эрте туруп,намазын окуп,көпкө чейин дуба кылып,жалпы элге,айыл -апага ак бата тилеп дуба калды.Чайын ичип,эшик алдын бир аз карамыш болду.Жерге төгүлгөн алмаларды бир чакага терди.Жолдон ары -бери
өткөн балдарга беремго деп аны да жууп койду.
Чакасын көтөрүп,тапкан шириндигинен бир аз чөнтөгүнө салып, көнгөн жерине барып отурду.
Айыл башында топураган элге көзү түштү.--Ботом, жүрөгүм неге оолугат,тынччылык эле болсунчу,-деп өзүн сооротуп коёт.Аңгыча жанындагы кошунасы үйдөн чыга калып,Толгонай апа жакка басты.
--Жакшы жатып турдунузбу,Толгонай апа?
--Жакшы,балам,рахмат.Өзүңөр да тынч -аман отурасыңарбы? Көрүнбөй калдыңар?
---Ээ,Толгонай апа,тигил айылдын башындагы Алибек аксакалдын эки небересин бейтааныш бирөөлөр өлтүрүп кетишиптир,түндө үйүнө уурулукка кирип.Үйдө улуулардан эч ким жок экен,кичикий эки небересин кошунасына дайындап алысыраакта кудасы өтүп ошол жакка кетишкен экен.
--Ой,шумдугуң кургурлар ааай.Балдарга тийбей эле ала турган нерсесин алып кете беришпейби,жашабагыр акмактар.Айтам,негедир жүрөгүм өзүнчө эле кыжалат болуп,отура албай калдым эле.Ай,шумдугуң кургур ай,ай жашабагырлар ай,-деп эле Толгонай апа тыбырчылап отура албай калды.
--Алибектер келиштиби анан?
--Жок,кудалары тиги Таластан болот эмеспи.Алыс жол,бүгүн келип калышмак экен.
--Ай кудай,ай.Адамдар эмне болуп баратат,кандай ушул кичинекей балдарга кол салышты,кантип дити барды!Кандай мыкаачы болуп баратышат ,ай жоругуң кургур,- деп безеленип айланат Толгонай апа.
--Сизге ошол үчүн келгем,азыр балдар сизди алып кетишет.Ошол жерде Асилбек аксакал келгенче баш -көз болуп туруңуз.
--Ии,макул барам.Кантип барбай коёюн,машинеңди жөнөт балам.
--Макул,даярданып туруңуз.
Толгонай апа жолго алып чыккан чакадагы алмасын кайра көтөрүп үйгө алып кирди.Тез эле машина келди.Асилбек аксакалдын баласы чоң кызматта иштөөчү эле.Таластан үйлөнгөн,табышы жакшы .Алыскы сапарга ,анын үстүнө батага бараткандыктан эки небересин таштап,колундагы эң кичинесин алып кетишкен.Кошунасына "көз салып тур"деп дайындаган эле.Айыл жери тынч болгондуктан,кошуналар бири-бирине ишенчү эле да."Үйгө эле кирип жаткыла"деген кошунанын сөзүнө "телевизор көрүп үйдө эле жатабыз"деп макул болбой коюшкан .Түнкү уйку баары бир түнкү уйкуда,кошуналар да катуу уктап кетишкенин байкап келгенго уурулар да.Анын үстүнө үйдө улуулардын жогун билишсе керек,демек жат эмес,айыл ичинен эле бирөө бар деп божомолдоп жатышты келген эл.
Асилбек аксакалдын башка дагы бир уулу шаарда иштөөчү,кызы да алысыраак жерге турмушка чыккан.Чабарман жөнөтүп аларды алдырышты,айыл элинен айланса болот,алар келгенче баарын даярдап турушту.Алыскы жолдо бир аз кечирээк келишти, үйдөгү элди,шаардан келген балдарын ,кыздарын көргөндө эле машинадан түшпөй жатып бир жамандык болгонун сезишти.
--Ой эмне болду тынччылыкпы?-деп эле колундагы баласын машинага таштай коюп балдардын арасы ыргып түштү.Боз үйдө жаткан эки бирдей баланы көргөндө өзүн жоготуп койду.Бети башына суу чачып жатып араң өзүнө келтиришти.
Калгандары да ызы-чууга түшүп,ошондогу тополоңду сөз менен айтуу кыйын болду.
(Уландысы бар)
Голоева Санавархан Айтбаевна.
Ноокен району.
Комментарии 7