Бул окуя 1994-жылдары болгон. Берекелүү алтын күздүн ар бир күнү той-аш менен коштолот эмеспи. Тээ алыскы чакан айыл тойлорго маарып, эки күндүн биринде улак тартыш, конок багуу түйшүгү да башталды. Айылдын тоо таянган жагынан эки-үч көчөнү жаштарга жер участогуна бөлүп бергенде Союз тарай элек болчу. Ал мезгилде жер участогун алуу да тозоктун иши эле. Жер алуу үчүн колхоз-совхоздун чарбасына, тамекисине иштеп, коюн багыш керек жок дегенде эки жыл. Жалаң жаштардан куралган бул 3 көчөнүн жашоочуларынын жаштары да ар түрдүү куракта. Жаштардын иши жаштар да, айылды шаңга бөлөгөн эң шаңдуу көчө ушул үч көчө. Эң жашы бир, эки балалуу болсо, улуулары беш, алтыдан балалуу болуп, балдары кол арага жарап калган. Айтор бири-бири менен эриш-аркак кошуналар ынтымакта күн кечирип келишет. Ошол күндөрү ошол көчөдөгү оокатына тың Калмурат уул той, үй той өткөрө турган болуп, колу-коңшусун чайга (муну масилетке дешчү) чакырды. Жакыныраак жашаган 20га жакын кошунаны конок багып берүү үчүн даярдангыла деди. Кошуналар макулдук менен конок камын көрүшүп, тыным жок. Көчөдө колонкада суу да жок, эшек менен сайдан суу ташымай. Ар бир үй ээси короо-жайын көчөгө чейин зымылдатып тазалап, нан жаап, боорсок, каттама деги койчу куда тоскондой даядык башталды. Ал мезгилде сабизден салат жасап коё коюу деген да жок эле. Кошуналардын арасында билинбеген атаандашуу башталып, уят болуп калбайлы деген Эрмек да аялы экөө даярдана башташты. Өп-чап тиргилиги болсо да бир жолку намыска тике турууга бел байлашты. Кроваттын алдына балдарына жедире койбой кышкыга деп бекиткендерин алып чыгып "конокко" деп коюшту. Ун да тартыш мезгил эле. Аш үйдүн бурчунда кышка деп сактаган 6,7 кап буудайынын экөөсүн алып барып бирөөнү нанга, бирөөсүн жайганга ылайыктап "санки ун" деп тарттырып келишти. Эртели-кеч суук да түшүп, печкага от жагылып, конок отуруучу бөлмөгө Жаңылдын себине келген жапжаңы жер төшөктөр салынып, каробкага каткан жаңы идиш-аякка бар тапканын коюшкан. Той болот дегенден баштап топтогон камкаймагы, сары майга бышкан каттама, чаватилар, чакчыгайлар, боорсоктор, сүткө жуурулган этектей чоң батыр нандардын жыты бур деп мурун өрдөйт. Айылда иш жок, айлык алган жумуш жок балдардын гана бир жылда бир тийүүчү пособиясына эптеп жашаган чакан үй-бүлөлөр көп эле. Эрмек да ошол өп-чап жашагандардын арасында. Колунда 2-3 уй, он чакты жандыгы бар. Бала-чакасын ошолор менен багып келет. Азыр да конокко, дасторконго деп бир козусун сатып таттууларын алып келген. Келинчеги Жаңыл колу-колуна тийбей конок тосуу камында. Аялдар үйдө даярдык көрсө, эркектери той өткөргөн үйдүн жеңилин жерден, оорун колдон алып ошол жерде. Мал союлуп, эт бышып, чучук каптап дегендей жумуштарына жардам берип жүрүшөт. Той күнү улак башталды, айылда балдарын көчөгө чыгарбай сак-сактап отурушат. Жалаң жаш колу-коңшулар бири-бириникине улам чуркап кирип, "дасторконду кандай жасадың, кандай тамак беребиз"- дешип бири-биринен сурап даярданышат. Кыскасы конкурска даярдангандай даярдык башталды. Эрмектин аялы балдары менен жаркөпкөгө, суюк ашына, ашка, мантыга даярдыгын көрүп конокту гана күтүп отурат. Балдарын кичине бөлмөсүнө отургузуп, "киши келгенде шоктонбогула ээ"- деп, таптаза кийиндип койду.
Кеч күздүн суугу айыл арасына боз түшүрүп ичиркентет. Конок күтүү түйшүгү ар бир үйдө. Эрмек той өтчү жерде көпчүлүк менен кызматта. Тойго келгендерди улам ар бир үйгө конокко бөлүп, ошол жерде турган кошуналарга конокторду кармата жөнөтүп жатышты. Түн кирип калса да тойго келчүлөрдүн аягы тыйыла элек. Алыскы жуук, тууган урук, уяттуу дос-жар, жакынкы туугандар болуп 30 дай үйгө конок берилди. Эрмек үй-бүлөсү менен эки-үч күндөн бери конок камын көрүп, бар тапканын сарптап, үйүндөгүлөр уктабай күтүп отурганын элестетип, той ээсине келди.
- Каке, мага бере турган коногумду берсең, алып кетейин эртерээк.
Калмурат жалт карап туруп калды да колундагы дептерин карап:-
-Сага бериле элекпи? Тизмеге жазышбаптыр го сени? - деди
-Кантип? Тизмени сен жазасың да! Карачы бар бекен?
-Азыр караймын. Жок экенсиң го? Э мейли сен бара бер үйүңө. Конокту балдардан жөнөтөм. Суукка калбай бара бер.
-Макул- деген
Эрмек маанайы түшө үйүнө жөнөй берди. Жолдон дагы бир кошуна досу жолугуп калды.
-Эрмек, эмне болду? Коногуң кана?
-Тизмеде жок экенмин, эми келген конокту балдардан жөнөтөм дейт деди.
Досу:-
-Оңбогон эле Калмурат да! Тизмеде кантип жок болот элең? Тизмени өзү жазган го кечээ. Тизменин эмне кереги бар негизи? Ирегелеш, эшиктеш сени унутуп калуу мүмкүн эмес да. Канча кошуна бар экени тизмесиз эле белгилүү да. Куйсупур неме, бир балээни баштаган турат окшойт.
-Ким билет? Бара бер деди, бара берем да - деп Эрмек үйүнө кетти.
Жакын жайгашкан кошуналардын короолору бака-шака, ар бир үйдө самоор кайнап, эт бышып конок күтүү түйшүгү менен алек. Жаңыл менен Эрмек уктаган балдарын жылуулап жаап, конок кирчү бөлмөсүн муздап калбасын деп улам от жагып, коноктун келишин күтүп отурушат. Күтүү менен аппак таң атты. Конок келген жок. Ушунча түйшүк менен жасалган камылганын чекеси оюлбай турат. Балдарын кымтылап жапкан Жамал күйөөсүнүн кабак кашын карады. Мүнөзү кырс неме эле көпчүлүктө, тойдо катардан калтырып кемсинтип койгон кошунасына катуу бир нерсе деп койбогой эле, той тынч өтсө экен деген ойду ойлоду. Ал эми Эрмек унчукпай сыртта мал-жанын жайгаштырып жүрөт. Ал кечээ кечке казандан башы чыкпай күйпөлөктөгөн келинчегин, татына кыздарын, балдарын аяп турган. Тыпылдаган кыздары "конок" багабыз деп жаны тынбай, улам эшигине суу сээп шыпырышып, пол сүртүп катуу даярданышкан эле. Колу-коңшунун кыздарынын алдында кыздарынын жер карап калганы, мостоюп турушу көзүнө элестеп үшкүрүнүп алды. Жоргосунун жалын тараган болуп турган менен, мына ушул уйгу-туйгу ойлор мээсине уюп, муштумдары аргасыз түйүлүп жатты. Уюн саап жаткан Жаңыл канчалык билдирбейин десе да, тамагын бууган ачуу ызалык, көзүнө кетип такалат. Ал Эрмектин да абалын сезип, ойго батып турду. "Катардан калгыча, татардан кал - деген сөз бар, оңбогон Калмурат! Кудай алакчылабасын, кемсинттиң бизди. Сага да кудай бардыр. Көпчүлүктө мостойттуң бизди, тең санабадың. Бизден эмне жамандык көрдүң эле? Аккан суу менен чыккан чөптөн башкага зыяныбыз деле жок эле. Эл катары конок багып бер деген өзүң элең". Уюн саап бүтүп бурулса Эрмектин кабагы ачылбай бир башкача болуп туруптур. Коркуп кетти. Өзүн жыйнай, акылын топтоп жанына келди да:
-Ой, түнөрбөчү! Конок бербей койду деп да капа болосуңбу? Бербесе бербей калсын. Кудай кемсинтпесин бизди.
-Жамал, ойлосоң! Ал акмак мени эле эмес, силерди да кемсинтти. Кыздарым эртең кичирип, досторунун алдында мостоюп калат.
-Аны түшүндүм дечи. Калмурат ырыскы бермек беле бизге. Өз ырыскыбыз өзүбүздө. Кемсинтип коногун да берген жок, ал оңбогур. Сен малыңды жайгаштыра бер. Мен басып барып келейин тойканага. Эмне болду экен? Балким чындап эле киши жоктур конок боло тургандар?
-Мейли барсаң бар. Бирок конок бер деп жалдыраба.
-Макул.
Жамал тойканага баратса Калмурат аялы жана дагы бир, эки киши менен конок тоскон үйлөрдөн конокторунан кабар алып жүрүшүптүр. Жамалды көргөндө кайпактап, тик карай албай алдыга бат-баттан басып кетип калды. Ал эми аялы жанындагыларга бир нерселерди айткан болуп каткырыгы таш жара, көрмөксөн боло өтүп кетти. Жамал тойканага барууга негиз жок экенин сезди да, артына бурулду. "Эрмекке эмне деп айтам. Ал да колу-коңшунун арасында сынып калды. Көзүндөн көрүп атпаймынбы? Эми эмне болот? Ачуусу чукул неме менен Калмурат менен тартышып кетпесе экен! " - деген ой менен үйүнө жетти. Эрмек Жамалдын келгенин көрүп, сезди тойканага жетпей келгенин. Келбеген конок үчүн Калмурат менен тартыша турган даражадагы акмак эмес. Ал жоош момун болгону менен, адамгерчилиги Калмуратка караганда жүз эсе жогору адам. Келинчегин аяп кетти, үч күндөн берки мээнетин, таттуу ой үмүтүн Калмураттын ушул кемсинтүүсү менен жерге житирип баратканын көрдү. Жамалдын, балдарынын күнөөсүз жүздөрүнө кубаныч тартуулагысы келди. Үйдөгү бышкан даамдарын, дасторкон толо таттууларын ооз тийе Жамалга күлө карап, жасалган дасторконду мактап, анын көңүлүн көтөрө кайрылды.
-Жамал, жанагы токту кой бар го кысыр калган, ошону соёлу. Туура айтасың, биздин ырыскы Калмуратка эле такалып калды беле? Өз ырыскыбызды өзүбүз жейбиз. Кудайга шүгүр тууган-урук бар, кайын журтуңду чакырабыз. Ансыз деле үйгө киргени чай бере элекпиз жарытылуу. Капа болбо, тойду азыр биз баштайбыз. Туулган күн өткөрөбүз.
Жамал чочуй карап:
-Опей, кимдин туулган күнү?
- Сенин туулган күнүң? Үч күндөн кийин, сенин туулган күнүң да. А биз эки күн мурда белгилейбиз.
Жамалдын көздөрү жайнап кетти. Эрмек атын минип, чоң көчөдөгү атасынын үйүнө келди да бардыгын чайга чакырды. Эрмектин туугандары, апасы-атасы келин-кесеги, бала-чакасы менен Эрмектин короосун толтура ырдап, чоорлоп, кой союшуп, балдар ойноп, келиндер казан асып, өпкө куюп, быжы жасап, айтор кадимки той ушул жерде болду. Бир мезгилде Калмурат аялы менен чоң чарага аш, эт, себет көтөрүп "той ашы"- деп көтөрүп келди. Сыртта турган Эрмек ага карап-
-Конок сеники эмес. Бул менин туугандарым. Адашып келип алдың. Андан көрө башка коногуңа бер - деп короого киргизбей койду. Калмурат бир нерсе демек болгондо Эрмек унчукпа деп колун кычырата кармады.
Ал эми Жамал Калмураттын аялына -
- Күйөөңдү тез алып кет, экөөнүн ортосунда бир балекет башталып кете электе. Коногуңду бакпай туруп, аш-көшүңдү алмак белек?
- Опей, тойдун кешигинен ооз тийгиле, атайын алып келдик.
- Рахмат, конокко деп даярданган дасторконубуздун чети оюла элек. Андан көрө башка коногуңду узатып ал, биз ыраазыбыз.
Элден жашырып болбойт да, Калмураттын бул жоругу айылга бат эле билинди. Бир канчасы Калмуратты уяткарды. Бапылдаган Ороз аксакал "Ай Калмурат, ушул оор заманда жаш балалуу немелерди чыгым кылдырып, дасторкон жасатып алгандан кийин, эмнеге конок бербедиң я? Же түйшүккө салбай койбойсуңбу? Жакшы атанын уулу да сендей болобу? Атаң Мамыт түзүк эле киши, ушу сени адам кыла албаптыр! Угуп жаш балалуу Эрмекке ичибиз ачышты. Уят эмеспи бул кылганың. Бир кап ун бир койдун акчасы болуп атканда, бул жоругуң уят! " - деп отурган жерде айта берчү болду. Жамал да бир нече жолу бет келгенде айтып алды. Той да болду, тойдун эртеси да болду. Конок багуу менен кимдин ким экени да билинди. Жараткан берээрин унутпасын, Калмураттын кемсинтүүсү менен эле Эрмектин жашоосу токтоп калган жок. Уулу улан, кызы жубан болуп короосу небереге толуп, бактылуу күндөрдү өткөрүп келишет. Жамал экөө калганда айылдагы жашоону кеп кылышып, Калмураттын жоругуна туталанып кетишет. Чынында ал мезгилде булар деле жаш отузга чыга элек курактары болчу. Өз теңдүү кошуналардын арасынан теңсинбей койгону билген адамга өтө эле осол иш эле. Акылдуулук менен балдарын, жубайын бул ызалыктан алып чыгып кеткен Эрмек, ошондогу күндү кантип унутсун. Той дегенде эле ушул жорукту эстешет. Өткөндө айылга барса Калмурат акылман болуп алыптыр. Тим эле сооптон, текебердиктен кеп козгоп атат. Эрмек чекеде карап, угуп тура берди. Бир нерсе дейин деди. Бирок "бул көңдөйгө кайран жан, кайран сөз" - деп бурула басып кетти. "Азыр мына ушуга окшогон шылуундардын заманы эмеспи. Ай Калмурат, жаны жок, далайдын мээсин айланттың го" - деди да машинасын айдай, тээ илгерки күндү дагы бир эстеп алды.
Күзгү күн, ошондо да дал ушундай болуп турган. Ошондо да ноябрь айы эле. Тойлор эле боло берсин.
Маматова Кундузбү.
Куку
Ноябрь. 2021-жыл.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9