Бул кыска омурду сый менен откор.Бугунку адам эртен топурак.Бир уйдо канча жан болсон,бири-бирине коноксун.Сыйлашсан тируундо сыйлаш,олгондон кийин ыйлаганда не...?
Тируу адамда мумкунчулук коп болот.Андыктан жытта,суй, кучакта,аярла,бооруна кыс...!Ар мунотунду жакындарына арна.Бул дуйнодо эч ким туболуктуу эмес.Алла убакыт берди.Таарыныч,иренжуу,наздануу - булар эч убакта бутпойт...эгер сен бутурбосон.
Ар жолукканында "бир куну жоготуп алам го" деп кучагына кыс.Коштошкондо да "башка корушпой калсамчы" деген ой менен коштош!Сезиминди,ал сага канчалык кымбат экенин билдир.
Убакыттын да,адамдардын да кадырына жете бил.Жаман коргон адамына олгончо очошуп жургудой ал шайтан эмес.Же сен,же ал биринчи кетет.Ошондо окунуп калбай тургандай бол.
Жакын адамдарынды баалай бил.Ал бугун бар болуусу мумкун, эртен бар болуусу мумкун.Кийинки куну бар болобу жокпу,белгисиз... Кийин ал сенден алыстап кетсе,санынды чаап калба.
Жакындарынды сагындынбы,бар дагы кабар ал.Изде,сагынып кеттим деп айт..."Ата,апа...сиздерди жакшы кором!" - деп кундо смс жаз.Сезиминди убагында айтып уйрон,кийин кеч болуп калбасын учун.
Акча,атак-данк,мансап, байлык,сулуулук,машине, кымбат сотка, кымбат кийим...булар негизгиси эмес.Эн негизгиси - ата-энеге,бир туугандарга,перзенттерге,башка дагы жашоодогу жакын адамдарына деген сезим...
Сезим - бул жакшы коруу,сагынуу,издоо,жактырган адамына кабатырлануу ж.б. ушинтип кете берет.Сезимсиз омур - текке кеткен омур.
Бул жашоодо акчабыз коп болгончо жыгылганда жолой турган,ооруганда куйо турган,ыйлаганда соорото турган,кайгырганда жанында тура турган,кыйналганда комоктошо турган жан куйор жакшыларыбыз коп болсун!
Адамдарга эмне берсен,алар сага эки эсе кылып кайтарат.Дилиндеги озумчулдукту тый!
"Жазса озу жазсын,издесе озу издесин!Мени эч ким издебейт,мен неге аны издешим керек?!" - дейсин,билем...
Сенин бир ооз жылуу созун анын бутундой жашоосун озгортуп жиберуусу ыктымал.Барды баалай билели,бул омур камчынын сабындай кыска.Ушул создорду окуп жаткан сени мен аябай жакшы кором!
Урматым менен #Кайыр Жазы.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 20