6-бөлүм.
-Сууну керебеттин үстүнө таштады да, күзгүгө каранып турган кызды көздөй басты. Кыз күзгүдөн аркасында турган пагончон мырзаны көрдү. Ушул көрүнүш кызга эмнегедир жакты. Кең далылуу, келбеттүү, күчтүү мырза. Анын аркасында турат. Кыз дайыма ушундай күчтүү ийинге баш жөлөгүсү келчү. Ушул каалоосу кыздын алсыздыгы болду. Экөө бири-бирин ушул күзгүдөн карашты. Көздөрү күзгүдөн бири-бирине чагылыша түштү. Эмнегедир экөө тең ала качып жатты көздөрүн. Жакыповдо дагы башкача сезимдер орун алып жатты. Бул жолу аңчылык иши адаттагыдай эмес, өзгөчө болуп жатканына өзү дагы таң калып турду. Адатта ал кирген бөлмөсүнө мынчалык кармалчу эмес. Кирип өзүнүн ишин бүтүрчү да, акчасын төлөп чыгып кетчү. Жакыповду Айзада өзүнүн сулуулугу, өтүмдүүлүгү, жугумдуулугу менен арбап алды. Прокурор сырттан киргенде эле кыздын карагаттай көздөрүнө суктана карап койгон. Ал кызга дагы да жакын келди да, акырын белинен имере кармап өзүнө тартты. Кыз да каршылык көрсөткөн жок. Кыздын жек көрүүсү бир заматта жылуу сезимдерге айланды. Бир аз мурун эле сууга уу кошуп өлтүрүүнү максат кылган кыз өзүн башкара албай калды. Кыз да кишини көздөй ыктады, денелердин жакындаганы, андагы ысык илеп бат эле бири-бирине чоочун адамдарды жакындаштырып салды. Кыздын дагы колдору прокурордун моюнуна оролду. Кишинин ысык эриндери кыздын моюнунан аймалап баштады. Өзүн ар дайым күчтүү сезип, эч кимдин колун денесине тийгизбей жүргөн кыз өзүнүн ушунчалык алсыз экенин билген дагы эмес. Ысык эриндердин илеби эле кызды энтиктирип, шайын кетирип койду. Кең далылуу бойлуу неме кызды жаш баладай таптак алаканына көтөрүп керебетти көздөй басты. Кызды жаткырып үстүн жаап коюп сырткы күрмөсүн кийип чыгып кетти.
– Ой, биз бул бөлмөнү карап коёлу деп эле...- саксактап эшикти сагаалап турган Ася менен Гуля чочуп кетишти.
– Ася, оң кулак-сол кулагыңар менен уккула. Айзаданын үстүнө эч ким кирбесин. Жакшылап кайтаргыла, ага менден бөлөк жан киши тийбеши керек. Азыр эс алсын тынчын албагыла. Эгер бир нерсе болсо экөөң керт башыңар менен жооп бересиңер. Мен 2-3 күндөн кийин келем,- деп Асянын колуна акча карматып чыгып кетти.
Экөө аңгырап таң калгандарын жашыра албай Жакыповду узата карап кала беришти. Жакыповдун унаасы от алып жүрүп кеткенден кийин гана эстерине келишти.
– Эй, Гуля, тиги фифочкаң мунун башын айландырып салган го. Мен муну мындай абалда көргөн эмесмин. Эмне болгонун тигинден кирип билбейлиби...
– Ася, эмне эле болуп жатасың. Ушунча жылдан бери канча киши менен иштешип келе жатасың. Ушул чөйрөгө бүгүн эле келген кишидей таңданбачы. Жакыпов азыр кыздын тынчын албагыла дебедиби. Эмнеси болсо дагы акчабызды алдык да. Андан көрө ачкычты берчи бирөө жарым үстүнө кирип кетпесин, сыртын жаап коёюн. Баары ал айткандай болбосо эртең биздин иштин күлүн көккө сапырып коюш анын бир эле сөзү менен болот.
– Ооба, туура айтасың, мындай киши менен ойнобош керек,- Гуляга ачкычты сунуп сыртка чыгып чылымын түтөтүп ойлонуп отуруп калды Ася.
xxx
Жакыпов үйүнө келди. Аялы аны тамагын даярдап жаркылдап күтүп алды.
– Жаным, иш көп, катуу чарчап турам. Тамакка табитим жок. Мага кофе эле даярдап бөлмөмө алып чыгып берчи,- деп жогорку кабатка көтөрүлүп кетти.
Аялы үн-сөз дебей аркасынан кофе даярдап барып берди. Жаны жай таба албай турду. Өзүнө дагы түшүнүксүз болуп турган абалына кофеден жардам болбоду. Түн бир оокумга чейин кагаз караган киши өңдөнүп бул бөлмөдө өзүнүн ойлору менен алек болуп жатты. Кыздын кымча бели, жылуу илеби колунда калгандай туюм болуп жатты. Бир учурда аялы жанына келди.
– Түн болду, уктап эс алчы. Иш-иш деп эле жүрөсүң, эс алганга дагы убактың болуш керек да.
Аялы бир нерседен күмөн санабасын деп аны ээрчий басып керебетке жатты. Аялын жакшы жат деп маңдайынан өөп койгону болбосо, ага башка караган жок. Уйкуга кеткен адамдай түр көрсөттү. Ичиндеги уйгу-туйгу сезими ага уйку бетин көрсөткөн жок. Ушул тапта ал кызды Ася менен Гулянын колунан чыгарып кетүү тууралуу ойлонуп жатты.
Адам дегениң сезимге бир күндө, керек болсо бир көз ирмемде аркандалат турбайбы. Канчалаган кишилерди жөжүрөтүп койгон сүрдүү Жакыпов түнү менен бир кызды ойлоп каларын өзү дагы ойлобосо керек. Кыздарды оюнчугундай көрүп эле басып кете берчү эмес беле. Түнкү ойлору анын сезимдерин дагы да бышыктап, таң эрте бүгүн кечте Айзадагы барарын айтып Асяга чалды.
– Жакыпов келет экен,- Гуляга карады.
– Эмне! Аның 2-3 күндө келмек эмес беле.
– Кайдан билейин, келем деди.
– Жактырып калгандан сообу деги аның.
– Гуля, сөздү көбөйтпөй Айзаданы чакыр эртерээк. Даярданып турсун деди.
Бул учурда Айзада дагы Жакыповду ойлоо менен алек эле. Анын кең далысына дагы да башын жөлөгүсү келип жатты. Бирок кайра ал оюна каршы чыгат. “Мен эмне болуп жатам, ал менин жек көргөн адамым, биринчи душманым эмес беле. Бир кучактап, бир өпсө эле алданып калбашым керек” деп ойлонот. Ушул тапта телефонуна чалуу келди.
– Айзада, тезинен ишке келип кал, сүйүктүү Жакыповуң бүгүн сен үчүн кайра келмей болуптур.
– Хм, демек, бүгүн да келет,- деп жактырбагандай үн катты. Бирок ичи дүркүрөп, өзүнчө толкунданып кетти.
– Ооба, кечикпей кел,- деп Гуля телефонду өчүрүп койду.
Айзада кеч курун сүйгөнүнө жолукканы бара жаткан жаш кыздай толкунданып, жүрөгү элеп-желеп болуп жаңы ишине бара жатты. Ал ичиндеги сезимдерин канчалык тыйып коёюн десе дагы мүмкүн болбоду.
xxx
Каалганын турумун жасап жаткан Шамэл балканын урулган үнүнөн кишинин басып келе жаткан дабышын сезбей калды.
– Ыя, Шамэл, эмне эле кылып жатасың? Биз жакка келгис болдуң го.
– Ассалом алейкум, ага, келиңиз. Үйдүн эки жагын иреттеп эле кол бошобой жатат. Жакшы турасызбы?
– Жакшы, өгүнү тамакка чакырдым эле, келбедиң. Өзүм ээрчитип келейин деп келдим. Алдагы эшикти жасап бүтүр, аңгыча мен отуруп турам. Айылды көздөй чогуу басалы,- деди Алтынбек.
– Ал күнү кечке жумуш жасаганга чарчап калыптырмын, айылга түшө албай калдым. Кабарлап койгонго менде телефон дагы жок болуп жатпайбы.
Шамэл ишин бүткөн соң Алтынбек жеңеси менен байкесине багыштап куран окуду. Анан экөө ээрчише басып айылды көздөй жөнөштү.
Өткөнкүдөй эле конок үйдө Алтынбек менен Шамэл гана отурду. Шамэл агасынын кеп улагысы келип жатканын дароо эле түшүндү. Маңдайындагы чоң сыналгыда жаңылыктар болуп жаткан. Бир кезде сыналгынын үнүн чыгарып тынч отуруп угуп калышты. Андан “Бишкектен Бүркүт жана Лёха каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун жетекчилери жана аларды жандап жүргөн 12 жигит кармалды. Экөө тең буга чейин 2 ирет соттолуп чыккан. Аларды кармоо үчүн атайын операция уюштурулуп, штабы курчоого алынган. Кылмыштуу топтун жетекчилери бир жыл мурун үй камагына чыгарылган болчу” деген маалымат берилди. Алардан өч алууну ойлонуп жүргөн Шамэлдин өз колу менен өч алгандай ичи жеңилдей түштү.
– Буларың деле жыргал күндү көрбөптүр. 15 жыл аралыгы 2 жолу соттолуп чыкканга жетишиптир. Тиги көрсөтүп жатканы сен айткан штаб беле.
– Ооба, дал ошол үй, мен бардагы штаб деле ушул жерде жайгашкан болчу.
– Мындай жолду тандагандарды 2 эле жай күтөт. Бири өлүп о дүйнөгө кетмей, бири түрмө болсо түрмө. Андан башка жолу жок. Баары убактылуу нерсе. Арам акчаң бир күнү болбосо бир күнү бир жериңди тешип чыгат да.
– Туура айтасыз, убагында мен деле оңой акчага азгырылам деп ушуну көрбөдүмбү,- ыңгайсыздана түштү Шамэл.
– Бирок, Шамэл, ойлоп көрсөм, сен буларга кошулганың эле болбосо убайын деле көрбөпсүң да, убайды эле Бүркүт менен Лёха көрчү экен.
– Чынын айтсам, мен деле ошолордун шартына көнүп кошулуп алган өзүмө таң калам. Жаныбызды карч уруп тоногон бизбиз, акчаны алган алар. Ошонун бизге эмне кереги бар эле дейм да. Чыксам эле ушулардан өч алам деп жүрчүмүн. Бирок акыркы жылдары колумду булгабай эле коёюнчу деген ой пайда болду. Чыккандан бери ошолордун жүзүн бир көрсөм дечүмүн. Ошолорго алданып калганым үчүн ичим өрттөнүп кетчү.
– Жашоодо эч бир адам жазасыз калбайт. Жараткан кимдин кандай жамандык жасаганын жакшы билет. Биз пендечилик кылып адамдардан өч алып, алардын кылганынын жообун тез эле берүүгө ашыгабыз. Бирок биз өзүбүзгө чоң зыян табат экенбиз. Мындай нерсени Жаратканга тапшырыш керек, Шамике. Сен эми мындай нерселерди ойлонуу менен убакыт өткөрбө.
xxx
Айзада бөлмөгө кирип кийимдерин алмаштырды. Убакытты өткөрбөй өткөнкүдөй эле сууга даярдап койгон уусун дагы кошуп, капкактарын бекем жаап ордуна коюп койду. Сууну карап бир саамга турду да, күзгүнүн маңдайына келди. Аңгыча сыртта “келди-келди” деп күбүр-шыбыр түшүп жаткан үн Айзадага даана угулду. Күзгүнү караган абалында өзүнүн дене мүчөсүнө суктанып турду. Каалга ачылып Жакыпов кирип келди. Айзаданын денесин майда калтырак басты. Өзүн ичинен канча башкарса дагы калтырагы басылбады. Жүзүн буруп Жакыповду караган жок. Жакыпов аны көздөй басып келип чачтарынан жыттап, белинен кучактады. Эриндер тез эле табышты. Экөө акырындык менен керебетти көздөй жылып баратты. Ал аңгыча Жакыповдун телефонуна чалуу келди.
– Алло, эмне болуп кетти, жанды койбой чалып? Ким каза болду?- деген сөзү кызга даана угулду. Кызды акырын коё берип, телефон менен сүйлөшүп терезени көздөй басты. Телефонун өчүрүп шаша-буша кийинип, кызды саамайынан сүйүп чыгып кетти. Ал чыгып кетери менен эле бөлмөгө Ася кирип келди.
– Эмнеге бул дагы кетип калды? Сен буга эмне кылып жатасың? Сен бизге акча алып келесиңби же күндө эле ушул көрүнүш кайталана береби?
– Ася эже, мен эч нерсе кылган жокмун. Мунуңуз өзү эле кетип калып жатат го.
– Сен ага жакпаган бир нерсе кылып жатасың да. Ошон үчүн кетип калып жатат. Болбосо жанында сендей кыз жатса кандай эркек кызды таштап кетип калсын?
– Ой, мен ага каршы эч нерсе кылбай элемин.
– Анда эмнеге кетти азыр?
– Ой, эмне анча тескейсиз мени, бирөө телефон чалды. Каза болду деп сүйлөшүп чыгып кетти. Менин бул жерде эч кандай күнөөм жок.
– Мага да сүйлөбөй кетти. Сени башкаларга сата беребизби, же али ага керексиңби ага да жооп берген жок.
– Мен кеттим, албетте, башкаларга сатпайсыз, муну өзүм дагы чече алам,- кыз кийинип бүтүп сыртты көздөй жөнөдү.
– Сатпаганды көрсөтөм сага,- Ася артынан сүйлөнүп кала берди. Кыз үйүнө жетип эле интернеттен Жакыповдун сүрөттөрүн издей баштады. Улам бирин ачып жакындатып карап отурду. Кыздын ичинде жек көрүү жана жактыруу сезимдеринин кармашы жүрүп жатты.
xxx
Дайыр менен Алтынай уулун оюн зоок борборунан таппай калышты. Алтынай менен Дайыр ары-бери чуркап ар бир бурчту, ажатканадан бери карап чыгышты. Эч жакта көрүнбөйт. Алтынай ыйлап отуруп берди. Борбордун күзөт бөлүмүн көздөй чуркады Дайыр. Эч ким иш ордунда жок болуп чыкты. Атасына телефон чалды. Ал арада Алтынай да ата-энесине телефон чалды. Баары бир заматта оюн зоок борборуна жетип келишти. Бир заматта имараттын жетекчилиги көтөрүлүп дуу түшүп калды. Камералардын баарын карап чыгышты. Бир жигит көтөрүп чыгып бара жатканы даана түшүптүр. Жигит медициналык бет кап жана көз айнек тагынып алгандыктан анча таанылбай калыптыр.
xxx
– Экөөнү үйдө тынч жаткан жеринен козгоп, Дайыр, сен эмнеге келдиң да, эмнеге буларды ээрчитип кеттиң? Ушул сенин шумпайларыңдын эле колунан келди,- кайнатасы ары-бери кыйма-чийме басып сүйлөнүп жатты. Дайырдын апасы чыйпылыктап Алтынайдын жанында жүрөт. Эмне кыларын билбей калышты. Дайыр кимден шек санаарын билбейт, эч кимди болжой албай жатты. Көз байланып калган маалда Дайырдын атасынын телефонуна СМС келди. “Неберең биздин колдо, саат 00:00гө чейин 10 миң доллар даярдап, биз айткан дарекке кел. Ага чейин небереңдин бир тал чачына залал келтирбейбиз. Андан кийин эмне кылабыз, өзүбүз билебиз”. Дароо телефон чалды эле, өчүрүлгөн болуп чыкты. Айдоочусу шып этип жанына пайда болду.
– Эмне болду, дайын барбы?
– Менден акча алгысы келгендер экен,- телефонун сунду айдоочусуна.
– Эмне кылалы, жөнөйлүбү?
– Азыр менде даяр 10 миң доллар бар беле? Табыш керек.
– Жумабеков, Жакыповдон сурап көрүңүз да, 2 эле саатыбыз бар экен,- деди айдоочу. Кылгылыктын баарын кылган ушул айдоочусу экенин эч ким байкаган жок.
– Ата, Алан үчүн үйдү, машинаны койсок деле акча табалы. Дайырдын чый-пыйы чыгып жатты. Алтынайдын шишиген көздөрү менен бир нерсе кылыңыз дегендей жалдырап кайнатасын карады.
– Табам, эч сарсанаа болбогула,- деп айдоочусун ээрчитип чыгып кетти.
– Ал ким экенин билдиби же жөн эле акча бергени жатабы,- Алтынайдын атасы үн катты. – Ким болсо ал болсун, бизге айырмасы кайсы, уулум аман-эсен колума тийсе болду, жанынан чыкпай калайын,- Алтынай атасына башын жөлөдү.
– Силердин бул жакта бала ойнотуп жатканыңарды ким билчү эле?
– Эч ким, Дайыр, мен атам деп кайнатасын айтты.
– Тиги шумпай Дайыр атасынан акча алыш үчүн ушинткен жокпу?
– Койчу, ата, Дайыр өз уулуна андай кылбайт.
– Эми акча эмнени гана кылдырбайт.
– Жок, ата, андай дебеңиз. Дайыр экөөбүз чогуу жүрдүк. Телефон менен да сүйлөшкөн жок. Болгону кайнатам менен эле сүйлөшкөн.
– Атам менен сүйлөшүп жатам деп сени алдап койду да.
– Жок, ал сүйлөшкөндөн кийин атамдын айдоочусу бизди атамдын кеңсесине алып кеткен.
– Кайсы, жанагы азыр жанында жүргөнбү?
– Ооба, ооба, бизди атамдын кеңсесинен оюн-зоок борборуна ошол алып келген.
– Ошондой дечи. Шыпылдаган неме экен, ушундан кеткен жокпу?
– Ал антпесе керек эле. Канча жылдан бери атам менен иштешип келе жатат го,- деди Алтынай.
– Кызым, бул заманда эч кимге ишенип болбойт. Жакшы адам сыяктанып адамга жакындайт да, сокку урат. Куданын акчасын жанында жүрүп ушул билет да. Аланды кандай жакшы көрөрүн билди да, ушинтип акча өндүрүш керек деди. Биз аны мындай кылабыз,- Дайырга жөнөдү...
Уландысы бар.
Булак супер инфо.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5